Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-августундагы № 66/XVII-29 «Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-августу № 66/XVII-29
Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчɵсүнүн А.К.Шаршенбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
- Кыдыргычев Бектого –Красная Речка айылынын тургуну;
-Усупбекова Эльвира Кенешбековна–Красная Речка айылынын тургуну;
- Калмырзаев Жаныбек Арыкбаевичке – Нурманбет айылынын тургуну;
- Муратканова Максат Мелисовнага – Первомайское айылынын тургуну
-Омуралиев Адис Мыктыбековичке – А.Токтоналиев айылынын тургуну;
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
Төрага |
| Д.К.Бакырчаков |