Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23 - августу № 55
Жер мунапысын жүргүзүү боюнча
“ Жер – укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2022- жылдын 4- мартындагы № 21 Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 31- майынын № 291 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында Сүймөнкул Чокморов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын №150-153 контурунда жайгашкан жеринде курулган турак-жайлардын ээлеринин тизмеси 1- тиркемеге ылайык (3 киши) бекитилсин;
2. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнун Рассвет айылындагы жайгашкан жеринде курулган турак-жайлардын ээлеринин тизмеси 2- тиркемеге ылайык (8 киши) бекитилсин;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого” ылайык Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Мрамор айылынын курулуп калган үйлөрдүн жер тилкелери ээлеген аянттарына жараша негизинен такталып бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышы Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы О.В. Попиковго жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9655.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Н.Б.Мажитов |