Редакцияот 29.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 2024-жылдын 29-октябры № 205

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү регламенттештирүү максатында:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:

- 39-пунктта:

экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

үчүнчү абзацта "зарыл болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;

- 47-пункттун биринчи абзацында "зарыл болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;

- 52-пункттун экинчи абзацында "зарыл болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

 

А.Жапаров