ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-октябры № 340 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция02.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 2026-жылдын 2-октябры № 340

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Бир эле маселе боюнча ченемдик буйрумдардын кайталанышын жана алардын көптүгүн болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун экинчи–төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров