ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-августундагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 «2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»токтому

Редакция25.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 25-августу № 576

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 22-февралындагы № 80 «2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 «2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:

– 4-пункттун 4.4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 6-пунктта «I кварталы» деген сөздөр «IV кварталы» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 7-пунктта:

7.1, 7.2, 7.4, 7.8-пунктчаларда «СӨМ» деген аббревиатура «КРПИБ» деген аббревиатурага алмаштырылсын;

7.3, 7.6, 7.7-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;

7.5-пунктчада «2026-жылдын III кварталы», «СӨМ» деген сөздөр жана аббревиатура тиешелүү түрдө «2027-жылдын I кварталы», «КРПИБ» деген сөздөргө жана аббревиатурага алмаштырылсын;

– 10-пункттун 10.2-пунктчасында «СӨМ» деген аббревиатура «КРПИБ» деген аббревиатурага алмаштырылсын;

– кыскартуулардын тизмесинде:

он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй маазмундагы абзац менен толукталсын:

«КРПИБ – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев