Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-апрели № 7/II

Жайыт жерлерин пайдалануу акысын бекитүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Шаинов С.А. жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобонун негизинде 2024-жылга жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген, Жээк айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мучөлөрүнө жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акылар бекитилсин:

 

- 1 баш бодо малга - 140 сом

- 1 баш жылкыга - 140 сом

- айыл ичиндеги саан уйларга - 1 башына - 70 сом

- 1 баш кой, эчки 1 баш - 28 сом

- бал өстүрүү 1 пасека – 30 сом

- чабык чөп 1 гектарга - 1500 сом.

- жеңил бастырмага 1м2 - 14 сом (айына)

- өздук продукция чогултуу бир сотка – 400 сом

- туризм тапчаны 1м2 – 15 сом айына

- мал короо жана жеңил убактылуу бастырма 1 м2 – 14 сом

- балык өстүрүү 1 м2 – 15 сом

- көп жылдык чөп сееп чабыка 1 га - 1500 сом.

- огород үчүн пайдаланса 1м2 – 2 сом жылына

2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/7-ot-16042024.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

К.Шаршеналиев