ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 548 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302»Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция14.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 14-августу № 542

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

– 14-пункт «мекемелерден» деген сөздөн кийин «жана/же уюмдардан» деген сөздөр менен толукталсын;

– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:

1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 132-пункт менен толукталсын:

«

132

ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын борбордук аппаратка чегерүүлөрү

ТКМ

ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын кирешелери

                                 »;

2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 203-пункт менен толукталсын:

«

203

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик системасында мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдөрдөн түшүүлөр

УКМК

 

                                  »;

24-пункт ««Кабар» КУМА» деген сөздөрдөн кийин «, ИИМ» деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 75-80-пункттар менен толукталсын:

«

75

Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын пайдалануу аркылуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

УКМК

 

76

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар

ТКМ, Транспорт департаменти

Транспорт департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери

77

Транспорт каражаттарын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдар

ТКМ, Транспорт департаменти

Транспорт департаменти-

нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери

78

Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражаттары автомобиль жолдоруна келтирген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу эсебине түшкөн акча каражаттары

ТКМ, Транспорт департаменти

Транспорт департаменти-

нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери

79

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол жээгиндеги тилкесинде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн төлөм

ТКМ,  Жол чарба департаменти

Жол чарба департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери

80

Сууну үнөмдөөчү сугат системаларын колдонуу менен өстүрүлгөн продукцияны сатуудан алынган кирешенин 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө суу пайдалануучулардан түшүүлөр

СРК

 

                      »;

кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«ТКМ

–

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

 

Транспорт департаменти

–

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти

 

Жол чарба департаменти

–

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев