ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 16-сентябры № П-382 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 26-майындагы № 232 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу

Редакцияот 16.09.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 16-сентябры № П-382

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 26-майындагы № 232 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Салык органы ээси болуп саналган, электрондук түзүлүштөрдө жана POS-терминалдарда орнотулган контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана каттоодон чыгаруу тартибин өркүндөтүү, ошондой эле контролдук-кассалык машиналарды натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 26-майындагы № 232 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 “Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунда контролдук-кассалык машиналарды каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу регламентинде:

– 9-главанын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана ушул Регламенттин 15-главасынын 3-пунктунун 10-пунктчасында каралган учурларды кошпогондо, ККМди каттоодон чыгаруу үчүн (жоюу, ИСНди өзгөртүү менен субъектти кайра каттоо, окугучту пайдаланган учурда смарт-картанын бузулушу же жоголушу, ККМди алмаштыруу жана АСОнун/ЫСОнун талабы боюнча) субъект ККМди тейлөө жери боюнча ТТБга кайрылат жана төмөнкү документтерди берет:

– ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз;

– ККМди каттоодон чыгаруу үчүн документтерди тапшырган жакка ишеним кат (эгерде документтер субъекттин жетекчиси тарабынан берилбесе).”;

– 15-главанын 3-пункту төмөнкүдөймазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

“10) салык органы ээси болуп саналган, электрондук түзүлүштөрдө жана POS-терминалдарда орнотулган ККМди ушул Регламенттин 6 жана 9-главаларында каралган жол-жоболорду сактабастан, салык төлөөчүгө милдеттүү түрдө кабарлоо менен каттоодон чыгаруу.”.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов)ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

 А.Н. Шыкмаматов