ТоктомКүчүндө

Кожомкул айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 01-4/17 «Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинен кирешелердин ашыкча түшкөн каражаттар жөнүндө» токтому

Редакция09.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 9-июлу № 01-4/17

 

“Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинен кирешелердин ашыкча түшкөн каражаттар жөнүндө”

 

Кожомкул айыл өкмөтүнун финансы бөлүм башчысынын билдирүүсү боюнча 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин бекитилген каражатынын киреше булагынын ашыкча түшкөн 9000,0 миң сом акча каражатты боюнча сунуштарын угуп, талкуулап чыгып, Кожомкул айылдык Кенеши:

Токтом кылат:

1.Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысына 9000,0 миң сом акча каражаты муктаждыктарга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.

 

Мектеп 70921 бөлумдүн 2231 статьясына-350,0 миң сом (жаңы мектептин электрэнергиясынын төлөмүнө)

 

Соц.коргоо 71092 бөлумдүн 2721 статьясына-120,0 миң сом (материалдык жардам)

 

Маданият маселелери 70862 бөлүмдүн 2215 статьясына-500,0 миң сом (майрамдык иш чараларга)

 

ЖКХ 70629 бөлумдүн ичинде 2215 статьясына -8030,0 миң сом (Долбоордук сметалык иш кагаздарына)

Жалпы бөлүмдөр боюнча 9000,0 миң сом.

 

2. КЭБ башычысы Кубанова С.К. бөлүнгөн каражаттарды өз убагында төлөөнү камсыз кылсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

Орозалы кызы Лира