Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 127
Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 122-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине катышуучу толук шериктерден тышкары, коммандиттик шериктештикке катышуучу толук шериктердин укуктук абалы жана шериктештиктин милдеттенмелери боюнча алардын жоопкерчилиги ушул Кодекстин толук шериктештиктин катышуучулары жөнүндөгү эрежелери менен аныкталат.";
б) 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктерди кошпогондо, жак бир гана коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло алат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Венчурдук фонддордун ишинин максаттары үчүн венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктери түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндө эрежелери, ошондой эле коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги эрежелери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 126-1 - 126-5-статьялар менен толукталсын:
"126-1-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиги
1. Венчурдук фонд венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги формасында түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фондордун коммандиттик шериктештигинин фирмалык аталышы шериктештиктин аталышын же болбосо бир толук шериктештин атын (аталышын) жана "венчурдук фонд" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине карата ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндөгү эрежелери колдонулбайт.
3. Жак венчурдук фонддордун бир нече коммандиттик шериктештигинде толук шериктеш боло алат.
4. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктеш толук шериктештиктин катышуучусу боло албайт.
126-2-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин уюштуруу келишими
1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиги уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана иштейт, ал шериктештиктин уставынын функциясын да аткарат. Уюштуруу келишимине бардык толук шериктештер кол коет.
2. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шериктештиктин уставдык капиталынын өлчөмү жана курамы жөнүндө; уставдык фонддогу толук шериктештердин ар биринин үлүшүнүн өлчөмү жана өзгөртүү тартиби жөнүндө; алардын салымынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби жөнүндө, салымдарды кошуу боюнча милдеттерди бузгандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги; коммандиттик шериктештердин салымдарынын жыйынды өлчөмү жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.
126-3-статья. Коммандиттик шериктештикте башкаруу жана анын ишин алып баруу
1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин ишмердүүлүгүн башкаруу толук шериктештер тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындай шериктештикти башкаруунун жана ишин алып баруунун тартиби анын толук шериктештери тарабынан венчурдук фонддордун шериктештигинин уюштуруу документтерине ылайык белгиленет.
2. Коммандиттик шериктештер венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин иштерин башкарууга катышууга жана шериктештиктин иштерин башкаруу боюнча толук шериктердин аракеттерин талашууга укуксуз. Алар анын атынан ишеним каттын негизинде гана чыга алышат.
3. Толук шериктештер өз ишин коммандиттик шериктердин кызыкчылыгында жана венчурдук фонддордун шериктештигин түзүү максаттарында жүзөгө ашырууга милдеттенет.
126-4-статья. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештигинин салым кошуучусунун укуктары жана милдеттери
1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин салым кошуучусу уставдык капиталга салым кошууга, ошондой эле шериктештик менен биргеликте аныкталган мөөнөттө салым кошууга жазуу жүзүндө милдеттенме берүүгө милдеттүү. Салым кошуу венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги жөнүндө келишим түзүү менен коштолот.
2. Коммандиттик шериктештиктин салым кошуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) уюштуруу келишиминде каралган тартипте шериктештиктин пайдасынын бөлүгүн алууга;
2) шериктештиктин жылдык отчеттору жана баланстары менен таанышууга;
3) уюштуруу келишиминде аныкталган мөөнөт аяктагандан кийин шериктештиктен чыгууга жана уюштуруу келишиминде каралган тартипте өз салымын алууга;
4) эгерде бул уюштуруу келишиминин же башка макулдашуулардын шарттарына карама-каршы келбесе, шериктештиктеги өзүнүн үлүшүн же анын бөлүгүн башка салым кошуучуга же үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө. Салым кошуучунун өзүнүн бардык үлүшүн башка жакка өткөрүп берүүсү анын шериктештикке катышуусун токтотот.
Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин уюштуруу келишиминде салым кошуучунун башка укуктары да, анын ичинде шериктештиктин аныкталган чечимдерин даярдоого катышуу боюнча укуктары каралышы мүмкүн.
126-5-статья. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештигин жоюу
Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги шериктештиктин уюштуруу документтерине ылайык шериктештиктин иштөө мөөнөтү аяктаганда жоюлат.
Эгерде жок дегенде бир толук шериктеш жана бир салым кошуучу калса, венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги сакталып калат.
Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги жоюлганда, анын ичинде банкрот (кудуретсиз) болгон учурда салым кошуучулар анын кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин калган шериктештиктин мүлкүнөн салымдарды алууга толук шериктештерге караганда артыкчылыктуу укукка ээ.
Шериктештиктин андан кийин калган мүлкү толук шериктештердин жана салым кошуучулардын ортосунда уюштуруу келишимине, же толук шериктештер менен салым кошуучулардын ортосунда түзүлгөн башка макулдашууга ылайык бөлүштүрүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик иш болуп саналбайт:
- жеке жак тарабынан жеке жакка пайызсыз заем берүү;
- иш берүүчү тарабынан кызматкерге заемдорду берүү;
- акча каражаттарын төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында берүү боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) же аффилирленген жактары болуп саналган жеке адамдарга заемдорду берүү;
- баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жасоо үчүн брокер тарабынан кардарга заемдорду берүү;
- конвертациялануучу заемдорду берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын венчурдук мыйзамдарынын алкагында иш жүргүзүү;
- мыйзамда каралган башка учурлар.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 34-2-глава менен толукталсын:
"34-2-глава. Альтернативдик келишимдик инструменттер
738-60-статья. Опциондук келишим
1. Опциондук келишим боюнча бир тарап (опциондун ээси) мындай келишимде каралган шарттарда экинчи тараптан (опционду сатуучудан) опциондук келишимде каралган аракеттерди жасоону (анын ичинде акча каражаттарын төлөөнү, мүлктү, анын ичинде компаниянын акцияларын же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүн өткөрүп берүүнү же кабыл алууну) келишимде белгиленген мөөнөттө талап кылууга укуктуу жана мында, эгерде ыйгарым укуктуу тарап көрсөтүлгөн мөөнөттө талапты билдирбесе, опциондук келишим токтотулат. Опциондук келишимде опциондук келишим боюнча талап мындай келишимде аныкталган жагдайлар келип чыкканда билдирилген болуп эсептелет деп каралышы мүмкүн.
2. Эгерде опциондук келишимде, анын ичинде коммерциялык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимде анын кайтарымсыздыгы каралган же болбосо мындай келишимди түзүү тараптардын мамилелеринен келип чыгуучу башка милдеттенме же мыйзам тарабынан корголуучу башка кызыкчылык менен шартталган учурларды кошпогондо, опциондук келишим боюнча талап коюу укугу үчүн тарап мындай келишимде каралган төлөмдү төлөйт.
3. Эгерде опциондук келишимде башкача каралбаса, опциондук келишим токтотулган учурда ушул статьянын 2-пунктунда каралган төлөм кайтарылууга тийиш эмес.
738-61-статья. Конвертациялануучу заем келишими
1. Стартаптардын, инновациялык компаниялардын жана венчурдук инвесторлордун ортосунда түзүлгөн, келечекте белгиленген мөөнөттө жана (же) тараптар макулдашкан шарттар жана башка жагдайлар келип чыкканда заемду компаниянын акцияларына же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүнө конвертациялоонун шарттарын белгилөөчү келишим конвертациялануучу заем келишими деп таанылат.
2. Конвертациялануучу заем келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- заем берүүчү заемду конвертациялоону талап кылуу, ал эми заем алуучу заемду конвертациялоону камсыз кылуу укугу келип чыккан мөөнөт же шарттар;
- пайыздык ставка;
- стартапты баалоо (максималдуу);
- инвесторго берилүүчү дисконт же арзандатуу, ошондой эле коомдун уставдык капиталын көбөйтүү суммасы же аларды аныктоо тартиби.
3. Конвертациялануучу заем келишимин, мурда түзүлгөн келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле башка жакка конвертациялануучу заем келишимин аткаруу үчүн заем алуучудан бул жактын пайдасына кошумча акцияларды жайгаштырууну талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүү эгерде аталган келишимде мындай өткөрүп берүүгө жол берилсе, заем алуучунун акционерлеринин же коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун алдын ала макулдугун талап кылат.
4. Заемду конвертациялоонун шарттары жана тартиби, анын ичинде конвертациялоо коэффициенти жана конвертациялоо келип чыккан шарттар тараптар тарабынан макулдашылышы жана жазуу жүзүндө жазылышы керек.
5. Конвертациялануучу заем келишимин түзүү үчүн милдеттүү шарт болуп коомдун катышуучуларынын (акционерлеринин) добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынган заем алуучунун катышуучуларынын (акционерлеринин) жалпы чогулушунун чечиминин болушу эсептелет.".
3-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Чарбалык шериктиктер жана коомдор толук шериктик, коммандиттик шериктик, венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиги, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн.";
2) 3-статьянын 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Граждандар жана (же) юридикалык жактар толук шериктиктин катышуучулары жана коммандиттик шериктиктердеги, венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигиндеги толук шериктер боло алышат.
2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигин кошпогондо, граждан бир гана толук шериктиктин катышуучусу же бир коммандиттик шериктиктин толук шериги боло алат.";
3) 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерине карата ушул Мыйзамдын толук шериктик жөнүндө ченемдери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерине карата ушул Мыйзамдын II-1 главасына каршы келбеген бөлүгүндөгү коммандиттик шериктик жөнүндө ченемдери колдонулат.";
4) төмөнкүдөй мазмундагы II-1 глава менен толукталсын:
"II-1 глава. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиги
35-1-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиктерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигине катышкан толук шериктердин укуктук абалы жана шериктиктин милдеттенмелери боюнча алардын жоопкерчилиги ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана шериктиктин уюштуруу документтери тарабынан аныкталат.
2. Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары уюштуруу документтеринде каралган тартипте шериктиктин пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
Уюштуруу документтеринде пайданы бөлүштүрүү тартиби жок болгон учурда салым салуучулар шериктиктин пайдасынын бөлүгүн алардын мүлкүндөгү жана уставдык капиталындагы үлүшүнө пропорционалдуу түрдө укуктуу.
3. Салым салуучулардын уставдык капиталдагы үлүштөрүнүн жыйынды өлчөмү 99 пайыздан ашпоого тийиш. Мында венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигинин уюштуруу документтеринде толук шериктердин салымдарын (салымдарынын бөлүгүн) төлөө боюнча салым салуучунун милдети каралышы мүмкүн. Толук шериктер шериктиктин уюштуруу документтерине ылайык 1 пайыздан 5 пайызга чейинки өлчөмдө өз салымдарын салат. Толук шериктердин салымдарынын өлчөмү уюштуруу документтеринде аныкталган учурларда 5 пайыздан ашыкты түзүшү мүмкүн.
4. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктигинин уюштуруу документтеринде анын фирмалык аталышы көрсөтүлүүгө тийиш, анда "венчурдук фонддун коммандиттик шериктиги" деген сөздөр камтылышы керек.
5. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигинин иштерин башкаруу толук шериктер тарабынан жүзөгө ашырылат. Коммандиттик шериктикти анын толук шериктери тарабынан башкаруу жана анын иштерин жүргүзүү тартиби шериктиктин уюштуруу документтеринде белгиленет. Салым салуучулар коммандиттик шериктиктин ишин башкарууга катышууга, ошондой эле ишеним катсыз анын атынан чыгууга укуксуз. Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары толук шериктердин шериктиктин ишин башкаруу боюнча аракеттерине кандайдыр бир түрдө тоскоолдук кылууга укуксуз.
6. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктигинин салым салуучусу уюштуруу келишиминде аныкталган мөөнөт аяктагандан кийин шериктиктен чыгуу жөнүндө билдирүү менен андан чыгууга укуктуу. Салым салуучу коммандиттик шериктиктен чыккан учурда шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган кесепеттер келип чыгат.
7. Алар өздөрүнүн мүлктүк төлөмдөрүн шериктиктин уставдык капиталына толук эмес кошкон учурда, бардык толук шериктердин бирдиктүү чечими боюнча толук шериктер бир же бир нече салым салуучуну чыгарууну талап кылууга укуктуу.".
4-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам инвестициялык фонддордун укуктук статусун жана венчурдук фонддорду жөнгө салуунун айрым маселелерин аныктайт.";
2) 1-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонд жана венчурдук фонд түшүнүгү";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул Мыйзамда венчурдук фонд деп стартаптарга жана инновациялык компанияларга андан ары инвестициялоо үчүн квалификациялуу инвесторлордун акча каражаттарын жана башка мүлкүн тартуу жана топтоо жолу менен түзүлүүчү инвесторлордун каражаттарынын бирикмеси таанылат.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы VI-2 глава менен толукталсын:
"VI-2 ГЛАВА. ВЕНЧУРДУК ФОНДДОР
33-4-статья. Венчурдук фонддорду түзүү жана ишин уюштуруу
Венчурдук фонд Кыргыз Республикасынын венчурдук мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзүү менен, ошондой эле түзбөстөн келишим эркиндиги принцибинин негизинде түзүлөт жана анын катышуучулары келишим түзгөн күндөн тартып өз ишин баштайт.
Венчурдук фонддордун иши жана венчурдук фондду эсептик каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын венчурдук мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
5-берене.
"Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-апрели, № 31) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) бизнес-ангел - стартаптардын жана инновациялык компаниялардын өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында аларга өзүнүн өздүк каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жана зарыл болгон учурда консультациялык же эксперттик колдоо көрсөтүүчү жеке жак;";
2) 18-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
"Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 26-июлу, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) бизнес-ангел - стартаптардын жана инновациялык компаниялардын өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында аларга өзүнүн өздүк каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жана зарыл болгон учурда консультациялык же эксперттик колдоо көрсөтүүчү жеке жак;".
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |