Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 29-марты № 85
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору (мындан ары - тескемелердин долбоорлору), ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлорунан тышкары, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же өзүнүн демилгеси боюнча мамлекеттик тилдерде даярдалат.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин долбоорлору мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.";
- 20-пунктта:
биринчи абзацындагы "жана расмий тилдеги" деген сөздөр "тилдеги" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Регламенттин 19-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлоруна маалымкат-негиздеме мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелет.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 53-пункттун экинчи абзацы "түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси" деген сөздөрдөн кийин ", зарыл болсо мыйзамдарды системалоону жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.Жапаров |