Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-августу № 547
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 192-пункт менен толукталсын:
«192. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинде:
5-пунктта:
- 19-пунктчада «МЧК» деген аббревиатура «МЧК, ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пунктчада «МКК» деген аббревиатура «МКК, ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пунктча менен толукталсын:
«
201 | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты иштеп чыгуу үчүн арналган маалыматты коргоо каражаттары, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттары жөнүндө маалыматтар | ЖМКМА, УКМК |
»;
- 21-пунктчада «МКК» деген аббревиатура «МКК, ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пунктчада «Дастан ТУК» ААК» деген сөздөр «Дастан ТУК» ААК», ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пунктчада «МКК» деген аббревиатура «МКК, ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктчада «Дастан ТУК» ААК» деген сөздөр «Дастан ТУК» ААК», ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 30-пунктчада «МКК» деген аббревиатура «МКК, ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 69-пунктчада «МКК» деген аббревиатура «МКК, ЖМКМА» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«ЖМКМА- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |