РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 724-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Завод Аккумуляторов Лифан» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакция22.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 22-сентябры № 724-т

 

«Завод Аккумуляторов Лифан» жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Завод Аккумуляторов Лифан» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Завод Аккумуляторов Лифан» жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2..Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев