Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-августу № 140
Товардык биржалар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам товардык биржалардын иши жана биржалык соода жүргүзүү процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, товардык биржалардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо тартибин белгилейт.
1-берене. Товардык биржалар жана биржалык соода чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Товардык биржалар жана биржалык соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында жайгашкан товардык биржаларга карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1) базалык актив - мөөнөттүү биржалык контракт, атап айтканда, фьючерс же опцион түзүлүүчү конкреттүү товар же товарлардын тобу;
2) биржа брокери - товардык биржада өз ишин жүргүзүүчү жана кардардын тапшырмасы боюнча анын эсебинен жана кызыкчылыгында биржалык товарга бүтүмдөрдү жасоочу ишкердик субъекти;
3) биржа дилери - товардык биржада өз ишин жүргүзүүчү жана биржалык товарга бүтүмдөрдү өз кызыкчылыгында жана өз эсебинен жасоочу ишкердик субъекти;
4) биржалык камсыз кылуу - биржалык тооруктарга катышуу үчүн түзүлүүчү биржалык бүтүмдөр боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылуусун камсыз кылуу катары биржалык сооданын катышуучулары тарабынан товардык биржанын же товардык биржанын клирингдик борборунун эсебине кайтарым негизде салынуучу акчалай каражаттар;
5) биржалык соода - товардык биржалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биржалык товарларды сатуу боюнча электрондук түрдө биржалык тооруктарды өткөрүү, бүтүмдөрдү каттоо жана тариздөө жолу менен товардык биржада жүргүзүлүүчү ишкердик иш;
6) биржалык тооруктар - биржалык соода эрежелерине ылайык өткөрүлүүчү, биржалык бүтүмдөрдү түзүү процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу товардык биржанын электрондук соода тутумуна берилген электрондук өтүнмөлөрдүн негизинде биржалык товарларга бүтүмдөрдү жасоого багытталган процесс;
7) биржалык товар - ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен товардык биржа тарабынан биржалык соодага жол берилген стандартташтырылган же стандартташтырылбаган товар;
8) товардык биржанын ички документтери - товардык биржада биржалык тооруктардын катышуучуларынын иш шарттарын жана тартибин, товардык биржанын, анын органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин, кызмат көрсөтүүлөрүн, ошондой эле аларды төлөөнүн тартибин жана өлчөмүн жөнгө салуучу документтер;
9) кепилдик фонду - биржада түзүлгөн бүтүмдөрдүн аткарылуусун камсыз кылуу максатында биржа жана (же) анын клирингдик борбору тарабынан биржа мүчөлөрүнүн милдеттүү төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлүүчү акча фонду;
10) кардар - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте биржалык товарга бүтүмдөрдү жасоо үчүн биржа брокеринин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучу жеке адам, анын ичинде жеке ишкер катары катталган жак же юридикалык жак;
11) товардык биржанын клирингдик иши - биржа же анын клирингдик уюму тарабынан жүргүзүлүүчү жана лицензияланууга тийиш болбогон, биржалык бүтүмдөр боюнча гана тараптардын милдеттенмелерин эсепке алуу, тастыктоо жана өз ара эсепке чегерүү процесси;
12) биржалык товарлардын котировкасы - товардык биржада белгилүү бир убакытта биржалык товарлар боюнча жарыяланган суроо-талаптын жана (же) сунуштун баасы;
13) кросс-бүтүмү - биржа брокери эки башка кардардын тапшырмасы боюнча иш жүргүзүүдө сатуучу да, сатып алуучу да тарап катары чыккан биржалык бүтүм;
14) маркет-мейкер - биржалык рыноктун ликвиддүүлүгүн котировкаларды коюу жана мөөнөттүү контракттарды сатып алуу жана сатуу боюнча милдеттенмелерди алуу жолу менен түзүүчү жана колдоочу юридикалык жак;
15) стандартташтырылбаган товар - стандартташтырылган товарларды, көмүртек бирдигин, кыймылсыз мүлктү жана интеллектуалдык менчик объекттерин кошпогондо, жүгүртүүдөн алып коюлбаган же жүгүртүүдө чектелбеген товар;
16) опцион - сатып алуучуга белгилүү бир мөөнөттө же ага чейин товарды мурдатан сүйлөшүлгөн баада сатып алууга же сатууга укук берүүчү контракт, бирок милдеттенме эмес;
17) опциондук бүтүм - объекти опцион болуп саналуучу биржалык бүтүм;
18) буйрук - биржа брокерине кардар тарабынан берилүүчү жана товардык биржада конкреттүү биржалык товарларга карата белгилүү бир аракетти жасоо тууралуу көрсөтмө камтылган документ;
19) кош утурлама аукцион режими - биржалык бүтүмдөр сатуучулар менен сатып алуучулардын атаандаштыгынын натыйжасында жашыруун түзүлүүчү, ал эми стандартташтырылган товардын баасы суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулук деңгээлинде белгиленүүчү соода режими;
20) стандарттык аукцион режими - биржалык бүтүмдөр сатып алуучу (сатуучу) - аукциондун демилгечиси үчүн эң жакшы баа боюнча төмөндөтүү же жогорулатуу аукционунун жүрүшүндө түзүлүүчү биржалык тоорук режими;
21) мөөнөттүү контракт - аткарылуусу кийинкиге жылдырылган базалык активди шартсыз же шарттуу сатып алуу-сатуу тууралуу контракт, буга фьючерс жана опцион кирет;
22) өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм - товардык биржалардын, биржа брокерлеринин жана (же) биржа дилерлеринин ыктыярдуу катышуусуна негизделген жана товардык биржалар чөйрөсүндөгү өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын реестрине киргизилген ассоциация (бирлик) формасындагы коммерциялык эмес уюм;
23) спот-товарлар - кампада турган токтоосуз берилүүчү же келечекте берилүүчү товар;
24) стандартташтырылган товар - Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына киргизилген бир тектүү товар жана (же) бирдиктери бардык жагынан окшош, окшош мүнөздөмөлөргө ээ болгон, окшош компоненттерден турган, ошол эле функцияларды аткарууга мүмкүндүк берген, ар башка өндүрүүчүлөрдүн партияларын өз ара толук алмаштыруучу касиетке ээ болгон товар, анын ичинде көмүртек бирдиктери;
25) соода лоту - биржалык товардын сатуу (сатып алуу) өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн биржалык товардын санына эселенүүгө тийиш болгон саны;
26) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу, товардык биржалар жана биржалык соода ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
27) биржалык сооданын катышуучулары - биржалык сооданын белгиленген эрежелери боюнча товардык биржада өз ара аракеттенүүчү кардарлар, биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер;
28) фьючерстик бүтүм - объекти фьючерс болуп саналган биржалык бүтүм;
29) фьючерс - мурдатан белгиленген баа боюнча жана келечекте белгилүү бир датада белгилүү бир товарды сатып алууга же сатууга стандартташтырылган келишим;
30) товардык биржанын мүчөлөрү - ушул Мыйзамда аныкталган тартипте товардык биржа тарабынан аккредиттелген биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер;
31) товардык биржанын электрондук соода тутуму - биржалык тооруктарды өткөрүү үчүн зарыл болгон жана биржалык бүтүмдөрдү түзүү процессин, ошондой эле маалыматты чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана ачыкка чыгарууну автоматташтырууну камсыз кылуучу эсептөө каражаттарынын, программалык камсыз кылуунун, дайындар базаларынын, телекоммуникациялык каражаттардын жана товардык биржанын башка жабдууларынын комплекси.
2-глава. Товардык биржанын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
3-берене. Товардык биржа жана товардык биржанын уставдык капиталы
1. Товардык биржа болуп акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, товардык биржанын электрондук соода тутумун пайдалануу менен биржалык тооруктарды өткөрүү аркылуу уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак саналат.
Товардык биржа биржалык сооданын белгиленген эрежелери боюнча тооруктарды өткөрүүнү камсыз кылат.
2. Адистешүүсү боюнча товардык биржа товарлардын ар кандай түрлөрүн биржалык тооруктарга кабыл алуучу универсалдуу гана болушу мүмкүн.
3. Товардык биржа менен аффилирленген юридикалык жактар товардык биржанын мүчөлөрү боло албайт.
4. Товардык биржа менен эмгектик мамиледе туруучу жана эмгек келишими боюнча ишти түздөн-түз аткаруучу жеке жактар товардык биржанын кызматкерлери болуп саналат. Товардык биржанын кызматкерине бир эле учурда товардык биржанын мүчөлөрү менен эмгектик мамиледе болууга тыюу салынат.
5. Товардык биржанын кызматкерлерине биржалык бүтүмдөргө катышууга, ошондой эле коммерциялык маалыматты өз кызыкчылыктарында пайдаланууга тыюу салынат.
6. Товардык биржанын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана, накталай эмес түрдө, уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.
7. Товардык биржа жана биржалык сооданын катышуучулары финансылык туруктуулукка, анын ичинде өздүк капиталына жана минималдуу босогосу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициентине карата ченемдик талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
4-берене. Товардык биржанын уставы
Товардык биржанын уставы акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бекитилет.
5-берене. Биржалык соода эрежелери
1. Товардык биржа төмөнкү ички документтерди бекитүүгө милдеттүү:
1) биржалык соода эрежелери;
2) товардык биржа тарабынан алынуучу жыйымдардын, төгүмдөрдүн жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана төлөө тартиби.
2. Биржалык соода эрежелери биржалык товарларга биржалык бүтүмдөрдү жасоодо биржалык сооданын катышуучуларынын ишинин тартибин аныктайт.
Биржалык соода эрежелери, ошондой эле аларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш жана макулдашылгандан кийин күчүнө кирет.
6-берене. Товардык биржалардын бирдиктүү мамлекеттик реестри
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Товардык биржалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт жана Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жүргүзүү тартибине ылайык Реестрде камтылган маалыматтарды кызыкдар жактарга берет.
2. Реестрге киргизүү үчүн арыз ээси ушул Мыйзамда товардык биржаларга карата белгиленген талаптарга жана Министрлер Кабинети тарабынан ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыздын жана тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү документтердин негизинде товардык биржа жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү же аларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
4. Көрсөтүлгөн чечимди кабыл алуунун тартиби, мөөнөттөрү жана товардык биржа жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү тууралуу арыздын формасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Товардык биржа жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүүдө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген негиздер боюнча баш тартылуусу мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товардык биржа тууралуу маалыматтарды Реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусуна төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) товардык биржанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген арызы;
2) товардык биржанын ишин жүргүзүүдө товардык биржанын ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын бир нече ирет бузуусу;
3) товардык биржалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн товардык биржанын жоопкерчиликке тартылуусу.
3-глава. Товардык биржалардын иши
7-берене. Товардык биржалардын иши
1. Товардык биржанын ишинин негизги түрү болуп биржалык тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш саналат.
2. Товардык биржа өз ишин брокердик, дилердик, маркет-мейкердик иш, ошондой эле инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш менен айкалыштырууга укуксуз.
3. Товардык биржа өзүнүн атынан чет өлкөлүк жарандар жана башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында ага берилген укуктардын чегинде түзүүгө укуктуу.
8-берене. Товардык биржадагы мамлекеттик сатып алуулар
1. Биржалык товарларды мамлекеттик сатып алуу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте биржалык тооруктар аркылуу жүзөгө ашырылуусу мүмкүн.
2. Товардык биржадагы мамлекеттик сатып алуулар кош утурлама аукцион режиминде жүзөгө ашырылат.
3. Тапшырыкчы үчүн товардык биржадагы мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр тапшырыкчынын тиешелүү жылга бюджетинде каралган каражаттардын алкагында акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
9-берене. Товардык биржанын кирешелери
1. Товардык биржанын кирешелери товардык биржанын мүчөлөрүнүн кириш жана ар жылдык төгүмдөрүнүн, биржанын мүлкүн пайдалангандыгы үчүн, биржалык бүтүмдөрдү каттоо жана тариздөө үчүн төлөмдөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
2. Товардык биржа төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:
1) товардык биржанын мүчөлөрү тарабынан кепилдик төгүмдөрдүн өлчөмдөрүн жана салуу тартибин;
2) биржалык соода эрежелерине ылайык тооруктарга катышуу үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн;
3) товардык биржанын мүчөлөрү тарабынан жасалган бүтүмдөрдүн көлөмүнө жараша дифференцияланган биржалык жыйымды;
4) жер казынасын пайдалануучулар тарабынан сатып алынуучу товарларда жергиликтүү үлүш деңгээлин жогорулатууну эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен, товардык биржада өздөрү өндүргөн товарларын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу биржа дилерлери үчүн дифференцияланган биржалык жыйымды;
5) чайкоочулук аракеттердин алдын алуу максатында тооруктарды токтотуп туруу үчүн мурунку тооруктардын натыйжасында түзүлгөн бааларга жараша бир соода күнүнүн алкагында конкреттүү биржалык товарга баанын деңгээлинин минималдуу жана максималдуу чектерин.
3. Товардык биржага биржа брокерлери жана биржа дилерлери тарабынан биржалык бүтүмдөрдөгү ортомчулук үчүн алынуучу сый акынын өлчөмдөрүн белгилөөгө тыюу салынат.
4. Биржалык сооданын катышуучуларынан алынуучу төлөмдөрдүн өлчөмдөрү товардык биржанын ички документтеринде аныкталат жана биржалык сооданын катышуучуларына таанышуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
10-берене. Биржалык бүтүм
1. Предмети биржада жүгүртүүгө жол берилген мүлк болуп саналган жана товардык биржалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана биржалык соода эрежелерине ылайык өткөрүлүүчү тооруктардын жүрүшүндө биржалык сооданын катышуучулары тарабынан биржада түзүлгөн бүтүм биржалык бүтүм деп таанылат.
2. Товардык биржада жасалган, бирок ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга жооп бербеген бүтүмдөр биржалык бүтүм болуп саналбайт.
3. Биржалык товарлардын тизмегине киргизилген, биржадан тышкаркы сооданын талаптарын бузуу менен жасалган биржалык товарларга бүтүмдөр кызыкдар тараптардын, ыйгарым укуктуу органдын же болбосо прокурордун доосу боюнча жараксыз деп таанылат.
4. Биржалык товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) биржалык товарлардын кыскача аталыштары;
2) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык коддор.
5. Айрым биржалык товарлар үчүн Министрлер Кабинети тарабынан берүү партиясынын минималдуу өлчөмү белгиленет, ага жеткенде же андан ашканда аларды сатуу товардык биржа аркылуу гана жүргүзүлөт.
6. Айрым биржалык товарлар үчүн Министрлер Кабинети тарабынан товардык биржалар аркылуу милдеттүү түрдө сатылууга тийиш болгон минималдуу үлүш белгиленет, ошондой эле көрсөтүлгөн милдеттенме аларга жайылтылуучу субъекттердин категориялары аныкталат.
7. Биржалык тооруктарда биржалык товарларга түзүлгөн бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр улуттук валютада жүргүзүлөт.
8. Товардык биржада төмөнкүлөр жасалат:
1) спот-товарларга карата укуктарды жана милдеттерди өз ара өткөрүп берүү бүтүмдөрү, анын ичинде эл аралык иштиктүү операциялар менен өз ара байланышкан бүтүмдөр;
2) фьючерстик бүтүмдөр;
3) опциондук бүтүмдөр;
4) кампа документтерин өткөрүп берүү жолу менен товарга карата укуктарды жана милдеттерди өз ара өткөрүп берүү бүтүмдөрү.
9. Товарга биржадагы баа биржалык товарлардын котировкасынын натыйжасында түзүлөт.
10. Товардык биржалар биржалык товарларга котировкаларды өздөрүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырат.
11-берене. Биржалык тооруктарды өткөрүү режимдери
1. Биржалык тооруктар төмөнкү соода режимдеринде өткөрүлөт:
1) стандарттык аукцион режими;
2) кош утурлама аукцион режими.
2. Стандарттык аукцион режиминде биржалык тооруктар төмөнкүлөрдү эске алуу менен өткөрүлөт:
1) аукциондун демилгечиси тууралуу жалпыга жеткиликтүү болуп саналган маалыматты кошпогондо, биржалык сооданын катышуучулары жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууну же анын купуялуулугун;
2) бааны төмөндөтүүгө же жогорулатууга аукциондорду өткөрүүнү;
3) стандартташтырылбаган товардын сатып алуучусунун же сатуучусунун тапшырыгы боюнча аукцион өткөрүүнү;
4) аукциондун тапшырыкчысын кошо алганда, аукциондун 3төн кем эмес катышуучусунун аукционго катышуусун;
5) аукциондун жыйынтыгы боюнча биржалык бүтүм түзүлгөн стандартташтырылбаган товардын баасын түзүүнү жана бул бааны биржалык сооданын катышуучулары тарабынан төмөндөтүүгө сунушталган эң төмөнкү жана аукциондун катышуучулары тарабынан жогорулатууга сунушталган эң жогорку баа катары аныктоону;
6) эгерде биржалык соода эрежелеринде башкача каралбаса, биржалык камсыз кылууну киргизүүнү.
3. Кош утурлама аукцион режиминде биржалык тооруктар төмөнкүлөрдү эске алуу менен өткөрүлөт:
1) биржалык сооданын катышуучулары жөнүндө маалыматтын купуялуулугун;
2) кросс-бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынгандыгын;
3) сатып алуучулар менен сатуучулардын сунуштарынын атаандаштыгы процессинде биржалык бүтүм түзүлүүчү биржалык товардын баасын түзүүнү жана бул бааны сатып алуучу үчүн эң жакшы (сатуучулардан минималдуу баа) же сатуучу үчүн эң жакшы (сатып алуучулардан максималдуу баа) катары аныктоону;
4) биржалык камсыз кылууну киргизүүнү.
4. Соода режимдеринде биржалык тооруктарды өткөрүү тартиби биржалык соода эрежелеринде аныкталат.
5. Товардык биржа стандартташтырылбаган товарлар боюнча жасалуучу бүтүмдөрдүн өзүнчө эсебин жүргүзөт.
6. Товардык биржа кош утурлама аукцион режиминде биржалык тоорук өткөрүүдө биржалык бүтүмдөрдү камсыздандырууга укуктуу.
12-берене. Биржалык бүтүмдөрдүн аткарылуусун камсыз кылуу боюнча товардык биржанын фонддору
1. Биржада түзүлгөн бүтүмдөрдүн аткарылуусун камсыз кылуу максатында товардык биржа кепилдик фондун түзөт.
2. Кепилдик фондун түзүү жана ишин жөнгө салуу тартиби товардык биржа тарабынан бекитилет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш жана макулдашылгандан кийин күчүнө кирет.
13-берене. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик иш
1. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик ишти түздөн-түз товардык биржа өзү, ошондой эле товардык биржанын клирингдик борбору жүргүзө алат.
2. Товардык биржанын клирингдик борбору болуп товардык биржа клирингдик тейлөө жөнүндө келишим түзгөн өз алдынча клирингдик уюм саналат. Мында товардык биржаны анын клирингдик борборунун функцияларын аткаруу менен чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан клирингдик тейлөөгө жол берилбейт.
3. Товардык биржанын клирингдик борборунун биржалык бүтүмдөр боюнча иши товардык биржалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Товардык биржанын клирингдик борбору өз ишин жүргүзүү үчүн клирингдик иштин процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүчү клирингдин маалымат тутумуна ээ болууга тийиш.
5. Клирингдик иш жүзөгө ашырылуучу биржалык бүтүмдөргө жараша товардык биржанын клирингдик борбору төмөнкү функцияларды аткарат:
1) түзүлгөн биржалык бүтүмдөр боюнча маалыматты чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
2) түзүлгөн биржалык бүтүмдөрдүн шарттарын эсепке алууну жана тастыктоону жүргүзөт;
3) биржалык бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында жүзөгө ашырылуучу эсептешүүлөргө катышкан тараптардын өз ара талаптарын жана милдеттенмелерин эсепке алат;
4) биржалык тооруктардын катышуучуларын биржалык камсыз кылууну кабыл алат жана эсебин жүргүзөт;
5) биржалык бүтүмдөр боюнча тараптардын талаптарын жана (же) милдеттенмелерин аныктайт жана алар боюнча эсептешүүлөрдү уюштурат;
6) биржалык бүтүмдөрдү аткарууда колдоо көрсөтөт.
6. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик ишти жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
7. Мамлекеттик сатып алуулар, жер казынасын пайдалануучулардын сатып алуулары, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин катышуусу бар чарбалык коомдордун сатып алуулары боюнча тооруктарды өткөрүүдө биржалык тооруктарга катышуу өтүнмөсүн камсыз кылуу сатып ала турган сумманын 1 пайызынан кем эмес өлчөмдө клирингдик уюмга киргизилет.
4-глава. Биржа брокерлеринин, биржа дилерлеринин жана маркет-мейкерлердин иши, товардык биржадагы коммерциялык сыр
14-берене. Биржа брокерлеринин жана биржа дилерлеринин ишин жүргүзүү тартиби
1. Товардык биржада биржа брокерлеринин жана биржа дилерлеринин иши товардык биржада аккредиттөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Өздөрү өндүргөн товарларды сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жактар товардык биржада башка кошумча талаптарсыз биржа дилери катары аккредиттелет.
3. Товардык биржада аккредиттөөдөн терс жүйөлөр боюнча чыгарылганда биржа брокерлери жана (же) биржа дилерлери 2 жылдын ичинде башка товардык биржаларда аккредиттеле албайт.
4. Товардык биржа товардык биржада биржа брокери жана биржа дилери аккредиттөөсүн жокко чыгаруу жөнүндө төмөнкү учурларда чечим кабыл алат:
1) товардык биржада аккредиттелген күндөн тартып удаа 12 календардык айдын ичинде биржа брокеринин жана биржа дилеринин ишин жүргүзбөгөндө;
2) товардык биржада биржа брокеринин жана биржа дилеринин ишин жүргүзүүнү ыктыярдуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганда;
3) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган аракеттердин бирин удаа 6 календардык айдын ичинде эки жолудан ашык жасаганда.
5. Биржа брокерлери жана биржа дилерлери ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле товардык биржанын ички документтеринде белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү.
6. Биржа брокери менен анын кардарларынын ортосундагы мамилелер биржа брокеринин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдин негизинде келип чыгат, ага Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
7. Юридикалык жактын уставдык капиталына катышуунун минималдуу үлүшүнө түз же кыйыр түрдө ээлик кылуучу, ошондой эле жарандык-укуктук мамилелердин алкагында келишимдин негизинде ал жеке өзү башкарууну жүзөгө ашыруучу жеке жак эки жана андан көп биржа брокеринин жана (же) биржа дилеринин жетекчиси жана (же) уюштуруучусу (кошо уюштуруучусу) боло албайт.
15-берене. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун иши жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмга мүчөлүк (катышуу)
1. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм өз ишин ушул Мыйзамга, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставына жана эрежелерине ылайык жүргүзөт.
2. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмга мүчөлүк (катышуу) ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
3. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрү (катышуучулары) болуп товардык биржалар, биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер саналат. Товардык биржалар, биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер бир гана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөсү (катышуучусу) боло алышат.
4. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлүгүнө (катышуучуларына) кабыл алуунун жана мүчөлүктү (катышууну) токтотуунун шарттары, тартиби өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставында жана эрежелеринде аныкталат.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелери, ошондой эле аларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлүгүнө (катышуучуларына) кабыл алуудан баш тартуу же мүчөлүктөн (катышуучулардан) чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылуусу мүмкүн.
5. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) тизмегин өзүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырууга милдеттүү.
Жетекчи алмашканда жана (же) мүчөлөрдүн (катышуучулардын) кызматкерлеринин курамы өзгөргөндө өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм көрсөтүлгөн тизмекти 3 жумуш күндүн ичинде жаңылоого милдеттүү.
6. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм тарабынан өз мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана негиздерде жүзөгө ашырылат.
Мында өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрүн (катышуучуларын) текшерүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү тартиби өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган эрежелеринде аныкталат.
7. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдагы мүчөлүк (катышуу) төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулат:
1) товардык биржанын биржа брокеринин, биржа дилеринин жана маркет-мейкеринин арызы боюнча;
2) мүчө (катышуучу) ушул Мыйзамдын жоболорун, биржалык соода эрежелерин, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставын жана эрежелерин бир нече жолу бузган учурда.
Ушул Мыйзамдын жоболорун, биржалык соода эрежелерин, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставын жана эрежелерин бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу мүчөлүгү (катышуусу) токтотулган өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрү (катышуучулары), ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузууга жол берген жетекчилер жана кызматкерлер 2 жылдан кем эмес мөөнөткө биржалык соодага катыша албайт.
8. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын реестринен мүчөлөрдү (катышуучуларды) чыгаруу өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставында жана эрежелеринде белгиленген тартипте жана негиздерде жүзөгө ашырылат.
16-берене. Биржа брокери жана биржа дилери тарабынан биржалык бүтүмдөрдү жасоо
1. Биржалык бүтүмдөрдү жасоо биржа брокери тарабынан кардардын буйругуна ылайык биржа дилери тарабынан өз кызыкчылыгында жана өз эсебинен жүзөгө ашырылат. Кардарлардын буйруктарынын түрлөрү, алардын мазмуну жана тариздөө тартиби товардык биржанын ички документтеринде белгиленет.
2. Кардардын буйругун аткаруу биржа брокери тарабынан бул буйрукта көрсөтүлгөн бүтүмдү жасоо шарттарын сактоо менен жүзөгө ашырылат. Эгерде бүтүмдү жасоодо бүтүмдүн шарттарын өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса, биржа брокери өзүнүн аракеттерин кардар менен макулдашууга милдеттүү.
17-берене. Товардык биржада биржа брокерлери менен биржа дилерлеринин өз ара аракеттенүүсү
1. Товардык биржа өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде биржа брокерлеринин, биржа дилерлеринин жана алардын кардарларынын өз ара мамилелерин жол-жоболоштурат, ошондой эле биржалык сооданын эрежелерин бузгандарга карата чараларды көрөт.
2. Товардык биржа биржа брокерлери жана биржа дилерлери үчүн коррупциянын алдын алуу боюнча типтүү стандарттарды иштеп чыгат жана бекитет. Биржа брокерлери жана биржа дилерлери өз ишин жүргүзүүдө коррупциянын алдын алуу боюнча стандарттарды сактоого жана тиешелүү чараларды көрүүгө, анын ичинде коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Кардарлар жана (же) алардын өкүлдөрү жана (же) кардарлар менен аффилирленген үчүнчү жактар менен өз ара аракеттенүүдө биржа брокерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) биржалык бүтүмдү жасоодо кардарлардын рыноктук жүрүм-турумун өзгөртүү максатында аларга түз же кыйыр түрдө кысым көрсөтүүгө;
2) биржалык тооруктарда баа өтүнмөлөрүн атайылап жогорулатуу (төмөндөтүү) максатында алардын аткарылуусун болжолдобогон келишимдерди түзүүгө (өтүнмөлөрдү берүүгө, кайтарып алууга);
3) эки жана андан көп кардардын ортосунда сатылуучу биржалык товарлардын баасын түзүүгө таасир этүүчү бааларды белгилөө же болбосо колдоо маселелери боюнча макулдашууларды түзүүгө (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө);
4) кайсы бир кардарга башка кардарга мүлктүк же башка зыян келтирүүчү артыкчылык берүүгө;
5) биржалык тооруктардын атаандаштыгын төмөндөтүүгө багытталган биржалык тооруктарга катышуу үчүн башка биржа брокерлери жана (же) биржа дилерлери менен аффилирленгендигин пайдаланууга.
18-берене. Маркет-мейкерлердин иши
1. Товардык биржа менен маркет-мейкердин өз ара аракеттенүүсү макулдашуунун, ошондой эле товардык биржанын ички документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
2. Маркет-мейкер биржалык тооруктарга катышат жана бааларды, суроо-талапты, сунушту жана (же) биржалык тооруктардын көлөмүн колдонууну жүзөгө ашырат.
3. Маркет-мейкер биржа дилери катары биржалык тооруктарга катышуу боюнча 3 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз тажрыйбага ээ болууга тийиш.
4. Маркет-мейкерлердин ишинин шарттары жана чектөөлөрү биржалык соода эрежелеринде белгиленет.
19-берене. Биржа брокерлеринин жана биржа дилерлеринин ички документтерине, ошондой эле жасалган биржалык бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө карата талаптар
1. Биржа брокерлери жана биржа дилерлери үчүн товардык биржанын ички документтери товардык биржада коммерциялык сырды түзүүчү, биржалык сооданын катышуучуларынын, алардын өкүлдөрүнүн жана (же) үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланылуусуна жол бербөөчү маалыматтардын сакталуусун камсыз кылуу шарттарын камтууга тийиш.
2. Биржа брокерлери ар бир кардар боюнча өзүнчө жасалган биржалык бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө жана бул бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды бүтүм жасалган күндөн тартып 5 жыл бою сактоого милдеттүү.
20-берене. Товардык биржадагы коммерциялык сыр
1. Коммерциялык сырга төмөнкүлөр кирет:
1) биржалык сооданын катталган катышуучулары жөнүндө маалыматтар;
2) товардык биржада түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар;
3) товардык биржа тарабынан коммерциялык сырга киргизилген маалыматтар.
2. Маркет-мейкерлер, биржа брокерлери жана биржа дилерлери табигый баанын түзүлүшүн бузууга жана товардык рынокту туруксуздаштырууга алып келүүсү мүмкүн болгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого укуксуз.
3. Коммерциялык сырды түзүүчү маалыматка ээ адам болуп өзүнүн кызматтык абалынан улам көрсөтүлгөн маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү бар адам саналат.
21-берене. Товардык биржанын иши жөнүндө коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтарды берүү
1. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген учурларды кошпогондо, товардык биржада коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтар ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.
2. Коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтар биржалык сооданын катышуучусуна анын укуктарына карата же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде анын өкүлүнө берилүүсү мүмкүн.
3. Товардык биржада коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтар төмөнкүлөргө берилүүгө тийиш:
1) укук коргоо органдарына укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча тергөө судьясынын токтому боюнча, тергөөгө чейинки өндүрүштө прокурордун макулдугу менен;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына чалгындоо жана (же) жардыруу акцияларынын алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу үчүн зарыл маалыматтарды берүү тууралуу алардын талабы боюнча прокурордун санкциясы менен;
3) сотторго (судьяларга) алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча соттук коромжулардын ордун толтуруу тартибинде;
4) прокурорго анын токтомунун негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында;
5) мамлекеттик сот аткаруучуларга аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик же болбосо жеке сот аткаруучу тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын компетенциясынын чегиндеги суроо-талабы боюнча;
7) ыйгарым укуктуу салык органына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык;
8) финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарда жана тартипте;
9) ыйгарым укуктуу органга "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарда жана тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген анын компетенциясынын чегиндеги суроо-талап боюнча.
22-берене. Товардык биржанын эсеби жана отчеттуулугу
1. Товардык биржа Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн жылдык жана кварталдык финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Мындай отчеттуулук бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалууга жана Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берилүүгө тийиш.
2. Финансылык отчеттуулуктун толук комплекти төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мезгилдин аяктоо датасына карата финансылык абалы жөнүндө отчет;
2) мезгил ичиндеги жыйынды финансылык натыйжанын пайдалары, чыгымдары жана башка компоненттери жөнүндө отчет;
3) мезгил ичиндеги өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
4) мезгил ичиндеги акча агымдары жөнүндө отчет;
5) эсепке алуу саясатынын негизги жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтан турган эскертүүлөр.
3. Товардык биржа ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй учурлар жөнүндө маалыматтарды камтуучу ыкчам отчеттуулукту берүүгө милдеттүү:
1) тооруктардын катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталганда.
Тооруктардын катышуучусунун бардык аныкталган бузуулары тууралуу маалыматтарда бузуунун фактылары жана жагдайлары аныкталган бузуунун (бузуулардын) материалдарын милдеттүү түрдө тиркөө менен баяндалууга тийиш. Товардык биржанын ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн көрсөтүлгөн маалыматтар бузуу (бузуулар) фактысы аныкталгандан кийин 1 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө жөнөтүлүүгө тийиш;
2) товардык биржанын соода тутумунда бузулуу болгондо. Мында товардык биржанын ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар бузулуу фактысы аныкталган учурдан тартып 6 сааттын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө жөнөтүлүүгө тийиш.
23-берене. Товардык биржанын кызмат адамдарына коюлуучу талаптар
1. Товардык биржанын кызмат адамдарына коюлуучу талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) финансы чөйрөсүндө экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу, буга чарбалык иш жүргүзүү менен байланышкан иш мезгилдери кирбейт;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптар.
2. Товардык биржанын жетекчилик кызмат ордуна төмөнкүдөй адам дайындалуусу мүмкүн эмес:
1) мыйзамда белгиленген тартипте алына элек же жоюла элек соттуулугу бар;
2) товардык биржанын кызмат адамынын кызмат ордуна документтерди берүүнүн алдында 1 жылдын ичинде финансы рыногундагы иш менен байланышкан укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган;
3) мурда бул адам ушул уюмдун директорлор кеңешинин же болбосо аткаруу органынын мүчөсү (төрагасы) кызмат ордунда турган учурда банкрот деп таанылган же болбосо консервацияга, санацияга же мажбурлап жоюуга дуушар болгон уюмдун жетекчи кызматкери болуп саналган. Ушул шарт көрсөтүлгөн окуялардын бири келип чыкканга чейин кеминде 1 жыл мурда мындай уюмдун жетекчи кызматкери болуп саналган адамдарга карата колдонулат жана ал келип чыккандан кийин 3 жыл бою күчүндө болот;
4) товардык биржанын же болбосо башка финансылык уюмдун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту кайра чакыртып алуу жол-жобосуна дуушар болгон. Көрсөтүлгөн талап товардык биржанын жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки акыркы удаа 12 айдын ичинде колдонулат.
3. Товардык биржанын жетекчи кызматкерлери болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) жетекчи жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү;
2) жетекчи (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу адам) жана аткаруу органынын мүчөлөрү;
3) башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
4) товардык биржанын башка жетекчилери, товардык биржанын бир же бир нече түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жана (же) контролдоону жүзөгө ашыруучу, ошондой эле кардарлар менен түзүлүүчү кандай болбосун келишимдерге кол коюу укугуна ээ болгон анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана алардын бухгалтерлеринен тышкары.
4. Товардык биржанын жетекчи кызматкери дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 календардык күндөн ашык эмес макулдашуусуз өз кызмат ордун ээлөөгө укуктуу.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин макулдашууга документтердин толук топтому берилбеген же болбосо макулдук берүүдөн баш тартылган учурда товардык биржа жетекчи кызматкер менен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эмгек келишими болбогон учурда товардык биржа жетекчи кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин макулдашуусуз товардык биржанын жетекчи кызматкеринин милдеттерин аткарууга (убактылуу болбогон кызматкердин ордун ээлөөгө) тыюу салынат.
7. Товардык биржанын жетекчи кызматкерин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык документтердин толук топтому берилген датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде каралат.
8. Товардык биржанын жетекчи кызматкерин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүү жана кайра чакыртып алуу тартиби, ошондой эле мындай макулдук алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
9. Товардык биржанын жетекчи кызматкери кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүзөгө ашырылат:
1) жетекчи кызматкердин ушул беренеде белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
2) жетекчи кызматкер өз кызмат ордун макулдашуусуз ээлеп турган, ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин документтерди берүү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талапкерге карата колдонулган таасир этүү, анын ичинде чектөө чараларынын болуусу.
Бул талап товардык биржа тарабынан талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч берилген датага чейинки 1 жылдын ичинде колдонулат;
4) талапкердин өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча финансылык уюмдун, анын ичинде финансылык-кредиттик же камсыздандыруу уюмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуусуна алып келүүчү чечимдерди кабыл алуу фактылары жөнүндө маалыматтардын болуусу, мында талапкер жетекчи кызматкердин кызмат ордун ээлөөчү (ээлеген) же болбосо жетекчи кызматкердин милдеттерин аткаруучу (аткарган) жана мындай чечим үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бул финансылык уюмга, анын ичинде финансылык-кредиттик же камсыздандыруу уюмуна таасир этүү чаралары колдонулат.
10. Ушул берененин 9-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган талап ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бузуу аныкталган күндөн тартып 1 жылдын ичинде колдонулат.
11. Товардык биржанын жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн 1 жыл ичинде удаа эки жолу баш тартылган учурда бул адам товардык биржанын жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн экинчи жолу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып удаа 12 ай өткөндөн кийин товардык биржанын жетекчи кызматкери болуп дайындалуусу (шайлануусу) мүмкүн.
12. Товардык биржанын жетекчи кызматкери кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкү негиздер боюнча кайра чакыртып алынат:
1) алардын негизинде макулдук берилген маалыматтардын анык эместиги аныкталганда;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчи кызматкерге жана (же) бул жетекчи кызматкер тиешелүү кызмат ордун ээлеп турган (акыркы 12 календардык ай ичинде ээлеген) товардык биржага карата тутумдуу түрдө (акыркы 12 календардык ай ичинде 3 жана андан көп жолу) таасир этүү чаралары колдонулганда;
3) экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алына элек же жоюла элек соттуулугу болгондо.
Товардык биржанын жетекчи кызматкери кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту кайра чакыртып алуу бул жетекчи кызматкерге башка товардык биржаларда мурда берилген макулдукту (макулдуктарды) кайра чакыртып алуу үчүн негиз болуп саналат.
13. Товардык биржанын жетекчи кызматкери кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук кайра чакыртып алынган учурда товардык биржа бул адам менен эмгек келишимин токтоосуз бузууга, ал эми эмгек келишими болбогон учурда бул жетекчи кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
14. Товардык биржанын кызмат адамдары бир товардык биржада (штаттагы) эмгек келишиминин негизинде негизги иш орду боюнча өз ишин жүргүзүүгө укуктуу, бул алардын директорлор кеңешинин мүчөсү болуу укугун жокко чыгарбайт.
24-берене. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар
Товардык биржалар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашырууну камсыз кылууга жана чараларды көрүүгө милдеттүү.
25-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Товардык биржалардын ишинин жүрүшүндө келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
5-глава. Корутунду жоболор
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99);
2) "Кыргыз Республикасындагы товардык биржа жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 7, 254-ст.);
3) "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 7, 718-ст.);
4) "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 10-марты, № 26);
5) "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 37 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 9-февралы, № 11).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |