РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 722-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция22.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 22-сентябры № 722-т

 

Бюджеттик кредиттер боюнча эсепке алуу көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү бөлүгү болуп саналган суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:

– биринчи саптын «Калдык» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Калдык (миң сом)».

2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев