Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-октябры № 923-т
Чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025–2026-жылдарга чакан жана орто ишкердик субъекттеринин лизингдик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөштүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жалпылоо үчүн Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарына аталган Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды камсыз кылуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
2025–2026-жылдарга чакан жана орто ишкердик субъекттеринин лизингдик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөштүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Индикатор | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу органдар |
1 | 2002-жылы кабыл алынган финансылык ижара (лизинг) жөнүндө мыйзамдарды актуалдаштыруу | "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин кайра кароо | КР Мыйзамы иштелип чыкты жана кабыл алынды | 2026-жылдын декабры | Финкөзөмөл |
2 | Финансы-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу лизинг алуучуларга карата талаптарды жөнөкөйлөштүрүү | Финансы-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУА кабыл алынды | 2026-жылдын декабры | КРУБ, ЭКМ |
3 | Лизинг компаниялары, коммерциялык банктар жана өнүктүрүү фонддору тарабынан лизинг алуучуларга берилүүчү лизинг боюнча пайыздык ставканы төмөндөтүү маселелерин изилдөө | Лизинг компаниялары, коммерциялык банктар жана өнүктүрүү фонддору тарабынан берилүүчү лизинг боюнча пайыздык ставканы лизинг алуучулар үчүн төмөндөтүү маселеси боюнча сунуштарды киргизүү | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштар киргизилди | 2025-жылдын декабры | КРУБ, ФМ |
4 | Жеке жактарды, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди жана уюмдарды, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан окуу жана илимий жайларды кошуу аркылуу лизинг алуучулардын түзүмүн кеңейтүү | Лизинг алуучулардын чөйрөсүн кеңейтүүнү караган ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде банк мыйзамдарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | ЧУАга түзөтүүлөр киргизилди | 2026-жылдын декабры | Финкөзөмөл, КРУБ, САЧКӨМ, ФМ |
5 | Чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн лизинг боюнча финансылык жүктү азайтууну камсыз кылуу | Лизинг үчүн төгүмдөр боюнча пайыздык ставкаларды 10%га чейин төмөндөтүү маселесин кароо | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштар киргизилди | 2026-жылдын 30-марты | Финкөзөмөл, мамлекеттик лизинг компаниялары (макулдашуу боюнча), өнүктүрүү фонддору |
Мамлекеттик программалардын алкагында чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн лизингдик төлөмдөр жана пайыздык ставкалар бөлүгүндө республикалык бюджеттен субсидиялоо жөнүндө маселени кароо | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштар киргизилди | 2026-жылдын 1-январы | ФМ, ЭКМ, САЧКӨМ, мам. банктар жана өнүктүрүү фонддору | ||
6 | Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда лизинг алуучулардын кызыкчылыктарын жана чакан жана орто ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу | Лизинг берүүчү менен лизинг алуучунун ортосундагы келишимдин шарттарында форс-мажордук жагдайларды киргизүү талаптарын кароо | ЧУАга түзөтүүлөр киргизилди | 2026-жылдын марты | Финкөзөмөл, САЧКӨМ, ФМ, МСК, МБК |
7 | Рынокто лизингдик кызмат көрсөтүүлөрдүн ийкемдүүлүгүн жогорулатуучу механизмдерди киргизүү | Ченемдик укуктук актыларда жана келишимдерде лизинг алуучуларга лизингдин предметин мөөнөтүнөн мурда сатып алууга уруксат берүүнү кароо | ЧОИ лизингдин предметин мөөнөтүнөн мурда сатып алууга укуктуу | 2026-жылдын декабры | Финкөзөмөл, САЧКӨМ |
8 | Күрөөлүк камсыздоонун болушу же бизнес-план берүү, же баштапкы төлөмдү төлөө шарттарын альтернативдүү тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнүн эсебинен лизингге техниканы жана жабдууларды алууда кооперативдерге карата коюлуучу талаптарды жөнөкөйлөштүрүү | Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жана чакан жана орто бизнестин уюштуруучуларынын кредиттик таржымалына мониторинг жүргүзбөстөн жана текшербестен кооперативдерге жана чакан жана орто ишкердик субъекттерине бизнес-пландын же алдын ала төлөмдүн же лизинг предметинин наркынын 20%ы өлчөмүндө күрөөлүк камсыздоонун болушунун негизинде техниканы жана жабдууларды лизингге алууга уруксат берүү | Лизинг алган кооперативдердин жана ЧОИ үлүшү көбөйдү | 2026-жылдын декабры | Финкөзөмөл, КРУБ, САЧКӨМ, лизинг компаниялары, мам. банктар (макулдашуу боюнча) жана өнүктүрүү фонддору |
9 | Лизинг алуучуларга карата талаптарды жаңылоо жана дифференциациялоо | Лизинг алуучуларга/чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата дифференциацияланган талаптарды киргизүү | Лизинг ЧОИнин мүмкүнчүлүктөрүн/жөндөмдөрүн эске алуунун негизинде берилүүдө | 2026-жылдын декабры | Финкөзөмөл, КРУБ |
10 | Арзан кредиттик ресурстардын жана башка инструменттердин эсебинен лизингдик операцияларды туруктуу каржылоону камсыз кылуу | Мамлекеттик лизинг компанияларынын фонддорун жана өнүктүрүү фонддорун түзүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен каражат бөлүү маселесин кароо | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштар киргизилди | 2025-жылдын 30-ноябры | ФМ, САЧКӨМ, ЭКМ, лизинг компаниялары (макулдашуу боюнча) жана өнүктүрүү фонддору |
11 | Лизинг алуучуга/чакан жана орто ишкердик субъектине жүктү алардын ишинин сезондуулугун эске алуу менен азайтуу | Лизинг боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн ийкемдүү графигинин механизмин киргизүү | ЧУАга түзөтүүлөр киргизилди | 2026-жылдын марты | Финкөзөмөл, САЧКӨМ, КРУБ |
12 | Лизинг алуучулардын демилгеси боюнча экинчи рыноктун эсебинен чакан жана орто ишкердик субъекттерине лизингге берилүүчү техниканын ассортиментин кеңейтүү | Мурда колдонулган техниканы, жабдууларды сублизингге жана лизингге берүү механизмин киргизүү | Экинчи рыноктогу техника менен келишимдердин үлүшү көбөйдү | 2025-2026-жылдар | Финкөзөмөл, САЧКӨМ, ФМ |
13 | Лизингдик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн маалымкаттарды жана документтерди берүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана санариптештирүүгө өтүү маселелерин кароо | Документтердин санын кыскартуу жана зарыл болгон маалыматтар электрондук форматта болгон учурда аларды "Түндүк" аркылуу электрондук түрдө берүүнү киргизүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүү | Онлайн-өтүнмөлөрдүн үлүшү 50%га көбөйдү | 2025-2026-жылдар | Финкөзөмөл, КРУБ, СӨИТМ, лизинг компаниялары, мам. банктар, (макулдашуу боюнча) жана өнүктүрүү фонддору |
14 | Лизингдик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жаңы ишкердик субъекттерин жана стартаперлерди колдоо механизмдерин киргизүү | Өткөн жылдар үчүн отчетторду жана баланстарды берүү талаптарын алып салуу менен лизингдик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы ишкердик субъекттерин жана стартап-долбоорлорду тейлөөнү камсыздоо | Лизинг алган ишкердик субъекттеринин жана стартаптардын саны өстү | 2026-жыл | Финкөзөмөл, КРУБ, САЧКӨМ лизинг компаниялары, мам. банктар (макулдашуу боюнча) жана өнүктүрүү фонддору |
Кыскартуулардын тизмеси
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
ЭБ | - | "Элдик Банк" ачык акционердик коому |
ӨКӨФ | - | Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
РКӨФ | - | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
ВКӨФ | - | Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
АКӨФ | - | Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
МК | - | Мамлекеттик лизинг компаниясы |