РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- августундагы № 589-т («Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара режими жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу») тескемеси

Редакцияот 03.08.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 3-августу № 589-т

 

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев