Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 3-сентябры № 309
Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Элдик бийликтин конституциялык негиздерин андан ары бекемдөө, коомдук диалогду жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жарандардын катышуусун камсыз кылуу максатында, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында кезектеги V Элдик Курултайды (мындан ары – Элдик Курултай) өткөрүү 2026-жылдын 18-декабрына дайындалсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы 2-тиркемеге ылайык;
3) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 3-тиркемеге ылайык.
3. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби IV Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
4. Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1) «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү ишти жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка чараларды көрсүн;
3) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик Курултайдын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |