РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 586-т («Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РИНЭК» башкаруучу компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө») тескемеси

Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 31-июлу № 586-т

 

 

Улуттук экономикага чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РИНЭК» башкаруучу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда «БУЛАН+» апарт-отелин жана «Montbulak Resort» беш жылдыздуу курорттук-көңүл ачуу комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 94-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев