Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 16-июлу ПТ № 142
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү регламенттөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү, он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда мамлекеттик органдар чечимдердин долбоорлорун Президенттин Администрациясынын кароосуна дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү киргизе алат.
Кызматкерлерди дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрүндө ишке тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 68-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде актылар дем алыш, жумуш эмес майрам күндөрү же жумуш күндүн аягында кол коюлса жана каттоого киргизилсе, аларды кийинки жумуш күнү каттоого жол берилет.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлоруна дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү кол коюлушу жана катталышы мүмкүн.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.А. Касымалиев |