Редакцияот 14.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 14-августу № 549

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 8-октябрындагы № 608 «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылган Кытай Эл Республикасынын жарандарын визалык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун андан ары ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобонун 24-пунктунун 12-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 608 «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылган Кытай Эл Республикасынын жарандарын визалык колдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пунктта «500» деген цифралар «700» деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев