РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-майындагы № 379-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 949-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 30.05.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 30-майы № 379-т

Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлинин кризистик белгилерге чейин төмөндөшүнө жол бербөө, Кыргыз Республикасынын энергетика системасында электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чараларды көрүүнүн ар жылдык мезгилин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 949-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун биринчи абзацында "камсыз кылсын" деген сөздөр "жыл сайын 15-октябрдан тартып 15-мартка чейинки мезгилде камсыз кылсын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев