Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-августу № 618-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 360 «2024–2030-жылдарга «Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2024–2030-жылдарга «Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун биринчи абзацында «31-майына» деген сөздөр «30-сентябрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта «30-июнуна» деген сөздөр «30-октябрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме «Тиркеме |
«Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Акунбеков Эрлист Абакирович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеттүү өнөр жайы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Жаныбеков Тариэль Камалбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары; |
Жумалиев Нурбек Алмазбекович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мукашев Кыялбек Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Хасенова Гулнара Идрисовна | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары; |
Бикулов Дамирбек Жантураевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары; |
Жабудаев Түрүкмен Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин илим башкармалыгынын начальниги; |
Тынчыбек уулу Рыскул | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карашту «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу; |
Райымжан уулу Бакыт |
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын «Суу чарба объектерин куруу дирекциясы» мамлекеттик мекемесинин башкы инженери;
|
Сулайманова Айнура Жумалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Канаев Байэл Жамшитбекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Кудайбергенова Нургүл Садыкбековна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Курулуш архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө бөлүмүнүн башчысы; |
Бейшенбеков Жанарбек Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Айзек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М. Адышев атандагы Геология институту мекемесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Жанболот Качкынбаевич | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Теориялык жана жалпы электроника» кафедрасынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Жолдошбек Чубакович | - | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча). ». |