Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-февралы № 95
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 81, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 81, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
- Салык постун коюу тартиби 3-тиркемеге ылайык;
- Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;
- Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартиби 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 3 жана 4-абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 ''Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 304 "Электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патент берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 609 "Салык постун орнотуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту жана 1 жана 2-тиркемелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4 жана 6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 375 ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 3, 8, 9 жана 10-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |