МыйзамКүчүндө

КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 «Инвестициялык фонддор жөнүндө» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 26-июлу № 92

Инвестициялык фонддор жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2006-жылдын 27-январындагы № 20, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 , 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы инвестициялык фонддордун укуктук статусун аныктайт, аларды уюштуруунун жана алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн белгилейт.

 

I бөлүм Жалпы жоболор

 

1-статья. Инвестициялык фонд түшүнүгү

 

1. Өзүнүн инвестициялык активдерин чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу жана тартылган акча каражаттарын кийин баалуу кагаздарга диверсифицикациялуу инвестициялоо үчүн түзүлүүчү, ушул Мыйзамда каралган жамааттык инвестициялоо түрлөрү инвестициялык фонддор болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында инвестициялык фонд катары акционердик инвестициялык фонддор жана үлүштүк инвестициялык фонддор иштешет.

3. Акционердик инвестициялык фонд катары:

- акцияларды ачык сатуу жолу менен жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын тарткан;

- тартылган каражаттарды жана инвестициялык ишмердүүлүк учурунда алынган каражаттарды инвестициялык автивдерге инвестициялаган ачык акционердик коом таанылат;

 -  (төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул Мыйзамда акционердик инвестициялык фонддор деп төмөнкүлөр таанылбайт:

а) коммерциялык банктар жана башка кредиттик мекемелер;

б) камсыздандыруу уюмдары;

в) холдинг компаниялар;

г) дилерлер;

д) брокерлер;

е) депозитарийлер жана клиринг уюмдары.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө кошумча иретинде атайын мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу акционердик коомдор акционердик инвестициялык фонддор болуп саналбайт.

5. Акционердик инвестициялык фонддор Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган инвестициялык фонддун ишинен айырмаланган башка ишти жүргүзүүгө, ошондой эле өз иш-аракетинин түрүн өзгөртүүгө укугу жок.

6. Ушул Мыйзамда инвестициялык пайларды көпчүлүккө сунуштоо жолу менен башкаруучу компания тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген кардарлардан алынган инвестициялык активдеринен, ошондой эле ишенимдүү башкаруу процессинде башкаруучу компания тарабынан алынган мүлктөн турган, юридикалык жакты түзбөстөн обочолонгон мүлктүн комплекси инвестициялык пайлык фонд деп табылат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 , 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана аныктамалар

 

Андеррайтер - баалуу кагаздарга жазылуу жүргүзүүгө же баалуу кагаздардын көпчүлүккө чыгарылган эмиссиясында баалуу кагаздарды сатууга же болбосо баалуу кагаздарга жазылууну же алардын башка жактар тарабынан сатылып алынышын камсыз кылууга милдеттенген баалуу кагаздардын эмитенти менен келишим түзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.

Жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы - тикелей же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же алар тараптан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишим менен бирге) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардан башка), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак болуп эсептелет. Юридикалык жактын аткаруучу кызматтары, анын добуш берүүчү акцияларынын (аманаттарынын, пайларынын) он же андан ашык пайызына (ачык типтеги акционердик коомдор үчүн беш жана андан ашык пайызына) ээ болгон акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да анын аффилирленген жагы деп таанылат.

Сатып алынуучу баалуу кагаз - акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы тарабынан чыгарылган баалуу кагаз, анын ээси бул баалуу кагазды ошол учурда бир баалуу кагазга туура келген колдо бар таза активдердин үлүшүнүн наркына барабар акчалай төлөнүүчү сумманы алып, акционердик инвестициялык фондго же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына кайрып берүүгө укугу бар.

Кызмат адамы - директорлор кенешинин төрагасы, мүчөсү, инвестициялык фонддун аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, баалуу кагаздар рыногунун катышуучусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу кызмат адамы деп табылган адам.

Инвестициялык фонддун инвестициялык активдери - инвестициялык фонд инвестицияларды ишке ашыруучу активдер. Инвестициялык активдердин курамы жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Сатып алынбоочу баалуу кагаз - ээсинин каалоосу боюнча инвестициялык фонд тарабынан сатып алынбай турган баалуу кагаз.

Инвестициялык фонддун көз карандысыз аудитору:

- ошол инвестициялык фонддун аффилирленген жагы болуп саналбаган;

- инвестициялык фонддун аффилирленген жагынын аффилирленген жагы болуп саналбаган аудитордук уюм.

Инвестициялык фонддун мүлкүн көз карандысыз баалоочу - инвестициялык фонд менен келишимдин негизинде мамлекеттик эмес мүлктү баалоону жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.

Жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны - сатып алынган баалуу кагаздардын жалпы санынан башка, инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы саны. Жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдетүү инвестициялык фонд жана интервалдык фонд үчүн өзгөрүп турат. Өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес акционердик инвестициялык фонд үчүн жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны туруктуу болот.

Жайгаштырылган баалуу кагаз - акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы тарабынан чыгарылып, анын ээсинин колунда турган, акционердик инвестициялык фонд же ушул баалуу кагазды чыгарган үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы сатып алган баалуу кагаздан тышкаркы баалуу кагаз.

Инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы - фонддун милдеттенмелерин чыгарып таштагандан кийинки анын активинин жалпы наркы.

Депозитардык иш - баалуу кагаздарга карата болгон укукту жана (же) укуктун эсебин алууга өтүшүн каттоо жана (же) ошол баалуу кагаздардын жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган, ошондой эле менчик ээси же ошол баалуу кагаздардын номиналдык кармоочу менен түзүлгөн келишимдин (депозитардык келишимдин) негизинде жасалган бүтүмдөрдөн түшкөн акча каражаттарын сактоо боюнча иш.

Баалуу кагаздарга карата таза активдердин наркы - инвестициялык фонддун таза активдеринин инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы санына карата наркы.

Башкаруучу компания - башкаруучу компаниянын кардарларынын кызыкчылыктарында жана алардын эсебинен өзүнүн атынан инвестициялык активдерге ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.

Инвестициялык фонддун иши - өзүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу жана тартылган каражаттарды баалуу кагаздар менен башка инвестициялык активдерге андан ары диверсифициялап инвестиция кылуу аркылуу акча каражаттарын тартуу боюнча иш.

Инвестициялык кирешелер - инвестициялык фонд тарабынан инвестициялык иштин жүрүшүндө алынган кирешелер.

Пайданы капиталдаштыруу - инвестициялык фонддун акциясы түрүндөгү дивиденддерди төлөп берүү.

(КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, , 2010-жылдын 11-мартындагы № 47, 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Кыргыз Республикасындагы инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуучу мыйзамдар

 

Инвестициялык фонддор жөнүндөгү мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

 

4-статья. Инвестициялык фонддордун түрлөрү

 

Акционердик инвестициялык фонддор төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- акционерлердин талабы боюнча өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү инвестициялык фонддор;

- интервалдык инвестициялык фонддор, алардын акциялары алардын ээлерине мурдатан макулдашылган мөөнөттө, бирок жылына бир жолудан кем эмес алардын наркын төлөп берүүнү эмитенттен талап кылуу укугун берет;

- акционерлердин талабы боюнча өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес инвестициялык фонддор.

Үлүштүк инвестициялык фонддор төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- үлүштөрдүн ээлеринин талабы боюнча өзү эмиссиялаган инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга милдеттүү инвестициялык фонддор;

- интервалдык инвестициялык фонддор, алардын инвестициялык үлүштөрү аларды ээлерине мурдатан макулдашылган мөөнөттө, бирок жылына бир жолудан кем эмес алардын наркын төлөп берүүнү башкаруучу компаниядан талап кылуу укугун берет.

 

5-статья. Инвестициялык фонддун аталышы

 

1. Инвестициялык фонддун аталышы анын түрүнө ылайык келүүгө тийиш. Инвестициялык фонддун аталышында милдеттенменин түрүнө жараша:

инвестициялык фонд өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алуу милдеттүү экендигин, интервалдуу же өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес экендигин көрсөтүү менен "акционердик инвестициялык фонд" деген сөздөр;

инвестициялык фонд өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алуу милдеттүү экендигин же интервалдуу экендигин көрсөтүү менен "үлүштүк инвестициялык фонд" деген сөздөр сөзсүз болууга тийиш.

2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык акционердик инвестициялык фонд деп таанылбаган юридикалык жактар өздөрүнүн аталыштарында "инвестициялык фонд" деген аталышты колдонууга укуксуз болушат.

Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясын кошпогондо, бир да адам "үлүштүк инвестициялык фонд" деген сөздөрдү каалаган айкалышта пайдалануу менен акча каражаттарын жана бөлөк мүлктү тартууга укугу жок.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Инвестициялык декларация

 

1. Инвестициялык декларация - инвестициялык фонддун инвестицияларынын максаты жөнүндөгү маалымат жана инвестициялык фонддун уставында жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде камтылган анын инвестициялык саясатынын багыттарынын баяндалышы.

2. Инвестициялык декларацияда капиталдык салымдарды диверсификациялоонун даражасы жана инвестициялык фонддун инвестициялык максаттарын ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктер тууралу маалымат камтылууга тийиш.

3. Акционердик инвестициялык фонддун инвестициялык декларациядагы уюштуруу чогулушу тарабынан бекитилет. Инвестициялык декларациядагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет.

4. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясы башкаруучу компания тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм Акционердик инвестициялык фонддор

 

7-статья. Акционердик инвестициялык фонддорду түзүү, уюштуруу жана каттоо

 

1. Акционердик инвестициялык коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлөт. Акционердик инвестициялык фонд мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап түзүлдү деп эсептелинет.

2. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар акционердик инвестициялык фонддун уюштуруучусу же акционери боло алышат.

3. Акционердик инвестициялык фондду уюштурууда уставдык капитал уюштуруучулардын кеминде 5 миң эсептешүү көрсөткүчтөрүндөгү мүчөлүк акыларынын эсебинен түзүлөт. Инвестициялык фонд катталган учурда анын уставдык капиталы уюмдаштыруучуларынын ортосунда толук бөлүштүрүлүүгө жана акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар тарабынан төлөнүүгө тийиш. Тиешелүү лицензияны алуу тууралу арыз берээрден мурда инвестициялык фонддун уюмдаштыруучулары өздөрүнүн төгүмдөрүн толугу менен төгүүгө тийиш.

4. Акционердик инвестициялык фонддун уставдык капиталы улуттук валютадагы акча каражаттары менен гана төлөнөт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2006-жылдын 27-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-статья. Акционердик инвестициялык фонддорду башкаруу органдары

 

1. Акционерлердин жалпы чогулушу акционердик инвестициялык фонддун жогорку башкаруу органы болуп саналат.

2. Фонддун акционерлеринин чогулуштарынын ортосундагы мезгилде директорлор кеңеши анын жогорку башкаруу органы болуп саналат.

3. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы ички (коллегиалдуу орган - башкарма, жеке башкаруучу - башкы директор же башкаруучу) же тышкы (башкаруучу компания) боло алат.

Аткаруу органынын түрү (ички, тышкы) акционерлердин жалпы чогулушунда аныкталат жана акционердик инвестициялык фонддун уставында чагылдырылат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушу

 

1. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушунун гана компетенциясына инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна коюлган:

1) инвестициялык фонддун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү;

2) инвестициялык фонддун уставдык капиталын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) жөнүндөгү;

3) мурда чыгарылган акцияларды топтоо жана бөлүштүрүү, кошумча акцияларды чыгаруу жөнүндөгү;

4) инвестициялык фонддун ишинин жылдык натыйжаларын бекитүү жөнүндөгү;

5) инвестициялык декларацияга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алуу жөнүндөгү;

6) инвестициялык фондду жоюу жана кайра уюштуруу, жоюучу комиссияны дайындоо, жоюу балансын бекитүү жөнүндөгү;

7) пайданы бөлүштүрүүнүн жана чыгашаларды жабуунун тартибин бекитүү жөнүндөгү;

8) инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндөгү;

9) фонддун көз карандысыз аудиторун дайындоо жөнүндөгү;

10) директорлор кеңешин шайлоо, ошондой эле анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү маселелер кирет.

11) инвестициялык фонддун ички (башкарма же башкы директор/башкаруучу) же тышкы (башкаруучу компания) башкарууларды киргизүү жөнүндө;

12) алдыдагы финансылык жылга инвестициялык фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө.

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына инвестициялык фонддун уставы менен инвестициялык фонддун иш-аракетинин башка маселелери да киргизилиши мүмкүн.

3. Акционердик инвестициялык фонд башка чогулуштарга карабастан жылына бир жолу акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушу инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан чакырылат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин өткөрүлөт.

Күн тартибинин:

- инвестициялык фонддун ишинин жылдык натыйжасын бекитүү жөнүндөгү;

- пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү;

- директорлор кеңешин шайлоо жөнүндөгү маселелер акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына таандык болот;

- алдыдагы финансылык жылга инвестициялык фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө.

Акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибиндеги бардык маселелер так белгиленүүгө тийиш.

4. Жылдык чогулуштан бөлөк акционерлердин бардык жалпы чогулуштары кезексиз чогулуштар болуп саналат.

5. Акционерлердин бир жалпы чогулушун ар башка жерде жана ар кандай убакта өткөрүүгө жол берилбейт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Акционерлердин жалпы чогулушун чакыруунун тартиби

 

1. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндөгү билдирүү бардык акционерлерге буйрутма кат жөнөтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жолу менен жүргүзүлөт.

Билдирүү инвестициялык фонддун аткаруу органы жана (же) директорлор кеңеши тарабынан массалык маалымат каражаттарынын кыргыз жана орус тилдеринде чогулуш өткөрүүгө чейин кеминде 20 күн мурда жарыяланууга тийиш.

Акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндөгү билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүчү жер жана убакыт;

- чогулуштун күн тартибине киргизилген маселелер так көрсөтүлгөн күн тартип;

- инвестициялык фонддун ишинин натыйжасы (таза активдердин наркы, бир акцияга туура келген таза активдердин наркы, отчеттук мезгил ичиндеги алардын өзгөрүшү);

- инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушунун материалдары менен акционерлерди тааныштыруу тартиби.

2. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу директорлор кеңешинин чечими боюнча өткөрүлөт. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө төмөнкүлөр демилгечи болушу мүмкүн:

- директорлор кеңеши;

- инвестициялык фонддун аткаруу органы;

- акционердик инвестициялык фонддун чогуу алганда акцияларынын кеминде 10 пайызына ээ болгон акционерлер (акционер);

- депозитардык келишимде каралган учурда инвестициялык фонддун депозитарийи.

Акционерлердин кезексиз чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өткөрүлүүчү жер жана убакыт;

- чогулуштун күн тартибине киргизилген маселелер так көрсөтүлгөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартиби;

- инвестициялык фонддун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун материалдары менен акционерлерди тааныштыруу тартиби;

- кезексиз жалпы чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси.

3. Акционерлердин жалпы чогулушу билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытта, күн тартибин өзгөртпөстөн өткөрүлөт.

4. Акционерлердин жалпы чогулушу, эгерде ага катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата инвестициялык фонддун жайгаштырылган акцияларынын 60 пайыздан ашык добушуна ээ болгон акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталса, укуктуу деп табылат.

5. Кворум болбой калган учурда директорлор кеңеши каттоодон өткөн акционерлерге (алардын өкүлдөрүнө) ошол эле күнү акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнү сунуш кылууга милдеттүү. Акционерлердин жалпы чогулушун ошол эле күнү өткөрүү жөнүндөгү чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүүдө күн тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.

6. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун компетенциясына кирбеген чечимдер сырттан добуш берүү жолу менен кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү жолу менен чечимдер кабыл алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдер кабыл алышынын тартиби

 

1. Ар бир акционер жалпы чогулушка жеке өзү же ишеним каты бар өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Добуш берүүгө берилген ишеним кат анын ээсине акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча гана добуш берүүгө укук берүүгө тийиш.

3. Ишеним кат ички аткаруу органынын мүчөлөрүнө же инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамдарына берилбейт.

4. Ишеним кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулууга тийиш.

5. Директорлор кеңешин шайлоодо добуш берүүдөн тышкарыда, жалпы чогулушта добуш берүү "бир акция -бир добуш" эрежеси боюнча өткөрүлөт.

6. Инвестициялык фонддун директорлор кеңешин шайлоо кумулятивдик добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.

7. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 7-9-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим чогулушта катталган акционерлердин же алардын өкүлдөрүнүн санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим жайгаштырылган акциялардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8. Эгерде инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө маалымдаманы массалык маалымат каражаттарында жарыялоо мөөнөтү ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөн азыраак болсо же чогулушту чакыруу тууралу кабарлама (тапшырык каттар) инвестициялык фонддун акционерлерине жөнөтүлбөсө, чогулуштун чечими чогулушта бир добуштан кабыл алынган шартта гана юридикалык күчкө ээ болот.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши

 

1. Акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши акционерлердин чогулуштарынын ортосундагы мезгилде өз компетенциясынын чектеринде инвестициялык фондду башкарат жана аткаруу органынын жана акционердик инвестициялык фонддор менен келишимдик мамиледе болгон башка субъекттердин ишине контролдук кылат.

2. Директорлор кеңеши акционерлердин атынан инвестициялык фонддун ишине контролдук кылат.

3. Директорлор кеңеши жыл сайын акционерлерге инвестициялык фонддун иши жөнүндө көз карандысыз аудитор ырастаган толук отчетту берип турат.

4. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны акционерлердин жалпы чогулушунда аныкталат, бирок бештен аз болбоого жана дайыма так санда болууга тийиш.

5. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамына ылайык алып салынган)

6. Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү акционердик инвестициялык фонддун уставы менен аныкталат, бирок үч жылдан ашпоого тийиш.

7. Депозитарийдин, адистешкен каттоочунун, аудитордун жана инвестициялык фонддун мүлкүн көз карандысыз баалоочунун аткаруу органынын мүчөлөрү (башкаруучу компаниянын кызмат адамдары), кызмат адамдары инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин курамына кире албайт.

8. Кызматтык жана экономикалык кылмышы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган адамдар инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү боло албайт.

9. Инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына:

- башкаруучу компания менен инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө ички аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо же келишим түзүү;

- инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- аткаруу органынын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу же инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

- аткаруу органдын мүчөлөрүнө же инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына акы төлөөнүн тартибин жана анын өлчөмүн белгилөө;

- аткаруу органынын сунушу боюнча каттоочу, депозитарий, баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агент, мүлктү көз карандысыз баалоочу жана көз карандысыз аудитор менен келишим түзүү же бузуу;

- инвестициялык фондду башкаруу боюнча иш жүргүзүү менен байланышкан жана акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына жана инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын компетенциясына кирбеген башка маселелер кирет.

10. Директорлор кеңешинин заседаниелери айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Аларда инвестициялык фонддун аткаруу органынын иши жөнүндө маалыматы угулат жана директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер чечилет.

11. Директорлор кеңешинин заседаниесинин чечими, эгер аны жактап директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

12. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы жана анын кызмат адамдары катышкан баалуу кагаздар менен жасалган бардык бүтүмдөр жөнүндө ай сайын директорлор кеңешине маалымат берилүүгө тийиш. Мындай талап инвестициялык фонд чыгарган акциялар менен, ошондой эле инвестициялык фонддун активдеринде турган башка эмитенттердин баалуу кагаздары менен жасалган бүтүмдөргө тиешелүү болот. Директорлор кеңеши мындай бүтүмдөрдү туруктуу текшерип турат.

Директорлор кеңеши мындай бүтүмдөрдүн:

1) таламдардын каршылашуусуна алып келбей тургандыгына;

2) колдонуудагы мыйзамдарды бузбай тургандыгына;

3) инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимдин жоболорун бузбай тургандыгына;

4) инвестициялык фонддун уставын же проспектин эмиссиясын бузбай тургандыгына ынанууга тийиш.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-1-статья. Акционердик инвестициялык фонддун ички аткаруу органы

 

1. Ички аткаруу органы ага устав тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде акционердик инвестициялык фонддун ишине жетекчилик кылат.

2. Акционердик инвестициялык фонддун ички аткаруу органынын ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же устав менен аныкталган фондду башкаруунун башка органдарынын өзгөчө компетенциясына кирбеген бардык маселелерди чечүү кирет.

3. Фонддун ички аткаруу органынын мүчөлөрү директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.

4. Ички аткаруу органы коллегиалдуу (башкарма) же жекече (башкы директор же башкаруучу) боло алат.

5. Акционердик инвестициялык фонддун уставында фондду башкаруунун тартиби жөнүндө жоболор камтылууга тийиш.

6. Ички аткаруу органынын мүчөлөрүнө төлөмдөрдүн тартиби жана сыйакылардын өлчөмдөрү фонддун директорлор кеңеши тарабынан белгиленет.

7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү башкарманын мүчөлөрү же башкы директор, болбосо башкаруучу боло алышпайт.

8. Ички аткаруу органынын компетенциясы жана акционердик инвестициялык фонддун атынан алардын иш-аракеттерин жүзөгө ашырышынын тартиби устав менен аныкталат.

9. Ички аткаруу органынын мүчөлөрү инвестициялык фонддун ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча директорлор кеңешине каалаган сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

10. Жыл сайын акционерлердин чогулушун өткөрө турган күнгө 20 күн калганда ички аткаруу органы бухгалтердик балансты, кирешелер менен чыгашалар жөнүндөгү отчетту жана башка финансылык отчетту камтыган жылдык отчетту даярдоого тийиш жана бул материалдарды таанышуу үчүн акционерлерге берүүгө тийиш.

Жылдык отчетко башкарманын төрагасы же башкы директор болбосо башкаруучу кол коюуга жана директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары

 

1. Акционердик инвестициялык фонд акча каражаттарын жөнөкөй акциялардын эмиссиясы аркылуу тартат.

2. Акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Инвестициялык фонддун акциялары энчилүү болот жана укуктардын бирдей көлөмү менен чыгарылат.

4. Инвестициялык фонддун акциялары улуттук, (пайданы капиталдаштырууну кошпогондо) акча каражаттары менен гана төлөнөт жана кызмат үчүн акы төлөө катары берилиши мүмкүн эмес.

5. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 мыйзамына ылайык алып салынган)

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын чыгарууну каттоо

 

Акциялардын эмиссиясын жана же эмиссиянын проспектисин жана инвестициялык фонддун көпчүлүктүн алдына сунуш кылуусунун шарттарын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Акционердик инвестициялык фонд тарабынан акциялардын

сатып алынышы

 

1. Акцияларды сатып алуу инвестициялык фонддун жайгаштырылган бир акциясына туура келген таза активдердин бирдей наркындагы баа боюнча жүргүзүлөт.

2. Акционердик инвестициялык фонддун чыгарылган акцияларын сатып алуу милдеттенмеси боюнча акцияларды сатып алууга жана сатууга белгиленген баа бир күндүн ичинде өзгөрө албайт.

Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун акцияларын сатып алууга жана сатууга белгиленген баа акцияларды сатып алууга жана сатууга табыштамалары кабыл алуу мөөнөтүнүн ичинде өзгөрө албайт.

3. Инвестициялык фонд тарабынан акцияларды сатып алуу ошол фонддун акцияларынын ээлеринин аларды сатып алууга берген арыздарынын негизинде жүргүзүлөт. Инвестициялык фонд өз акцияларын аларды сатып алууга арыз берилген учурда белгиленген баа боюнча сатып алууга тийиш.

Акционердик инвестициялык фонд тарабынан чыгарылган акцияларды сатып алуу милдеттенмеси боюнча акциялардын сатып алынышы акцияларды сатып алууга табыштамалары кабыл алуу күнүнөн мурдагы күндүн жумуш күнүнүн аягына белгиленген баа менен жүргүзүлөт.

Интервалдык акционердик инвестициялык фонд тарабынан акциялардын сатып алынышы акцияларды сатып алууга жана сатууга табыштамалары кабыл алуунун кезектеги мөөнөтү башталуучу күндөн мурдагы күндүн жумуш күнүнүн аягына белгиленген баа менен ишке ашырылат.

4. Инвестициялык фонддун акцияларын сатып алууга жана алууга арыздар кайта кайтарылбайт.

5. Инвестициялык фонд:

- фонддук биржа жабык же Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан фонддук биржада соодага тыюу салынган мезгилден;

- Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык фонддун активдеринин сарамжалсыз жайгаштырылышына же инвестициялык фонд тарабынан анын таза активдеринин наркы адекваттуу эмес аныкталган натыйжага алып келиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалды аныктаган мезгилден тышкарыда сатып алууга сунуш кылынган акциялар үчүн төлөмдөрдү 14 календарлык күндөн ашыкка кечиктирүүгө укуксуз.

6. Чыгарылган акцияларды сатып алуу милдеттенмеси боюнча акционердик инвестициялык фонддун акцияларына баа ар бир жумуш күнүнүн аякталышына карата белгиленет.

Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун акцияларына баалар акцияларды сатып алууга жана сатууга табыштамалары кабыл алуунун кезектеги мөөнөтү башталчу күндөн мурдагы күндүн жумуш күнүнүн аякталышына карата белгиленет.

7. Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун уставында жана эмиссиянын проспектинде акцияларды сатып алууга жана сатууга табыштамалары кабыл алуунун мезгилдүүлүгү жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун акцияларын сатып алууга жана сатууга табыштамаларды кабыл алуунун мөөнөтүнүн узактыгы инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан белгиленет жана ал кеминде 14 календардык күндү түзүүгө тийиш. Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун акцияларын сатып алууга табыштамаларды кабыл алуу жылына кеминде бир жолу жүзөгө ашырылууга тийиш.

8. Чыгарылган акцияларды сатып алуу жагынан милдеттенмеси болбогон инвестициялык фонд сатып алуу күнүнөн мурдагы күндүн жумуш күнүнүн аякталышына карата эсептелген бир акцияга туура келүүчү таза активдердин наркынан ашпаган баа менен өз акцияларын өз ыктыяры менен сатып ала алат, мында фонд тарабынан сатып алуу чыгарылган акциялардын жалпы санынын 10 пайызынан ашып кетишине алып келбөөгө тийиш.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларды чыгаруусу

 

1. Инвестициялык фонд бир эле учурда сатып алынуучу жана сатып алынбай турган акцияларды чыгара албайт.

2. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын жайгаштыруу алардын номиналдуу наркынан төмөн болгон баа менен жүргүзүлө албайт.

Сатып алынуучу акцияларды чыгарган инвестициялык фонд аларды бир акцияга туура келген жайгаштырылган таза активдердин наркынан төмөн баада сата албайт.

3. Өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес инвестициялык фонд акцияларды сунуш кыла турган бааны аныктоого тийиш. Акциялардын баасы массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка билдирилиши керек.

4. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамына ылайык алып салынган)

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Акционердик инвестициялык фондду жоюу

 

1. Акционердик инвестициялык фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоюлушу мүмкүн.

2. Өз ыктыяры менен же соттук тартипте жоюу учурунда акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынган инвестициялык фондду жоюу жөнүндөгү чечим Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

3. Акционердик инвестициялык фонд мамлекеттик тизмеге тийиштүү жазуу жазылган учурдан баштап жоюлду деп эсептелет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III бөлүм Үлүштүк инвестициялык фонддор

 

18-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддорду түзүү жана каттоо

 

1. Үлүштүк инвестициялык фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзбөстөн инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин негизинде түзүлөт.

2. Үлүштүк инвестициялык фонд башкаруучу компания тарабынан үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан баштап түзүлдү деп эсептелинет.

3. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттоонун милдеттүү шарттары:

- башкаруучу компанияда тийиштүү лицензиянын болушу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен типтүү келишимге ылайык адистешкен депозитарий менен жана адистештирилген каттоочу, жана көз карандысыз аудитор менен келишимдер түзүү.

4. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47, 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

19-статья. Үлүштүк инвестициялык фондго катышуу

 

1. Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен ошол үлүштүк инвестициялык фондго каражаттарын берген жактардын (инвесторлордун) ортосунда мүлктү үлүштүк инвестициялык фонддун курамында ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү ачык оферта шарттарында инвесторлордун акцептөөчү жолу менен мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлөт.

2. Үлүштүк инвестициялык фондду түзгөн мүлктөгү инвесторлордун үлүштөрү инвестициялык үлүштөр менен ырасталат.

3. Үлүштүк инвестициялык фонддун мүлкү инвесторлордун ишенимдүү башкарууга берилген мүлкүнөн, ошондой эле башкаруучу компания инвесторлордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу процессинде алган мүлктөн турат.

4. Үлүштүк инвестициялык фонддун мүлкү башкаруучу компаниясынын мүлкүнөн жана ошол башкаруучу компаниясы менен башкарган башка инвестициялык фонддорду түзгөн мүлктөн өзүнчө күтүлүүгө жана эсепке алынууга тийиш.

5. Үлүштөрдүн ээлери үлүштүк инвестициялык фондду башкарууга байланыштуу келип чыккан башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча өздөрүнө таандык инвестициялык үлүштөрдүн наркынын чегинде гана жооп беришет.

Инвестициялык үлүштөрдүн ээлери үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлктүн рыноктук наркынын өзгөргөндүгүнө байланышкан чыгымдардын тобокелдигин көтөрүшөт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү

 

1. Инвестициялык үлүш энчилүү баалуу кагаз болуп саналат, ал төмөндөгүлөрдү ырастайт:

үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлккө болгон менчик укугуна анын ээсинин үлүшүн;

анын ээсинин укугун:

- аны инвестициялык фондго кайтарып берүүгө, бул үчүн таза активдердин наркынын жайгаштырылган инвестициялык үлүштөрүнүн жалпы санына катышы катары аныктала турган өлчөмдөгү акчалай түрүндө төлөнгөн сумманы алууга;

- башкаруучу компаниядан үлүштүк инвестициялык фондду ойдогудай ишенимдүү башкарууну талап кылууга;

- үлүштүк инвестициялык фонддун жана анын башкаруучу компаниясынын иши менен байланышкан маалыматтарды алууга.

Инвестициялык үлүш эмиссиялык баалуу кагаз болуп саналбайт.

2. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмитенти башкаруучу компания болуп саналат. Инвестициялык үлүштөрдү чыгаруунун, аларды жайгаштыруунун жана жүгүртүүнүн тартиби инвестициялык фонддун эрежелери менен белгиленет.

3. Инвестициялык үлүш номиналдык наркка ээ болбойт. Инвестициялык үлүштөр боюнча пайыздар жана дивиденддер чегерилбейт.

4. Ар бир инвестициялык үлүш мүлккө болгон жалпы менчикти түзүүчү үлүштүк инвестициялык фонддун укугундагы бирдей үлүштү жана бирдей укукту ырастайт.

5. Инвестициялык үлүштөр документтик эмес формада чыгарылат.

6. Инвестициялык үлүштөрдү төлөө улуттук валютадагы акча каражаттары менен жүргүзүлөт.

7. Инвестициялык үлүштөрдөн баалуу кагаздарды чыгарууга жол берилбейт.

8. Үлүштүк инвестициялык фондунун инвестициялык үлүштөрүн баштапкы жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча отчету баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин инвестициялык үлүштөр эркин жүгүртүлөт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери

 

1. Үлүштүк инвестициялык фонддун иши инвестициялык фонддун эрежелери үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания бекитүүчү менен жөнгө салынат.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде төмөнкүлөр:

- үлүштүк инвестициялык фонддун толук жана кыскартылган аталышы;

- үлүштүк инвестициялык фонддун түрү;

- компанияны башкаруучунун фирмалык аталышы, турган орду, уюштуруу-укуктук формасы, тиешелүү лицензияны алган күн жана лицензиясынын номери;

- депозитарийдин, адистештирилген каттоочу турган орду, аталышы, тийиштүү лицензияны алган күн жана лицензиянын номери;

- үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринин ажыралгыс бөлүгү болуп саналган, инвестициялык декларацияда баяндалган ишке ашырылып жаткан инвестициялардын багыттары;

- инвестициялык фондду башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери;

- башкаруучу компанияга акы төлөп берүүнүн өлчөмү, шарты жана тартиби;

- үлүштүк инвестициялык фондду башкаруу боюнча башкаруучу компанияга орду толтурулуп бериле турган чыгымдардын түрлөрү, ошондой эле мындай чыгымдарга карата белгиленген чектөөлөр;

- инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин укуктары, инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруунун жана сатып алуунун тартиби жана шарттары;

- инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктоонун тартиби;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш.

2. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду каттоо жөнүндөгү билдирүү, бул эрежелердин же өзгөртүүлөр менен толуктоолордун толук тексти менен тааныштыруунун тартиби жөнүндөгү маалыматты камтуу менен массалык маалымат каражаттарынын басылмаларында жарыяланууга тийиш.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор аларды каттоо жөнүндөгү билдирүү жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде күчүнө кирет.

Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду каттоо жөнүндө билдирүү жарыялангандан кийинки жакынкы табыштамаларды кабыл алуунун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып күчүнө кирет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-статья. Инвестициялык үлүштөрдү алууга жана сатып алууга арыз

 

1. Инвесторлордун мүлкүн башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна берүү жөнүндө келишим инвестициялык үлүштөрдү алууга арыздын негизинде түзүлөт жана инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга арыздын негизинде токтотулат.

2. Инвестициялык үлүштөрдү алууга жана сатып алууга арыз баш тарткыс мүнөздө болот. Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине ылайык арыз компанияга жана/же инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агенттерге берилет.

3. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде сатып алууга арыз кабыл алынбайт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-статья. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу

 

1. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде көрсөтүлгөн мөөнөттө башталат.

2. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталат жана 90 календарлык күндөн ашпоого тийиш.

3. Алгачкы жайгаштырууда инвестициялык үлүштүн наркы башкаруучу компания тарабынан белгиленет жана инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде өзгөрүлүүгө тийиш эмес.

4. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген суммадан кем болбоого тийиш. Андай болбогон учурда башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү алууга арыздарды кабыл алууну токтотууга милдеттүү жана үлүштүк инвестициялык фонд жоюлат. Алгачкы жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар инвестициялык үлүштөрдүн ээлерине кайра кайтарылат.

5. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мезгилинде башкаруучу компания алынган акча каражаттарын коммерциялык банктарга эркин конвертирленүүчү валюта жана мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө депозитте гана жайгаштырууга укуктуу.

6. Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө сунуш кылууга жана аны басылмаларда жарыялоого милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

24-статья. Инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруу жана сатып алуу

 

1. Инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруунун баасы жана сатып алуунун баасы инвестициялык үлүштүн эсептешүү наркынын негизинде аныкталат.

Чыгарылган инвестициялык үлүштөрдү сатып алуу милдеттенмеси менен үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууга жана сатып алууга белгиленген баа бир күндүн ичинде өзгөрө албайт.

Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууга жана сатып алууга белгиленген баа инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүнүн ичинде өзгөрө албайт.

2. Инвестициялык үлүштүн эсептешүү наркы үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын жайгаштырылган инвестициялык үлүштөрдүн санына бөлүү жолу менен аныкталат.

Чыгарылган инвестициялык үлүштөрдү сатып алуу милдеттенмеси менен үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жана сатып алуу инвестициялык үлүштү жайгаштырууга жана сатып алууга табыштамаларды кабыл алган күндөн мурдагы жумуш күнүнүн аягына карата белгиленген эсептешүү наркы боюнча жүргүзүлөт.

Инвестициялык фонддун интервалдык үлүшүнүн инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жана сатып алуу инвестициялык үлүштөрдү жайгаштырууга жана сатып алууга табыштамаларды кабыл алган күндөн мурдагы жумуш күнүнүн аягына карата белгиленген эсептешүү наркы боюнча жүргүзүлөт.

3. Үлүштүк инвестициялык фонддун чыгарылган инвестициялык үлүштөрүн сатып алуу милдеттенмеси менен үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууга жана сатып алууга табыштамалар ар бир жумуш күнү кабыл алынат.

Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн алууга жана сатып алуу арыздар анын эрежелеринде аныкталган мөөнөттүн ичинде гана кабыл алынат.

4. Өзү эмиссиялаган инвестициялык үлүштөрүн сатып алууга милдеттүү үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлери өздөрүнө таандык инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга арызды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып берүүгө укуктуу.

Интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлери өздөрүнө таандык инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга арызды интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде белгиленген мөөнөттө берүүгө укуктуу.

5. Инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруу жана сатып алуу тартиби үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Үлүштүк инвестициялык фондду жоюу

 

1. Үлүштүк инвестициялык фонд төмөнкүдөй учурларда:

- башкаруучу компаниянын демилгеси боюнча;

- эгерде инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун мөөнөтү аяктагандыгынын натыйжасында инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандан азды түзсө;

- эгерде фонддун башкаруучу компаниясынын тиешелүү лицензиясы жокко чыгарылса жана лицензия жокко чыгарылган күндөн тартып бир айдын ичинде анын укуктары менен милдеттери башка башкаруучу компанияга өткөрүп берилбесе;

- эгерде башкаруучу компаниянын өз ыктыяры менен жоюлушу жөнүндө чечим кабыл алынса;

- эгерде үлүштүк инвестициялык фонддун тиешелүү депозитарийинин лицензиясы жоюлса жана лицензия жокко чыгарылган күндөн тартып бир айдын ичинде башка депозитарий менен келишим түзүлбөсө;

- эгерде үлүштүк фонд түзүлгөн мөөнөт аяктаса;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жоюлат.

2. Фонд жоюлган учурда аны түзгөн мүлк сатылат. Андан түшкөн каражаттар кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан, фондду жойгон жакка акы төлөгөндөн жана жоюуга байланышкан чыгымдардын орду толтурулгандан, фондду башкаруучу компанияга, депозитарийге, адистештирилген каттоочуга, аудиторго жана фонддун көз карандысыз баа берүүчүсүнө чегерилген акы төлөнгөндөн кийин анын инвестициялык үлүштөрүнүн ээлеринин ортосунда өздөрүнө таандык болгон инвестициялык үлүштөрдүн санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

3. Үлүштүк фондду жоюу, анын ичинде аны түзгөн мүлктү сатуу, кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жана акча каражаттарын инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү боюнча милдет фонддун компаниясын башкаруучуга, ал эми анын лицензиясы жоюлган же фондду башкаруучу компания жоюлган учурда Баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссия дайындаган фондду убактылуу башкаруучуга, ал эми мындай башкаруучу дайындалбаган учурда фонддун адистештирилген депозитарийине жүктөлөт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

IV бөлүм Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы. Инвестициялык фонддун чыгымдары

 

(Бөлүмдүн аталышы 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-статья. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы

 

1. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы - тиешелүү лицензиясы бар жана акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишим түзгөн же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттаган юридикалык жак.

Ишинин негизги түрү брокердик жана дилердик иш болгон юридикалык жак башкаруучу компания боло албайт

2. Башкаруучу компания тиешелүү фонддордун инвестициялык декларациялары алардын инвестициялык максаттарынын мазмуну бири-биринен айырмаланган шартта бир нече фонддорду башкарууга укуктуу.

3. Юридикалык жак башкаруучу компаниянын аткаруучу органы боло албайт.

4. Башкаруучу компания өз атынан иш жүргүзөт. Мында ал инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы катары иш жүргүзө тургандыгын көрсөтүүгө жана инвестициялык фонддун аталышына таянууга милдеттүү.

5. Башкаруучу компания акциялары инвестициялык фондго таандык болгон акционердик коомдорду башкарууга атайын ишеним каты болбой туруп эле катышууга укуктуу.

6. Башкаруучу компания инвестициялык фондду инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жана фонддун акционерлеринин таламында башкарууга милдеттүү.

7. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы инвестициялык фонддун активдеринин менчик ээси болуп саналбайт. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын мүлкү инвестициялык фонддун мүлкүнөн бөлөк турууга тийиш.

8. Банктар инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын функцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз.

9. Башкаруучу компаниянын өзүнүн минималдуу капиталы боюнча талаптары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

10. Инвестициялык фондду башкаруучу компаниянын кызмат адамдарына карата квалификациялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

27-статья. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын функциялары жана милдеттери

 

1. Инвестициялык фондду башкаруучу компания өз функцияларын инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине, уставга жана башкаруучу компания менен акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырат.

2. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

- фонддун баалуу кагаздарын жайгаштыруу жана инвестициялык чечимдерди турмушка ашыруу процессинде инвестициялык фонддун депозитарийи жана баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучулары менен эриш-аркак аракеттенет;

- инвестициялык фонддун акча каражаттарын инвестициялык активдерге инвестициялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана бул активдер менен ар кандай жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген башка функцияларды аткарат.

3. Башкаруучу компаниянын милдеттерине төмөнкүлөр:

- инвестициялык фонддун инвестициялык саясатын анын инвестициялык декларациясынын негизинде жүзөгө ашыруу, ал инвестициялык активдер жагынан ар кандай бүтүмдөрдү түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну өзүнө камтыйт;

- өз ишинин натыйжалары жөнүндө акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында дайыма отчет берүү;

- бардык үчүнчү жактар менен мамилелерде инвестициялык фонддун таламдарын билдирүү;

- акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө тиешелүү келишимде, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде жана Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка милдеттер кирет.

4. Башкаруучу компаниянын инвестициялык фондду башкаруу боюнча өзү кабыл алган чечимдерин аткаруу боюнча тапшырмаларын депозитарий жана бул инвестициялык фондго тиешелүү келишимдердин негизинде кызмат көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучулары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.

5. Башкаруучу компаниянын жана кызмат адамдары өзүнүн укукка жат иш-аракеттери үчүн, анын ичинде инвестициялык фондго келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк, тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартат.

6. Акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы директорлор кеңешинин макулдугу болмоюнча төмөнкүлөргө:

- алар менен бүтүмдүн натыйжасында башкаруучу компания жарандык-укуктук мамилеге, болбосо менчик ээсинин же кредитордун укугуна ээ болгон уюмдарга инвестициялык фонд инвестицияларды жасаган чечимдерди кабыл алууга же иш-аракеттерди жасоого;

- тараптардын бири акцияларынын 5 же андан ашык пайызын инвестициялык фонд ээлеген уюм болгон бүтүмдөр жагында үчүнчү жактарга консультация берүүгө укуксуз.

7. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 мыйзамына ылайык алып салынган)

8. Акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимде жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын ишине акы төлөө тартиби, мөөнөтү жана өлчөмү, баалуу кагаздар жана башка субъекттер рыногунун кесипкөй катышуучулары менен өз ара мамилелерде инвестициялык фонддун таламдарын билдирүү шарттары белгиленет.

Акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө башкаруучу компаниясы менен келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү директорлор кеңешинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор башкаруучу компания тарабынан киргизилет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

28-статья. Инвестициялык фонддун чыгымдары

 

1. Инвестициялык фонддун чыгымдары болуп төмөнкүлөр саналат:

- акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органына жана үлүштүк

инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына сыйакы;

- инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн акысы;

- рекламага чыгым;

- аудитордун жана көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматтарына чыгымдар;

- инвестициялык фонддун иши менен байланышкан баалуу кагаздар боюнча кесиптик иш аткарган депозитарийдин жана башка уюмдардын кызматтарына чыгымдар.

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө чыгымдар.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн чыгымдарды кошпогондо, инвестициялык фондду башкарууга байланышкан дагы башка чыгымдар аткаруу органдын сыйакысына жумшалган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат";

2. Инвестициялык фонддун баалуу кагаздарын жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агенттердин жайгаштыруу жана сатып алуу менен байланышкан чыгымдары инвестициялык фонддун чыгымдарына кирбейт жана операция жүргүзүлгөн учурдагы баалуу кагаздардын наркынын 5 пайызынан ашпайт.

3. Акционердик инвестициялык фонддун жылдык эң жогорку жыйынды чыгымдары инвестициялык фонддун таза активдеринин орточо жылдык наркынын 8 пайызынан ашпайт.

Үлүштүк инвестициялык фонддун эң жогорку суммадагы жылдык чыгымдары инвестициялык фонддун таза активдеринин орточо жылдык наркынын 5 пайызынан ашпайт.

4. Акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимде же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде инвестициялык фонддун жылдык эң жогорку жыйынды чыгымдарын 8 пайыздан аз өлчөмдө чектөө каралышы мүмкүн.

5. Инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

29-статья. Акционердик инвестициялык фондду башкаруу органдарына жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына сыйакы

 

1. Акционердик инвестициялык фонддун башкаруу органдарына жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясына сыйакынын эң жогорку өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Эгерде инвестициялык фондду башкаруу иши менен алектенген компаниянын башкаруучусунун лицензиясы фонддун жоюлушуна алып келген себеп боюнча чакыртып алынса жана/же жокко чыгарылса, анда башкаруучу компанияга фондду жоюу процессинде эсептелген сыйакы төлөнбөйт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

   

V бөлүм Инвестициялык фонддун мүлкүн эсепке алуу жана сактоо. Инвесторлордун укуктарын эсепке алуу

 

30-статья. Отчеттуулук жана талап кылынган жазууларды жүргүзүү

 

1. Инвестициялык фонд өз ишинин натыйжалары боюнча бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана отчет түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.

2. Жазууларды жүргүзүү, мүлктү сактоо жана инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына карата укуктарды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

3. Акционердик инвестициялык фонд жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүгө милдеттүү.

Аныгын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү жагынан аудитордук текшерүүгө бухгалтердик эсеп, акционердик инвестициялык фондго таандык болгон мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулукту түзүү, үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлк жана бул мүлк менен жасалган операциялар алынат.

4. Акционердик инвестициялык фонддун жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын иши жөнүндөгү маалыматтарды ачууга талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

31-статья. Мүлктү сактоого жана инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына карата укуктарды эсепке алууга карата талаптар

 

1. Акционердик инвестициялык фонд менен үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- инвестициялык фонддун депозитарийи менен келишим түзүүгө;

- инвестициялык фондго таандык болгон бардык документтик баалуу кагаздарды инвестициялык фонддун депозитарийинде инвестициялык фондду башкаруучу компанияга жана башка жактарга таандык болгон баалуу кагаздардан өзүнчө сактоого;

- инвестициялык фондго таандык болгон бардык баалуу кагаздарга укукту эсепке алууну депозитарийге берүүгө;

- инвестициялык фонддун акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте сактоого;

- алгачкы эсепке алуу документтерин жана акча каражаттары менен байланышкан же баалуу кагаздар рыногу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ырастаган талаптарга ылайык инвестициялык фонддун баалуу кагаздарга болгон укугун тастыктаган документтерин сактоого.

2. Мүлктү сактоо жана инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына

карата укуктарды эсепке алуу тартибин Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

32-статья. Инвестициялык фонддун депозитарийи

 

1. Тиешелүү лицензиясы бар уюм инвестициялык фонддун депозитарийи боло алат.

2. Депозитарий акционердик инвестициялык фонддун жана үлүштүк инвестициялык фонддун инвесторлорунун таламдарында гана аракеттенет.

3. Ар бир инвестициялык фонддун бир гана депозитарийи болууга тийиш.

4. Инвестициялык фонддун депозитарийи төмөнкүлөргө:

- инвестициялык фонддун жана башкаруучу компаниянын ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, акционердик инвестициялык фонддун уставын, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин, инвестициялык декларацияны сакташына контролдук кылууга;

- инвестициялык фонддун мүлкүнүн, анын ичинде, өзүнчө баланстын эсебин, анын оошуп кетишине, анын ичинде, депозитарийге же башкаруучу компанияга таандык болгон мүлк менен оошуп кетүүсүнө жол бербей өзүнчө жүргүзүүгө;

- инвестициялык фонддун мүлкү үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине, акционердик инвестициялык фонддун уставына жана акциялардын эмиссиясынын проспектисине ылайык тескелишине контролдук кылууга;

- инвестициялык фонддордун депозитарийлеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка талаптарды аткарууга милдеттүү.

5. Инвестициялык фонддун депозитарийи төмөндөгүлөргө укугу жок:

- инвестициялык фондго таандык болгон акча каражаттары менен баалуу кагаздарды пайдаланууга жана тескөөгө;

- инвестициялык фондго же башкаруучу компанияга инвестициялык фонддун акча каражаттары менен баалуу кагаздарын башкарууга макулдук берүүгө, ошондой эле инвестициялык фонддун же башкаруучу компаниянын инвестициялык фонддун баалуу кагаздарын өткөрүп берүү боюнча тапшырмаларын аткарууга, эгерде мындай тескемелер жана өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү түрдө акционердик инвестициялык фонддун уставына жана инвестициялык декларациясына, акционердик инвестициялык фонд менен башкаруучу компаниянын ортосундагы келишимге жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине карама-каршы келсе.

6. Инвестициялык фонддун депозитарийине карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

7. Инвестициялык фонддун депозитарийи өзүнүн мыйзамга ылайык келбеген иштери үчүн, анын ичинде инвестициялык фондго келтирген зыяны үчүн да инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен мүлктүк жоопкерчиликти бирге тартат.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

VI бөлүм Инвестициялык фонддордун ишин чектөө

 

33-статья. Инвестициялык фонддордун ишин чектөө

 

1. Инвестициялык фонд төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого:

- кабыл алуу шарттары жана тартиби инвестициялык фонддун уставына жана эрежелерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген милдеттенмелерди өзүнө алууга;

- инвестициялык декларацияда көрсөтүлбөгөн активдерге инвестициялоону жүзөгө ашырууга;

- мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоодон тышкарыда, инвестициялык фонддун бардык таза активдеринин 15 пайыздан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына инвестициялоого;

- инвестициялык фонддордун аффилирленген жактары, депозитарий, көз карандысыз аудитор, көз карандысыз баа берүүчү, ошондой эле алардын аффилирленген жактары чыгарган баалуу кагаздарга каражаттарды инвестициялоого;

- өзү ээлик кылбаган жана ээлик кылууга укугу болбогон баалуу кагаздарды сатуу жөнүндө келишим түзүүгө;

- акча каражаты жана башка мүлк түрүндө карыз берүүгө;

- эгерде кайтарылууга тийиш болгон кредиттин (карыздын) жалпы көлөмү кредит (карыз) жөнүндө келишимге кол коюлган күндөгү инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынан 10 пайызга ашса, карыз капиталын тартууга укуксуз. Кредит (карыз) узартуу укугусуз алты айдан ашпаган мөөнөткө алынышы мүмкүн. Кредит (карыз) жөнүндө келишим инвестициялык фонд чыгарган баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн зарыл болгон акча каражаттарына кыска мөөнөттүү муктаждыкты канааттандыруу үчүн гана акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен түзүлүшү мүмкүн;

- ар кандай түрдөгү кепилдиктерди берүүгө же күрөө бүтүмдөрүн жасоого;

- брокер катарында чыгууга;

- башка инвестициялык фонддор чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга;

- бул инвестициялык фонддун аффилирленген жактары менен бүтүм түзүүгө;

- инвестициялык фонддун туунду ишканаларын түзүүгө;

- фонд чыгарган баалуу кагаздардан пайда (киреше) алууга же алардын наркынын көтөрүлүшүн кепилдөөгө же убада кылууга;

- өзү эмиссияланган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес, акционердик инвестициялык фонд чыгарган акцияларды сатып алууну же кайра сатып алууну кепилдөөгө же убада кылууга укуксуз.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык фонддордун ишине кошумча чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

VII бөлүм Инвестициялык фонддордун жана аларды башкаруучу компаниялардын ишине мамлекеттик контроль

 

(Бөлүмдүн аталышы 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Инвестициялык фонддордун жана аларды башкаруучу компаниялардын ишине мамлекеттик контроль

 

1. Инвестициялык фонддордун жана аларды башкаруучу компаниялардын ишине мамлекеттик контролду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

2. Мамлекеттик контроль төмөнкүдөй учурларда:

- акционердик инвестициялык фонддун акцияларын чыгарууну мамлекеттик каттоодо;

- инвестициялык фонддорду жана аларды башкаруучу компанияларды лицензиялоодо;

- үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерин каттоодо жүргүзүлөт.

Инвестициялык фонддордун, аларды башкаруучу компаниялардын жана инвестициялык фонддун иши менен байланышкан баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучуларынын иши да мамлекет тарабынан контролдонот.

3. (Бөлүк КР 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

35-статья. Проблемалуу инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртуу

 

1. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, эгерде инвестициялык фонд мыйзамдарды жана ченемдик актыларды бузса же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген иш жүргүзсө, кийин ага карата таасир этүүнүн алда канча олуттуу чаралары колдонулушу мүмкүн экендигин билдирүү максатында ага эскертүү берет.

2. Эгерде инвестициялык фонд мыйзамдарды бузгандыгынын, экономикалык ченемдерди сактабагандыгынын же эсепке алууну жана отчеттуулукту бузгандыгынын фактылары табылса, Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эреже бузууларды четтетүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен инвестициялык фондго активдер жагындагы жана/же, пассивдер жагындагы операцияларды токтотуу жөнүндө милдеттендирүүчү катты жиберет.

3. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөндөгүдөй учурларда инвестициялык фонддун убактылуу башкаруучусун дайындайт:

- башкаруучу компаниянын инвестициялык фонддун ишинде эреже бузуулардын фактылары табылганда;

- инвестициялык фонддун финансылык абалы канааттандырарлыксыз болгондо;

- инвестициялык фондду башкарган органдардын ортосунда анын ишин бузушу мүмкүн болгон пикир келишпестиктер келип чыкканда;

- инвестициялык фонд башкаруусунан ажыраганда өткөрүп берет.

4. Инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртуу менен байланышкан чараларды колдонуу тартиби, ошондой эле андай чаралардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67, 2010-жылдын 11-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

VIII бөлүм Корутунду жоболор

 

36-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;

- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев