Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-сентябры № 615
Мунай жана мунай продуктулары чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
– биринчи абзацта «2710 коду» деген сөздөр «2710, 2711 жана 2901 коддору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасында белгиленген шарттарга ылайык кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетилген продуктулардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин уруксатынын негизинде жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизүү шартында бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү үчүн нафтаны, мазутту жана меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пунктчалар менен толукталсын:
«4) «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өндүрүлгөн, жалпы көлөмү 4 800 (төрт миң сегиз жүз) тоннадан ашпаган экспортко ташып чыгарылуучу меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
5) ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 19 820 0, 2710 19 840 0, 2710 19 880 0, 2710 19 980 0 коддору менен классификацияланган майлоочу майларды, гидравликалык суюктуктарды жана башка майлоочу материалдарды, көрсөтүлгөн товарлар мотор отуну катары колдонууга арналбаган шартта.».
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдо каралган өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна, Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |