МыйзамКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралы № 37 «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 7-февралы № 37

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам товар биржаларынын ишин жана биржа соодасын жүргүзүүнү жөнгө салат.";

2) 4-статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 7-статьяда:

а) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:

"Биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, мында бажы органдары тарабынан наркка экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.";

4) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:

"Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга акы төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укуктуу.";

5) 22-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 21-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган