Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

2009-жылдын 19-июнундагы № 386

 

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 545, 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644, 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6-беренелерине ылайык, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо;

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар жөнүндө жобо;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бир айлык мөөнөттө жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү комиссияларды түзүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин), башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2030-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калаары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 545, 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

41. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу ушул участокту пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат. Каражат жайыт участокторун пайдаланууга укук алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайыттар менен жайыт инфраструктураларын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жумшалат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

42. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер участогу эсептик каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 «Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары алып салынсын;

- 2-5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо, мал чарбачылык багытындагы чарбакер субъекттер үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы, башка максаттар үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И. Чудинов

 

Тиркеме

 Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын директору;

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген

Жайыт билетинин ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

_______________________________________________________________

АВ 000001 айыл өкмөтү, район

ЖАЙЫТ БИЛЕТИ N __________ 20____жылга

Аты-жөнү _________________________________________________________

(Жайыт пайдалануучу)

Берилген күнү: 20___жылдын "____" ________________________________

Жайыттар: кышкы __________________________________________________ жазгы

__________________________________________________ жайкы

__________________________________________________ күзгү

__________________________________________________

Маршрут

1) _______________________________________________________

2) _______________________________________________________

3) _______________________________________________________

Жайытка чыккан мал башынын саны жана малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар

Малдын түрү

Саны

1 мал башына акы төлөө (сом)

Сумма (сом)

Малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар

Уй

 

 

 

 

 

 

Топоз

 

 

 

 

 

 

Кой-эчки

 

 

 

 

 

 

Жылкы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы:

 

 

 

 

 

 

Сумма: ___________________________________________________________

Жазуу менен

Жайытты пайдаланганы үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет.

Аянты ______ га болгон жогоруда аталган жайыттарга _____ баш сандагы мал жаюуга уруксат берилет.

М.О. Жайыт комитетинин төрагасы: _________________________________

_______________________________________________________________________

Аты-жөнү

М.О. Айыл өкмөтүнүн башчысы: _____________________________________

_______________________________________________________________________

Аты-жөнү