Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-сентябры № 612
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 594 «Мектепке чейинки
билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит – 2»
долбоорду бекитүү жөнүндө» токтомун күчүн
жоготту деп таануу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 594 «Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит – 2» долбоорду бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 69 (3829) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |