ТоктомКүчүндө

Кожомкул айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-4/15 «Кожомкул айыл аймагынын көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция17.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 17-апрели № 01-4/15

 

Кожомкул айыл аймагынын көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген Типтүү Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кожомкул айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кожомкул айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу ущул токтомго №1 тиркеме катары бекитилсин.

2. “Тазалык” Муниципалдык ишканасы аталган Жободо бекитилген тартипте иш алып барсын.

3. Бул токтом каттого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Мураталиев У.М.