Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 644
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана бюджеттик процессти өнүктүрүүдө жергиликтүү коомчулуктардын ролун күчөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 "2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү коомчулуктардын демилгелерин колдоо фонддорун түзүүдө жана өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык колдоо көрсөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |