Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары – Иш башкармасы) түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Иш башкармасы өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ишин камсыз кылууну жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш);
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасы);
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары);
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары – Президенттин Администрациясы);
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын (мындан ары – Жогорку Кеңештин Аппараты).
3. Иш башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Иш башкармасы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана башка финансылык мекемелердеги эсептерине (анын ичинде алыш-бериш), ага бекитилип берилген мүлккө, өзүнүн аталышы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен мөөргө жана штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
5. Иш башкармасынын штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу (мындан ары – иш башкаруучу) тарабынан бекитилет.
7. Иш башкармасынын түрдүү уюштуруу-укуктук формаларындагы ведомстволук уюмдары (мындан ары – ведомстволук уюмдар) бар.
8. Иш башкармасы өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында «Өкмөттүк булут» – G-Cloud мамлекеттик платформасынын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин чечими боюнча башка санариптик технологиялык системалардын жана реестрлердин ээси болуп саналат.
9. Иш башкармасы эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын почта администрациясы, Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясы катары чыгат.
10. Иш башкармасынын толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы;
2) расмий тилде: Управление делами Президента Кыргызской Республики.
11. Иш башкармасынын кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: КРПИБ;
2) расмий тилде: УДПКР.
12. Юридикалык дареги: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 301.
2-глава. Иш башкармасынын негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
13. Иш башкармасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричиликтик, санаториялык-курорттук жана медициналык камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричиликтик жана медициналык камсыз кылуу;
3) Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды, ошондой эле Президенттин Администрациясы тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу;
5) Иш башкармасына ишин камсыз кылуу жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан пайдаланылуучу мамлекеттик административдик имараттарды, объекттерди, жайларды жана жабдууларды эксплуатациялык-техникалык тейлөө, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттарды, объекттерди жана жайларды, жабдууларды талаптагыдай абалда күтүү;
6) Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик административдик имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттардын, объекттердин жана жайлардын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
7) мамлекеттик компьютердик тармакты программалык жана техникалык камсыздоо, ошондой эле анын киберкоопсуздугун камсыз кылуу;
8) Иш башкармасы материалдык-техникалык камсыздоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын, анын ичинде ведомстволук уюмдардын мамлекеттик административдик имараттарын, социалдык-тиричиликтик багыттагы объекттерин, ден соолукту чыңдоо мекемелерин жана башка объекттерин курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өз ишин жүзөгө ашырып жаткан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын (алардын өкүлчүлүктөрүнүн) талаптагыдай иштеши үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан маселелердин комплексин чечүү жана чараларды көрүү;
10) чет өлкөлөрдө жайгашкан жана өз ишин жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин тейлөө жана алардын ишин камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан жана иш жүргүзгөн дипломатиялык кызмат органдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын (алардын өкүлчүлүктөрүнүн) ишин камсыз кылуу менен байланышкан милдеттерди Иш башкармасы тиешелүү ведомстволук уюм аркылуу ишке ашырат;
11) төмөнкүдөй чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу:
– санариптештирүү жана санариптик башкаруу чөйрөсүндө, санариптик кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык санариптик кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системалары, санариптик технологияларга тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телеберүү (мындан ары – байланыш), архив иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен улуттук коопсуздук органдарынын, ички иштер органдарынын, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун жана башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча функциялардан тышкары, спутниктик технологиялар, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар;
– калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо;
– автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн персонификациялоо, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу уюмдарынын (автомектептин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин даярдоо жана цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди, ошондой эле автотранспорт каражаттарына ысымдык номердик белгилерди сатуу;
– мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө;
12) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, юридикалык жактардын жана санариптик чөйрөнүн башка субъекттеринин ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо;
13) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптик инновацияларды киргизүү, маалыматтык технологияларды, санариптештирүүнү, архив ишин, байланыш тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү;
14) мамлекеттик башкаруунун санариптик трансформациясын, чечимдерди кабыл алууда пайдалануу үчүн санариптик маалыматтардын, санариптик мамлекеттик сервистердин, технологиялык системалардын жеткиликтүүлүгүн, алардын ишенимдүүлүгүн жана пайдалануучулардын (жарандардын, бизнестин жана юридикалык жактардын) кызыкчылыгында санариптик туруктуулугун камсыз кылуу;
15) телекоммуникациялардын атаандаштыгын, туруктуу өнүгүүсүн, өз ара аракеттенүүсүн, байланыштуулугун жана телекоммуникациялык тармактардын шайкештигин камсыз кылуу;
16) ыйгарым укуктарынын чегинде Иш башкармасынын карамагына кирген мамлекеттик санариптик ресурстардын, технологиялык системалардын жана тармактардын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле киберкоопсуздук коркунучтарынын алдын алуу жана аларды аныктоо, киберинциденттерге жооп кайтаруу;
17) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
18) туруктуу мониторингдин негизинде санариптик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын ишиндеги функционалдык процесстерди жана жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү;
19) калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштеши жана өнүгүшү;
20) критикалык маалыматтык инфраструктура объекттерине кирбеген мамлекеттик маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздугуна мамлекеттик аудит жүргүзүү;
21) санариптик трансформация, санариптик башкаруу, санариптик кол тамга, байланыш, киберкоопсуздук, архив ишин санариптештирүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
14. Иш башкармасы төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында ведомстволук уюмдардын ишин уюштурат;
2) Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик деңгээлдеги кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук жактан тейлөөнү жүзөгө ашырат;
3) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын, ошондой эле ведомстволук уюмдардын чыгымдарынын сметаларын пландайт, иштеп чыгат жана бекитүүгө берет;
4) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын чыгымдарын ыкчам, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзөт, ошондой эле алардын чыгымдар сметасынын аткарылышын контролдойт;
5) бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча методикалык жетекчиликти жүзөгө ашырат, ведомстволук уюмдарда эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун абалын координациялайт;
6) ведомстволук уюмдардын ишин координациялайт, ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрөт, алардын ишинин натыйжаларын талдайт, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосуна, анын ичинде ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу контролду жүзөгө ашырат;
7) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдарды Иш башкармасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик административдик имараттарга, объекттерге жана жайларга жайгаштырат;
8) өзүнүн чечимдери менен мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу менен Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштырат;
9) мыйзамда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштурат;
10) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын эсепке алууну, сатып алууну, бөлүштүрүүнү, эсептен чыгарууну уюштурат;
11) өзүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген автотранспорт каражаттарынын лимитинин чегинде мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын борборлоштурулган камсыз кылууну, бөлүштүрүүнү жана ыкчам башкарууга жана чарбалык иштетүүгө, ошондой эле мөөнөттүү пайдаланууга өткөрүп берүүнү уюштурат;
12) ага караштуу ведомстволук санаторийлерге, пансионаттарга жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорду сатууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылат;
13) ага караштуу ведомстволук объекттерде белгиленген тартипте мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү уюштурат;
14) Кыргыз Республикасына келген жогору даражалуу меймандар жана маанилүү персоналар үчүн Иш башкармасынын аңчылык аймактарында аң уулоону уюштурат жана жүргүзөт;
15) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды жана купуя мүнөздөгү маалыматтарды коргоону, ошондой эле мындай маалыматтарды коргоо боюнча ведомстволук уюмдардын ишине контролду жана координациялоону камсыз кылат;
16) Иш башкармасынын балансында турган мамлекеттик административдик имараттарды, объекттерди жана жайларды эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чарбалык-техникалык кызматтарды түзөт;
17) социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди, административдик имараттарды, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы жайларды долбоорлоону, курууну жана бузууну уюштурат;
18) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин жана Иш башкармасынын компьютердик системаларынын программалык-техникалык комплексинин, телекоммуникациялык жана аудио-видео жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
19) тейленүүчү органдардын жана жактардын компьютердик системаларында маалыматтык-техникалык коргоо боюнча иш-чараларды уюштурат;
20) тейленүүчү органдарда маалыматтык технологияларды колдонууну эске алуу менен аларды өнүктүрүүнүн келечектерин изилдөөнү жана болжолдоону уюштурат;
21) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
22) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик административдик имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактанууну жана чекене сооданы уюштурат;
23) Иш башкармасынын ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
24) чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү жайгаштыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызмат органдарын жайгаштыруу (пайдалануу) үчүн имараттарды/жайларды жана объекттерди куруу, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча заказчынын жана (же) подрядчынын иштерин жана функцияларын аткарат;
25) Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана башка уюмдары менен биргеликте чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү сервистик тейлөөнү координациялоону жүзөгө ашырат;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кыймылдуу мүлктү жана кыймылсыз мүлктү курууну, сатып алууну, эксплуатациялоону, ээликтен ажыратууну уюштурат;
27) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын жана алардын кызматкерлерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну уюштурат (анын ичинде турак жана турак эмес жайларды тандоо жана (же) ижарага алуу, автотранспорт каражаттарын сатуу, тейлөө, эсептен чыгаруу жана сатып алуу, жабдууларды сатып алуу ж.б.);
28) санариптештирүү, санариптик кол тамга, электрондук документ жүгүртүү, мамлекеттик жана муниципалдык санариптик кызмат көрсөтүүлөр, электрондук лицензиялоо, маалыматтарды сактоо жана иштетүү борборлору жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
29) архив иши, калкты каттоо, жарандык абалдын актылары, автомототранспорт каражаттары жана аларга чиркегичтер, атайын технологиялык машиналар, айдоочулар курамы жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
30) электр жана почта байланышы жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
31) мамлекеттик ипотекалык турак жай кредиттөө жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
32) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат, ошондой эле көрсөтүлгөн актыларды даярдоого катышат;
33) байланыш жана санариптик башкаруу, мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстары жана технологиялары, мамлекеттик маалыматтык ресурстардын маалыматтык коопсуздугу жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышат;
34) санариптик башкаруу жана мамлекеттик каттоо жаатындагы мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын, илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функцияларын аткарат;
35) байланышты, санариптештирүүнү жана санариптик башкарууну өнүктүрүүгө каралган республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарынын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун функцияларын аткарат;
36) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык байланыш, санариптештирүү, санариптик кол тамга, санариптик башкаруу, каттоо жана архив иши чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана башка финансылык институттар менен кызматташууну жүзөгө ашырат;
37) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат, өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык аларга кол коёт жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
38) өз компетенциясынын чегинде башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт;
39) берилген ыйгарым укуктардын чегинде санариптештирүү, санариптик башкаруу жана байланыш, ошондой эле каттоо жаатындагы инвестициялык саясатты калыптандырууга катышат;
40) программалык-техникалык комплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, санариптик кол тамганы иштеп чыгуу жана киргизүү жаатында, анын ичинде зарыл стандарттарды жана техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жолу менен бирдиктүү талаптарды калыптандырат;
41) анын карамагында турган мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын менчик ээси катары чыгат;
42) интеграцияланган мамлекеттик маалыматтык системаларды жана тармактарды, мамлекеттик маалыматтарды иштетүүнүн бирдиктүү борборун, электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын, кадрларды эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын, финансылык башкаруунун бирдиктүү системасын, идентификациялоонун бирдиктүү системасын, ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, электрондук лицензиялоо порталын жана башка мамлекеттик маалыматтык жана маалыматтык-каттоо системаларын жана ресурстарын түзүү, алардын иштеши, өнүгүшү жана башкарылышы үчүн механизмдерин калыптандырат жана ишке ашырат;
43) заманбап маалыматтык жана маалыматтык-каттоо технологияларын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүгүндө киргизүүгө катышат;
44) программалык-техникалык комплекстерди, мамлекеттик маалыматтык жана маалыматтык-каттоо системаларын жана ресурстарын, анын ичинде санариптик кол тамганы иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылат;
45) анын карамагында турган мамлекеттик маалыматтык жана маалыматтык-каттоо ресурстарынын жана системаларынын калыптанышын, сакталышын, пайдаланылышын, өнүгүшүн жана коопсуздугун камсыз кылат;
46) мамлекеттик каттоонун обочолонгон маалыматтык системаларын технологиялык жактан бириктирүүнү жана бирдиктүү маалыматтык-каттоо ресурсун түзүүнү камсыз кылат;
47) мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуунун кызыкчылыгында, анын ичинде мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүүнүн жана мамлекеттик маалыматтык-каттоо системаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун алкагында бирдиктүү маалыматтык-технологиялык мейкиндикти камсыз кылат жана ишке ашырат;
48) күбөлөндүрүүчү борборлордун кол тамганы текшерүү ачкычтарынын жана сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
49) юридикалык күчкө ээ болгон электрондук билдирүүлөрдүн убактысын, бүтүндүгүн, аныктыгын, авторлугун жана купуялуулугун белгилөөнү камсыз кылуу менен алуучуга жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын ишке ашыруу саясатын аныктайт;
50) мамлекеттик органдар менен биргеликте байланыш системаларын жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга даярдоонун мобилизациялык пландарын иштеп чыгат;
51) Кыргыз Республикасында байланыш тармактарын номерлөөнүн улуттук планын түзөт, номерлөө ресурсун бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт жана анын аткарылышын контролдойт;
52) жыштык менен камсыз кылуу планын иштеп чыгат;
53) жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануунун шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарында эл аралык трафикти өткөрүү үчүн шарттарды түзөт;
54) почта төлөм белгилеринин, почта конверттеринин жана ачык каттарынын үлгүлөрүн, номиналдарын жана нускаларын аныктайт, аларды чыгарууну, жайылтууну, ошондой эле почта төлөм белгилерин чыгаруунун тематикалык планын бекитүүнү уюштурат;
55) Кыргыз Республикасынын аймагында почта байланыш бөлүмдөрүнө почта индекстерин жана почта жөнөтмөлөрүнүн идентификациялык штрих-коддорунун диапазондорун ыйгарат;
56) электр байланыш операторлорунун, кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызматтарын пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салуунун, бейтараптык тартипте кароонун жана чечүүнүн тартибин белгилейт;
57) аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлорго санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарын берет;
58) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздейт, жашап турууга уруксат алуу үчүн документтерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу жана туруктуу жашаган жерине чыгуу документтерин тариздейт;
59) Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору менен документтештирүүнү жүзөгө ашырат;
60) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
61) шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен шайлоочулардын маалыматтарынын, алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт, шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;
62) андан ары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жабдуулардын комплекттерин өткөрүп берүү менен шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары менен тизмелерин жүктөө аркылуу шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуулардын сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштерди уюштурат;
63) автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамын жана окуу уюмдарынын билим алуучуларын каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашырат;
64) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берет;
65) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат;
66) анын компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги башка документтерди берет;
67) анын компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги жекелештирилген документтерди, ошондой эле инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу, берүү, коргоо, сактоо жана жок кылуу системасын уюштурууну камсыз кылат;
68) Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерлерди (ИЖН) ыйгарат;
69) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана актуалдаштырууну жүзөгө ашырат;
70) архив документтери чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында архив ишин башкарууну жүзөгө ашырат;
71) өткөрүлүп берилүүчү маалыматтарды уруксатсыз кирүүдөн, бурмалоодон же өзгөртүүдөн коргоону камсыз кылат;
72) өзүнүн компетенциясынын алкагында мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын жана ресурстарынын киберкоопсуздугуна коркунучтарды аныктоо, баалоо, локалдаштыруу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
73) аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырат;
74) күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредитациялоону жүзөгө ашырат, анын ичинде алар аккредитацияланган талаптардын сакталышына текшерүү жүргүзөт жана алардын сакталбагандыгы аныкталган учурда аккредитациянын колдонулушун токтото туруу же аккредитацияны жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат;
75) Улуттук санариптик экосистеманын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат;
76) күбөлөндүрүүчү борборлордун санариптик кол тамганы текшерүү ачкычтарынын жана сертификаттарынын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат;
77) аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлордун реестрин жүргүзөт;
78) электр байланыш кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнүн жана билдирүүлөрдүн купуялуулугун сактоонун, ошондой эле пайдалануучулар жөнүндө жеке маалыматтарды жашыруун сактоонун негизинде бардык пайдалануучулардын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
79) Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондун түзүүнү, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган анын тарыхый-маданий мурастарынын документтери менен толуктоону уюштурат;
80) санариптик башкаруу, электр жана почта байланышы, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, автомототранспорт каражаттары жана алардын чиркегичтери, атайын технологиялык машиналар, айдоочулук курам жана архив иши жаатындагы мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча ведомстволук уюмдардын ишин контролдойт, мониторинг жүргүзөт жана баалайт;
81) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзөт;
82) өзүнүн компетенциясынын чегинде ички контролдоо системасынын жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт, баалоонун жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
83) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
84) мамлекеттик жана мамлекеттер аралык телекоммуникациялык, почта жана маалыматтык системаларды жана байланыш тармактарын, ошондой эле санариптик башкарууну координациялайт;
85) Кыргыз Республикасынын санариптик мыйзамдарына ылайык санариптик кол тамга чөйрөсүндө текшерүүлөрдү жүргүзөт;
86) өзүнүн компетенциясынын чегинде илимий-изилдөө, методологиялык, методикалык ишти координациялайт;
87) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка кызмат көрсөтүүчү санариптештирүү чөйрөсүндөгү субъекттердин ишин координациялайт;
88) мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын өз ара аракеттенүүсү жана жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасына интеграциялануучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда санариптик ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн локалдык жана глобалдык маалымат сактагычтарды түзүү боюнча ишти уюштурат;
89) байланыш жана санариптик башкаруу объекттерин иштетүү, куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
90) мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларга талаптарды бекитет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин техникалык-экономикалык негиздемелерди, техникалык өзгөчөлүктөрдү жана техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана маалыматтык системаларды жана технологияларды, ошондой эле аларга тиешелүү программалык жана аппараттык каражаттарды изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизалоону, талдоону жана баалоону уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү боюнча ишине катышат;
91) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программалык-аппараттык чечимдерди, жалпы мамлекеттик маалыматтык-коммуникациялык регистрлерди жана реестрлерди, ар кандай маалыматтык ресурстарды жана стандартташтыруунун маалыматтык системаларын ишке киргизүү боюнча ишине мониторинг жүргүзөт;
92) номерлерди көчүрүүнүн борборлоштурулган маалыматтар базасынын администраторун дайындайт;
93) аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан берилген квалификацияланган сертификаттар жөнүндө маалыматты сактоону жана маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен аны күнү-түнү алууну камсыз кылат;
94) санариптик өз ара аракеттенүү субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын санариптик мыйзамдарына ылайык таризделген жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин аткаруу бийлигинин органдарына берүү үчүн арналган санариптик документтерди авторизациялоону жана ырастоону камсыз кылат;
95) улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укуктук тартипти коргоонун кызыкчылыгында, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат;
96) калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону, автотранспорт каражаттарын жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, ошондой эле архив ишин координациялайт;
97) Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка кызыкдар органдар менен биргеликте компьютердик инциденттер жана коркунучтар жөнүндө маалыматты чогултууну, талдоону, сактоону жана алмашууну жүргүзөт;
98) Иш башкармасынын кызматкерлерин даярдоону жана кайра даярдоону, ошондой эле квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
99) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча финансылык болжолдоону жана пландоону жүргүзөт;
100) маалыматтык-коммуникациялык программалык каражаттарды интеграциялоонун ведомстволор аралык системасын ишке киргизет;
101) санариптештирүү жана санариптик башкаруу объекттеринин иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
102) жеке жана юридикалык жактардын Иш башкармасынын маалыматтык ресурстарына кирүү укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;
103) аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлорду каттоо жана эсепке алуу боюнча ишти уюштурат;
104) өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволук, атайын байланышты, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык тармактарын түзүүнү уюштурат;
105) айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын, автомототранспорт каражаттарын жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды эсепке алуу жана каттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, ошондой эле автомототранспорт каражаттарын жана атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугуна окуудан өткөн адамдардан экзамендерди кабыл алат.
15. Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
16. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууда Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө жаңы технологияларды ишке киргизүү маселелери боюнча окутууну кошкондо, санариптик башкаруу жаатында эксперттик жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
2) санариптештирүү, санариптик башкаруу жана байланыш чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана (же) жеке жактар менен келишимдерди түзүү;
4) зарыл болгон адистерди, эксперттерди жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартуу менен анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн кеңештерди, комиссияларды, жумушчу топторду жана эксперттик топторду түзүү;
5) милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суроо жана алуу;
6) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана окутуунун жана талкуулоонун башка формаларын уюштурууга жана өткөрүүгө;
7) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук санариптик экосистемасын түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
9) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана ресурстар жаатында илимий-изилдөөлөрдү жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
10) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, нускамаларды, методикаларды жана колдонмолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууга жана чыгарууга;
11) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын алкагында укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана иштерди кароого;
12) башка мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтык ресурстарга экспертиза жүргүзүүгө жана техникалык жөнгө салууга;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында байланыш, санариптештирүү, киберкоопсуздук жана киберинциденттерге чара көрүү, санариптик кол тамга, санариптик башкаруу жана башка өлкөлөрдүн каттоо системасы жаатында эл аралык уюмдар жана жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга. Компьютердик инциденттерге чара көрүү маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүдө «cert.ict.kg» аббревиатурасын колдонууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же Иш башкармасынын функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн илимий-изилдөө жана башка иштерди жүргүзүүгө катышууга;
15) Иш башкармасынын маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Иш башкармасынын ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;
16) өз ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин формасына карабастан байланыш тармагындагы уюмдардын документтерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
17) Иш башкармасынын ишин, анын ичинде укуктук маселелерди чагылдырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
18) өз ыйгарым укуктарынын алкагында жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгууга жана аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын санариптик мыйзамдарына ылайык берүүгө;
19) Иш башкармасына ишин камсыз кылуу жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик административдик имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактанууну уюштурууга;
20) Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук жактан тейлөөгө;
21) Кыргыз Республикасына келген жогорку даражалуу коноктор жана маанилүү адамдар үчүн аңчылыкты уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан ар жылдык жана кошумча квоталарды алууга;
22) ведомстволук уюмдарды түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле ишин каржылоо алардын атайын эсебине түшүүчү каражаттардан жүзөгө ашырылган ведомстволук уюмдардын штаттык санынын чегин бекитүүгө;
23) ведомстволук уюмдар тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын, аткарылуучу жумуштардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин белгилөөгө жана аныктоого;
24) ведомстволук уюмдардын ишин контролдоого;
25) негизги фонддорду жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Иш башкармасынын балансында жана ведомстволук уюмдардын балансында турган объекттерди реконструкциялоо, куруу жана өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартууга;
26) Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик имараттар департаментинин балансында турган, бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик административдик имараттарды аларды андан ары күтүүгө жана эксплуатациялоого контролду жүзөгө ашыруу менен пайдаланууга берүүгө;
27) мамлекеттик мүлктү ведомстволук уюмдардын оперативдүү башкаруусуна жана чарбалык жүргүзүүсүнө берүүгө жана кабыл алууга, өзүнө жана ведомстволук уюмдарына бекитилген мүлктү мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик мүлк жана ижара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз өз алдынча ижарага берүүгө, өзүнө жана ведомстволук уюмдарына бекитилген, анын ичинде ижара мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын өз чечимдери менен аныктоого;
28) кадрларды тандоого жана жайгаштырууга, ведомстволук уюмдардын жетекчилерин, алардын орун басарларын жана башкы бухгалтерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу маселелерин чечүүгө;
29) Иш башкармасынын бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарынын эсебинен контракттык негизде адистерди ишке тартууга;
30) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кеңештерди жана жумушчу топторду түзүүгө;
31) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин Иш башкармасынын карамагына тиешелүү чечимдеринин жана тапшырмаларынын тиешелүү мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан аткарылышын контролдоого;
32) болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы капиталдык салымдарды каржылоого, ошондой эле чарбалык ишти жүзөгө ашырууга пайдаланууга;
33) ведомстволук уюмдардын кирешелерин түздөн-түз Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылуучу өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарды каржылоого, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга багыттоого;
34) инвестицияларды тартуу менен турак жайларды, социалдык-тиричилик, өндүрүштүк, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы объекттерди, административдик имараттарды жана жайларды, анын ичинде үлүштүк катышуу тартибинде долбоорлоону жана курууну уюштурууга;
35) Иш башкармасына ишин камсыз кылуу жүктөлгөн кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Иш башкармасынын кызматкерлеринин турак жай-социалдык шарттарын жакшыртууга байланышкан кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана башкаруу боюнча чараларды көрүүгө;
36) финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча ведомстволук мамлекеттик ишканалардын таза пайдасын алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ошондой эле стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) толук көлөмдө ишке ашырууга багыттоого;
37) иш башкаруучу жана анын орун басарлары үчүн, ошондой эле мамлекеттин биринчи адамдарын чет өлкөгө болгон сапарларда коштоп жүргөн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн дипломаттык паспортторду алууга;
38) Иш башкармасына ишин камсыз кылуу жүктөлгөн кызмат адамдарынын негизги милдеттерине жетишүү, функцияларын жана тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;
39) Кыргыз Республикасынын Президентинин же Министрлер Кабинетинин актылары менен белгиленген учурларда чарбалык коомдордо катышуучу жана акциялардын (үлүштөрдүн) кармоочусу катары чыгууга.
17. Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт.
3-глава. Иш башкармасынын мүлкү жана каражаттары
18. Иш башкармасынын мүлкү жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат, Иш башкармасынын балансында чагылдырылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
19. Ведомстволук уюмдарга бекитилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарын чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына төгүм катары пайдаланууга, ошондой эле ведомстволук уюмдардын башка жактар менен үлүштүк курулушка катышуусуна Иш башкармасынын уруксаты менен гана жол берилет.
20. Иш башкармасынын финансылык каражаттарынын негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
2) Иш башкармасына ишин камсыз кылуу жүктөлгөн мамлекеттик органдар үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
3) атайын каражаттар, белгиленген ченемдерге ылайык ведомстволук уюмдардын кирешелеринен чегерүүлөр;
4) бюджеттен тышкаркы, демөөрчүлүк жана зайымдык каражаттар, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башка кредиттик мекемелердин кредиттери;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр.
21. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилүүчү Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинен түшкөн каражаттардын, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнүн жана башка түшүүлөрдүн эсебинен толуктайт, бул каражаттарды Иш башкармасынын, ведомстволук уюмдардын ишин камсыз кылуу, алардын кызматкерлеринин социалдык коргоосун жана кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле башка максаттар үчүн пайдаланат.
4-глава. Иш башкармасынын ишин уюштуруу
22. Иш башкармасын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу иш башкаруучу жетектейт.
23. Иш башкармасында иш башкаруучунун орун басарларынын, анын ичинде финансылык документтерге кол коюу укугу бар иш башкаруучунун биринчи орун басарынын кызмат орундары каралган, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Иш башкаруучунун жана анын орун басарларынын коомдук башталыштагы кеңешчилери болот, алар иш башкаруучунун тескемеси (буйругу) менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Кеңешчилер иш башкаруучу тарабынан бекитилүүчү Кеңешчилер жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
24. Иш башкаруучу жок учурда анын функцияларын аткаруу иш башкаруучунун биринчи орун басарына, иш башкаруучунун биринчи орун басары жок учурда иш башкаруучунун орун басарына жүктөлөт.
25. Иш башкаруучу белгиленген тартипте:
1) Иш башкармасына жалпы жетекчилик кылат жана Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) иш башкаруучунун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине Иш башкармасынын жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ага караштуу мекемелердин штаттык санынын чегин, ошондой эле Иш башкармасы жөнүндө жобону бекитүүгө берет;
4) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын милдеттерин жана иш тартибин аныктайт;
5) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине Иш башкармасынын иши жөнүндө маалымдайт;
7) иш башкаруучунун орун басарларын, анын ичинде биринчи орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизет;
8) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарга жана тескемелерге кол коёт, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) Иш башкармасынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
10) ведомстволук уюмдардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, башкы бухгалтерлерин алар менен эмгек келишимдерин түзүү жана бузуу жолу менен кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
11) түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболорду бекитет, Иш башкармасынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
12) ведомстволук уюмдардын уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын алар үчүн белгиленген штаттык санынын чегинде бекитет;
13) Иш башкармасынын ишинин алкагында финансылык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) Иш башкармасынын акча каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык болгон фонддорду пайдалануу маселелерин чечет;
16) Иш башкармасынын балансында турган капиталдык курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо объекттеринин сметаларын, долбоорлорун, титулдук тизмелерин бекитет;
17) келишимдерди түзөт, чарбалык, финансылык жана бухгалтердик операцияларды жүргүзөт, аларды аткарууну түзүмдүк бөлүмдөргө жана ведомстволук уюмдарга тапшырат, ишеним каттарды берет;
18) ведомстволук уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет;
19) ведомстволук уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жана бааларынын (тарифтеринин) прейскуранттарын Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча бекитет;
20) Иш башкармасынын коллегиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат жана коллегиянын жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерге кол коёт;
21) мамлекеттик органдарда, соттордо, эл аралык жана башка уюмдарда Иш башкармасынын атынан чыгат;
22) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
23) мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан Иш башкармасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди, материалдарды сурайт;
24) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине, алардын орун басарларына жана башкы бухгалтерлерине карата тартиптик жазаларды колдонот;
26) жарандарды кабыл алат, келип түшкөн сын пикирлерди, даттанууларды жана каттарды кароону жана алар боюнча өз убагында чараларды көрүүнү камсыз кылат;
27) мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүү, иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин сактоо, архив ишин жүргүзүү, маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
28) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен өткөрүлүүчү жыйналыштарга (кеңешмелерге) белгиленген тартипте катышат;
29) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн тартибин, Иш башкармасынын кызматкерлеринин жана ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин коомдук чыгып сүйлөө эрежелерин аныктайт;
30) Иш башкармасы тарабынан иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна виза коёт, аларга карата негиздеме-маалымкаттарга, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан Иш башкармасына макулдашууга киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна кол коёт;
31) Иш башкармасынын компетенциясына кирген башка функцияларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
26. Иш башкармасында курамы иш башкаруучунун чечими менен бекитилүүчү коллегия түзүлөт.
27. Иш башкармасынын коллегиясынын курамына иш башкаруучу (коллегиянын төрагасы), иш башкаруучунун орун басарлары жана Иш башкармасынын башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына ошондой эле ведомстволук уюмдардын жетекчилери кириши мүмкүн.
28. Иш башкармасынын коллегиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5-глава. Иш башкармасын кайра уюштуруу жана жоюу
29. Иш башкармасын кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.