ТоктомКүчүндө

Кожомкул айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 01-4/20 «Кожомкул айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция09.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 9-сентябры № 01-4/20

 

Кожомкул айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярык көрүү жана өткөрүү алкагында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын ишин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу уюштуруу максатында, Кожомкул айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата Кожомкул айыл аймагынын шайлоо участкаларындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамына киргизилген өзгөртүүлөр жана алмаштыруулар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынан (АШК) бекитилген жаңы курамга ылайык тиешелүү өзгөртүүлөрдү каттоо жана алардын ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте ырастоо суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кожомкул айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.О. Батыркуловага жүктөлсүн.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Мураталиев У.М.