Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-августу № 295
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөрдүн чектүү штаттык саны белгиленсин:
1) 210 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппаратынын;
2) 3333 бирдик санында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкармасына караштуу ведомстволук бөлүмдөр (республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу) | Президенттин Архиви |
Жогорку кызмат орду | |||
Ж-Б | Борбордун жетекчиси Кызматтын жетекчиси |
|
|
Башкы кызмат орду | |||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы | Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы | Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
».
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-пункттун 2-пунктчасында:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте бекитсин:»;
– экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
– төртүнчү – жетинчи абзацтарда «жобонун долбоорун», «жоболордун долбоорлорун» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «жобону», «жоболорду» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 9-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 63 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 209 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 311 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 329 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгынын 2-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 139 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы № 193 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 299 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пункту.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |