Загрузка документа…
1-глава. Жалпы жоболор
1. Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу тартиби (мындан ары – Тартип) базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышын контролдоочу базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынын (мындан ары – администрация) иш-аракеттерин белгилейт жана жөнгө салат.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 621-беренесине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
3. Ушул Тартиптин максаты субъекттердин ишинин ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу, салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну жогорулатуу, ошондой эле салыктык милдеттенмелерди аткаруудан качууну алдын алуу болуп саналат.
4. Ушул Тартиптин иш-аракети салык кызматынын органдарына, администрацияга жана базарлардын жана соода борборлорунун аймагында соода, өндүрүш же башка чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, анын ичинде юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга жайылтылат.
5. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) администрация – базардын жана соода борборунун аймагын уюштурууну, эксплуатациялоону жана башкарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер;
2) администрациянын кызмат адамдары – администрациянын жетекчиси, анын орун басарлары, ошондой эле салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо боюнча функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу башка кызматкерлер;
3) «Базар» МС – базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттерди каттоону жана администрация менен салык органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу базарлар менен соода борборлорун эсепке алуунун мамлекеттик электрондук маалыматтык системасы;
4) ишкердик субъекти – базардын жана соода борборунун аймагында чарбалык иш жүргүзгөн жеке жак, жеке ишкер же юридикалык жак;
5) соода борбору – бирдиктүү бүтүндүк катары башкарылуучу, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну ишке ашыруу үчүн 10дон ашык түйүндөр жайгашкан, соода жана/же башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө арналган, өзүнүн аймагынын чегинде соода, административдик-тиричилик жана кампа жайлары менен камсыздалган капиталдык стационардык курулуш.
6. Администрация төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ишкердик субъекттеринен салыктык каттоого тургандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн алууга (күбөлүк, патент же өзгөчө режим менен соода аймагында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим);
2) контролдук иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде:
– «Базар» МС менен салык органдарындагы ишкердик субъекттеринин маалыматтарын салыштыруу;
– катталбаган ишкерлерди аныктоо үчүн соода орундарын текшерүү;
– ККМдин болушун текшерүү;
– колдонуудагы патентти текшерүү (анын жарактуулук мөөнөтү, иштин түрүнө дал келүүсү);
– жалданма жумушчулар менен түзүлгөн эмгек келишимдерин текшерүү;
– аныкталган бузууларды сүрөткө жана видеого тартуу;
3) контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча администрация тарабынан бекитилген форма боюнча бузуу фактыларын каттоого алууга жана аларды белгиленген тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн салык органдарына жөнөтүүгө;
4) салык органдарынан салык сырын түзбөгөн маалыматтарды суроого (субъекттин каттоо статусу, патенттин болушу, салык салуу режими жана колдонулуучу ККМ);
5) биргелешкен салыктык иш-чараларды өткөрүүдө салык органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
6) салык органдары менен биргеликте ишкердик субъекттеринин арасында салыктык милдеттенмелерди, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруу тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
7) салык органдарынан консультациялык жана методикалык жардам алууга.
7. Администрация төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык жана/же эсептик каттоосу болгон учурда ишкердик субъектине имараттарды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
2) базардын жана соода борборунун аймагында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин маалыматтарын «Базар» МСга киргизүүгө;
3) салык органынын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча ижарачы менен түзүлгөн келишимди бузууга;
4) туруктуу негизде төмөнкүлөрдү түзүүгө жана жаңылап турууга:
– белгилүү шифр менен белгиленген, номерленген соода орундарынын жайгашкан жеринин схемаларын;
– ишкердик субъекттер менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтарды – ишкердик субъектинин аталышын жана ИСН, келишимдин иштөө мөөнөтүн, берилген соода орду үчүн ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен салык төлөөчүлөрдүн, анын ичинде ижара берүүчүлөрдүн, ижарачылардын реестрлерин;
5) салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда, салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жыйноодо жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзамдарынын сакталышына салыктык контролду жүргүзүүдө салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүүгө;
6) салыктарды, салыктык эмес кирешелерди, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде жалданма кызматкерлер үчүн төгүмдөрдү толук жана өз убагында төлөөгө көмөктөшүүгө;
7) салык органынын суроо-талабы боюнча ишкердик субъекттер жөнүндө маалыматтарды (анын ичинде ижара келишимдеринин маалыматтарын, соода орундарын, байланыш маалыматтарын) берүүгө;
8) «Базар» МТда салык карызы пайда болгондо салык органдарына салык төлөөчүлөрдүн салыктык милдеттенмелерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
9) салык төлөөчүлөрдүн арасында салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча алардын милдеттенмелери жөнүндө, ошондой эле аларды төлөбөгөндүгү үчүн кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
10) өзгөчө режим менен соода аймагында салыкты колдонуу жөнүндө субъекттердин арызын «Базар» МС аркылуу ырастоого.
8. Администрация ушул Тартиптин 7-пунктунун аткарылышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
9. Администрация жана анын кызмат адамдары ушул Тартипти жетекчиликке алууга жана белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууга тийиш.
10. Базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн бардык ишкердик субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) базарларды жана соода борборлорун эсепке алуунун электрондук системасында катталууга;
2) администрацияга салыктык каттоосу жана салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелери жөнүндө толук маалымат берүүгө;
3) салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрүн сактоого.
11. Ишкердик субъекттери салыктык милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга жана карыз пайда болгон учурда аны кыска мөөнөттө жоюуга милдеттүү.
12. Салык органдары менен өз ара аракеттенүү автоматташтырылган маалымат алмашуунун алкагында жүзөгө ашырылышы керек. Маалыматтык система ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системалары менен интеграцияланууга тийиш.
13. Салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук төлөнүшүн текшерүү үчүн салык органдары менен маалыматтарды үзгүлтүксүз салыштыруу айына кеминде бир жолу жүргүзүлүшү керек.
14. Ишкердик субъекттери салык органдары менен биргеликте зарылдыкка жараша Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча салыктык иш-чараларды өткөрүүгө тийиш.
15. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чегинде ишкердик субъекттерине салыктык контролду жүргүзөт.
16. Бардык бузуулар жөнүндө маалыматтар администрация тарабынан өз убагында катталып, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн беш күндүн ичинде салык органдарына берилүүгө тийиш.
17. Ушул Тартиптин аткарылышына контролду салык органдары өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
18. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган учурларда, администрация Кыргыз Республикасынын Салык кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.».