Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 13-сентябры № 211
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 6-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон, төмөнкүлөрдү камтыган долбоордун негиздеме-маалымкаты (аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгарууга, төмөндөтүүгө жана ажыратууга байланышкан кадрдык маселелер боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо):";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдар менен макулдашылбайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 35-пунктта:
экинчи абзацта "класстык чендерди" деген сөздөр "аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыгат жана демилгелинет.";
- 36-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) долбоорду документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет (Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына байланышкан кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо);";
- 39-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына байланыштуу кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлоруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан виза коюлат.";
- 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Министрлер Кабинетинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарын ээлеген же талапкер болгон адамдарга карата кадрдык маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.";
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Жооптуу түзүмдүк бөлүм:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемесинин долбоорун (мындан ары - тескеменин долбоору) документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет (Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо);
2) тескеменин долбоорун Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө киргизет;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоону жана визалоону камсыз кылат.
Тескемелердин долбоорлору, ушул пункттун алтынчы абзацында көрсөтүлгөн актылардын долбоорлорун кошпогондо, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана зарыл болгон учурда бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкер, кызыкдар болгон башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан визаланат. Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу, маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча тескемелердин долбоорлоруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.
Зарыл болгон учурда тескеменин долбооруна Президенттин иш башкаруучусу, ал эми ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу адам тарабынан виза коюлат.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 165 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде кызматтык иш сапарга жиберүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык каттарына виза коюу, кийин иш сапардык күбөлүктөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрдык маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан кол коюу менен.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.Жапаров |