Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-сентябры № 103
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176
“Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо
комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону
бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2026-жылдын 28-июлу № 138 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
1) 1-бөлүмдө:
а) 1-пункттагы биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу, ошондой эле алардын резервин түзүү, жүргүзүү тартибин аныктайт.”;
б) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы);”;
в) мамлекеттик тилдеги 2-пункттун 3-пунктчасындагы “участоктук” деген сөз “участкалык” деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүмдө:
а) мамлекеттик тилдеги бөлүмдүн аталышындагы жана текстиндеги “участоктук” деген сөз “участкалык” деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 13-пункттун 7-пунктчасы “комиссиянын мүчөсү” деген сөздөрдөн кийин “, ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо” деген сөздөр менен толукталсын.
в) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө ар бир протоколго (№ 4, 5 формалар) талапкер тууралуу толук маалыматтар (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, билими, негизги иши же кызмат орду, ээлеген кызмат орду (негизги иши же кызмат орду болбогон учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык жана үй телефонунун номери, шайлоо комиссияларынын ишине катышкандыгы жөнүндө маалымат), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз (№ 1 форма), саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация (№ 2 форма), жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук (№ 3 форма) тиркелүүгө тийиш.”;
г) 25-пункттагы экинчи абзац алып салынсын;
3) 2-1-бөлүмдүн 35-2-пунктундагы “12” деген сан “11” деген санга алмаштырылсын;
4) 4-бөлүмдүн 44-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколго талапкерлердин толук маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, билими, негизги иштеген жери же ээлеген кызмат орду (негизги иштеген жери жок болгон учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык жана үй телефондору, шайлоо комиссияларынын ишине катышкандыгы жөнүндө маалымат), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз (№ 1 форма), саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация (№ 2 форма), жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук (№ 3 форма) дагы тиркелүүгө тийиш. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протокол бардык тиркемелери менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин кароосуна жиберилет.”;
5) жогоруда көрсөтүлгөн Жобого тиркемелер тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 72 (3832) саны менен жарыяланды
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Шайназаров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026- жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомуна тиркеме |
Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлер жана аларды көрсөткөн
субъекттер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары
№ | Документтердин аталышы | Форма |
1. | Талапкерлердин кесиптик жана инсандык сапаттарынын сунушталган көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу тизмеги | 1-тиркеме |
2. | Шайлоо комиссиялары тарабынан толтурулуучу резервдин маалыматтар базасынын таблицасы | 2-тиркеме |
3. | “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз | № 1 форма |
4. | Саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация | № 2 форма |
5. | Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук | № 3 форма |
6. | Жарандардын чогулушунун протоколунун типтүү формасы | № 4 форма |
7. | Саясий партиянын протоколунун типтүү формасы | № 5 форма |
| 1-тиркеме |
Талапкерлердин кесиптик жана инсандык сапаттарынын сунушталган көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу тизмеги
1. Кесиптик компетенттүүлүк. 2. Шайлоо мыйзамдарын билүү. 3. Өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмү. 4. Өз оюн жазуу жүзүндө жана оозеки түрдө так баяндай билүү көндүмү. 5. Тартиптүүлүк. 6. Тапшырылган иш үчүн жоопкерчилик. 7. Жумуштагы принциптүүлүк. 8. Башталган ишти аягына чыгарууга умтулуу. 9. Өз ара иштиктүү мамилелерди түзө билүү. 10. Ишке жөндөмдүүлүк. 11. Жеке компьютерде иштей билүү жөндөмү. 12. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларындагы иш тажрыйбасы (болсо жакшы). 13. Жогорку, орто кесиптик билиминин болушу (болсо жакшы). |
| 2-тиркеме |
Шайлоо комиссиялары тарабынан толтурулуучу резервдин маалыматтар базасынын таблицасы
№ | Шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү датасы | Аты- жөнү | Туулган датасы | Билими | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган жеринин дареги | Телефону | Шайлоо комиссиясындагы иш тажрыйбасы | Шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылган датасы жана себеби | Көрсөткөн субъект |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ 1 форма
Жарандын шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызынын формасы
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына
кимден _______________________________ (аты-жөнү) _____________________________________________ (туулган датасы)
_____________________________________________ (жашаган жеринин дареги)
______________________________________________ (негизги иштеген же кызмат кылган жери)
_____________________________________________ (ээлеген кызмат орду)
_______________________________________________ (негизги иштеген жери жок болгон учурда алектенген ишинин түрүн көрсөтүү керек) _____________________________________________ (телефон номери) _____________________________________________ (электрондук почта дареги)
|
АРЫЗ
Мен,_______________________________________________________________________, (аты-жөнү) _________________________________________________________________________________ (аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы) аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугумду берем жана шайланып калган учурда “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактоого милдеттенем. Мурда ______________________________________________________________________ ______________________________________ буга чейинки шайлоо/референдум боюнча шайлоо (качан, кайда, ким катары) өнөктүктөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө катышкам (катышкан эмесмин).
| |
________________ (аты-жөнү) | ________________ (кол тамгасы)
20___-ж. “ _____”______________ |
№ 2 форма
Саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына
кимден _______________________________ (аты-жөнү) _____________________________________________ (туулган датасы)
_____________________________________________ (жашаган жеринин дареги)
______________________________________________ (негизги иштеген же кызмат кылган жери)
_____________________________________________ (ээлеген кызмат орду)
_______________________________________________ (негизги иштеген жери жок болгон учурда алектенген ишинин түрүн көрсөтүү керек) _____________________________________________ (телефон номери) _____________________________________________ (электрондук почта дареги)
|
АРЫЗ
Мен, _______________________________________________________________________, (аты-жөнү) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык азыркы учурда кайсы бир саясий партиянын мүчөсү эместигимди билдирем жана тастыктайм. Анык эмес маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келери, ошондой эле шайлоо комиссиясынын курамына/резервине киргизүүдөн (же чыгаруудан) баш тартуу үчүн негиз болуп саналары мага маалым. Мурда ______________________________________________________________________ _________________________________________________________________саясий партиясынын (качан, кайсы партияда, ким катары) мүчөсү болгом (болгон эмесмин).
| |
________________ (аты-жөнү) | ________________ (кол тамгасы)
20___-ж. “ _____”______________ |
№ 3 форма ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧОГУЛТУУГА ЖАНА ИШТЕТҮҮГӨ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН СУБЪЕКТИНИН МАКУЛДУГУ
Мен, ____________________________________________________________________ дарегинде жашаган (жашаган жеринин дареги) _________________________________________________________________________________________, (аты-жөнү) Инсандыкты ырастоочу документ: _________________________ сериясы_____________№____________ (документтин түрү) _________________________________________________________________________________берилген. | |
(берилген датасы) | (ким тарабынан берилген) |
(ишенимдүү адамдар үчүн) _______________________________________________________________________ атынан аракеттенген (аты-жөнү) Инсандыкты ырастоочу документ: _________________________ сериясы ____________ № ____________ (документтин түрү) _________________________________________________________________________________ берилген. | |
(берилген датасы) | (ким тарабынан берилген) |
________________________________________________________________________________ негизинде (ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) эркин, аң-сезимдүү түрдө, өз эрким менен төмөнкүлөргө макулдук берем: - жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана жок кылуу максатында жеке маалыматтардын ээси тарабынан же болбосо анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар же аларсыз иштетилишине (кандай гана болбосун операция же ыкмаларына карабастан аткарылуучу операциялардын топтому); - жеке маалыматтарды берүүгө (жеке маалыматтардын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга берилишине); - төмөнкү жеке маалыматтарды чек ара аралык берүүгө (жеке маалыматтардын ээси тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган кармоочуларга берилишине): 1. Аты-жөнү; 2. Туулган датасы жана жери; 3. Жарандыгы жөнүндө маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыктары); 4. Жашаган жеринин (турган жеринин) дареги; 5. Билими жөнүндө маалыматтар (билим берүү уюмунун аталышы жана бүтүргөн жылы, билими жөнүндөгү документинин аталышы жана маалым даректери, квалификациясы, билими жөнүндөгү документи боюнча даярдоо багыты же адистиги); 6. Жеке компьютерди өздөштүргөнү жөнүндө маалыматтар (анын ичинде Microsoft Office тиркемелери жана мамлекеттик кызматтагы жумушта зарыл болгон башка кеңсе тиркемелери жөнүндө); 7. Байланыш телефонунун номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалыматтар; 8. Инсандыкты ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; 9. Жеке сүрөтү; 10. Үй-бүлөлүк абалы (үй-бүлө курамы); 11. Эмгек ишмердиги жөнүндө маалыматтар (аскердик кызматты, айкалыштырган ишти, ишкердик ишти ж. б. кошо алганда); 12. Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар; 13. Аскердик милдеттүүлүккө мамилеси, аскердик каттоосу боюнча маалыматтар. Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды ______________________________________________ (аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы) аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) киргизүү үчүн конкурска катышуу максатында иштеп чыгуу үчүн берем:
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат: - калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар; - мамлекеттик укук коргоо органдары; - мамлекеттик чек араны кайтарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; - мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган.
Мен төмөнкүлөр менен тааныштым: 1) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук ушул макулдукка кол коюлган датадан тартып жарактуу экендиги; 2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде чакыртып алынышы мүмкүн экендиги; 3) жеке маалыматтардын субъекти катары менин укуктарымдын тизмеги менин маалыматтарыма жетүүгө, аларды оңдоого, жок кылууга жана аларды иштетүүнү токтотууга болгон укукту камтый тургандыгы. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн башталган датасы: ______________________________________ | |
| (күнү, айы, жылы)
|
____________________ (кол тамгасы) | 20___ж. “____”_________________ ____________________ (аты-жөнү) |
№ 4 форма
_______________________________________________________ саясий партиясынын чогулушунун | |||
(партиянын аталышы) |
| ||
________________________________________________________________________ аймактык (участкалык) шайлоо | |||
(аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы) |
| ||
комиссиясынын курамына (резервине) талапкерди көрсөтүү жөнүндө ПРОТОКОЛУ
| |||
| Делегаттардын (катышуучулардын) белгиленген саны: ________________ Катышып жаткандардын саны: ________________ Өткөрүү орду: ___________________ Өткөрүү датасы: ________________ | ||
КҮН ТАРТИБИ Аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерди көрсөтүү жөнүндө Угулду: ______________________________________________________________________________________________________________ (сүйлөгөн адамдын аты-жөнү) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________талапкерлигин (талапкердин аты-жөнү) _______________________________________________________________________________________________________ (аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы)
аймактык ( участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) көрсөтүү жөнүндө сунушуна
Добуш беришти: “Макул”______,“Каршы”______,“Калыс” _______
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык _________________________________________________ саясий партиясынын чогулушу (партиянын аталышы)
ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. ______________________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган датасы, билими, иштеген жери, ээлеген кызматы, жашаган жеринин дареги) ___________________________________________________________________________________________________________ (аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы)
аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкер болуп көрсөтүлсүн.
2. Ушул протокол Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жөнөтүлсүн.
Протоколго төмөнкүлөр тиркелет: · Жарандын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы; · Саясий партияда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация; · Жеке маалыматтардын субъектинин жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу; · Паспорттун көчүрмөсү; · Дипломдун көчүрмөсү; · Иштеген, окуган жери, билими, жашаган жеринин дареги, телефон номерлери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, резюме). · | |||
Чогулуштун төрагасы:_______________________ (кол тамгасы) |
| __________________________________ (аты-жөнү) | |
Чогулуштун катчысы: ________________________ (кол тамгасы) |
МО | __________________________________ (аты-жөнү) | |
№ 5 форма
____________________________________________________________________________ жарандарынын чогулушунун | |||
(райондун, шаардын аталышы) |
| ||
__________________________________________________ аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерди көрсөтүү жөнүндө
ПРОТОКОЛУ
| |||
| Делегаттардын (катышуучулардын) белгиленген саны: ____________ Катышып жаткандардын саны: ________________ Өткөрүү орду: _________________ Өткөрүү датасы: ______________
| ||
КҮН ТАРТИБИ
Аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерди көрсөтүү жөнүндө Угулду: ____________________________________________________________________________________________________________ (сүйлөгөн адамдын аты-жөнү) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде _______________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________ талапкерлигин (талапкердин аты-жөнү) ___________________________________________________________________________________________________________ (аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы) аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) көрсөтүү жөнүндө сунушу.
Добуш беришти: “Макул”____, “Каршы”_____, “Калыс” ______
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын чогулушу ___________________________________________________________
ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. ____________________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган датасы, билими, иштеген жери, ээлеген кызматы, жашаган жеринин дареги) _________________________________________________________________________________________________________________ (аймактык/участкалык шайлоо комиссиясынын аталышы)
аймактык (участкалык) шайлоо комиссиясынын резервине талапкер болуп көрсөтүлсүн.
2. Ушул протокол Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жөнөтүлсүн.
Протоколго төмөнкүлөр тиркелет: · Жарандын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы; · Саясий партияда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация; · Жеке маалыматтардын субъектинин жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу; · Паспорттун көчүрмөсү; · Дипломдун көчүрмөсү; · Иштеген, окуган жери, билими, жашаган жеринин дареги, телефон номерлери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, резюме).
| |||
Чогулуштун төрагасы:_______________________ (кол тамгасы) |
| __________________________________ (аты-жөнү) | |
Чогулуштун катчысы: ________________________ (кол тамгасы) |
МО | __________________________________ (аты-жөнү) | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген |
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо
комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу
ЖОБО
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы №658, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №132, 2026-жылдын 23-сентябрындагы токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу, ошондой эле алардын резервин түзүү, жүргүзүү тартибин аныктайт.
(КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы);
(КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиялары (мындан ары – округдук шайлоо комиссиялары);
2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча – райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары);
3) участкалык шайлоо комиссиялары.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы №658, 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Шайлоо комиссиялары төмөнкү принциптер боюнча өз ишин жүзөгө ашырат:
1) мыйзамдуулук;
2) айкындуулук;
3) ачыктык;
4) көз карандысыздык;
5) коллегиялуулук;
6) адилеттүүлүк;
7) калыстык.
4. Шайлоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тартиби
5. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат.
6. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
7. Эгерде аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде бүткөн учурда, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарынын талаптарын эске алуу менен, саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.
9. Участкалык шайлоо комиссиясы ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарынын талаптарын эске алуу менен саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервинен жети мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.
10. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участогунун аймагында катталган шайлоочулардын санына, алардын жеткиликтүүлүгүнө жана алыстыгына, транспорттун, байланыштын жана башка шарттардын бар болушуна карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат:
1) 500 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү;
2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү;
3) 1201ден көп шайлоочуга – участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.
11. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны иш процессине зарыл болгондо участкалык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жактырылган учурда өзгөртүлүшү мүмкүн.
12. Тиешелүү аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары же башка жол менен саясый партияларды, коомдук уюмдарды, шайлоочуларды кабарландырат.
Кайрылуу шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлер жөнүндө сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
13. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:
1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;
3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
6) мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн соттолгондугун/жоктугун текшерүү, анын ичинде, “Тундук” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт;
6-1) оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;
7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо;
(КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
8) терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсү милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам;
9) 18 жашка чыга элек жана активдүү шайлоо укугу жок адам.
Төмөнкүлөрдү терс негиздер деп түшүнүү керек:
1) шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган бузуулар;
2) жүктөлгөн милдеттерин аткарбоо жана (же) талаптагыдай эмес аткаруу;
3) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссияларынын иш принциптерин бузуу;
4) моралдын жана этиканын жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуу;
5) ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык таркатылган комиссияда мүчө болуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы терс негиздер боюнча, анын ичинде аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштамасы боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдардын маалыматтар базасын жүргүзөт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бир аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.
15. Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуу зарыл.
Талапкерлерди көрсөткөн субьекттерге талапкерлерди көрсөтүүдө, өзгөчө калктын олуттуу бөлүгүн түзгөн региондордо улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн болушун сактоо сунуш кылынат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасында түзүлүп, катталган жана өз ишин мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзгөн саясый партиялар гана шайлоо комиссияларын түзүүгө катышууга укуктуу.
17. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларын түзүү күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен катталган саясый партиялар тууралуу маалыматтарды сурап алат жана ал маалыматтарды региондорго жөнөтөт.
18. Саясый партиянын же болбосо, анын региондук бөлүмчөсүнүн тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулушуна (конференциясына) саясый партиянын чакыруусу боюнча шайлоо комиссиясын түзүүчү жогору турган шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу.
Шайлоо комиссияларына саясый партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясый партиянын Уставына ылайык жүргүзүлөт.
19. Шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө ар бир протоколго (№ 4, 5 формалар) талапкер тууралуу толук маалыматтар (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, билими, негизги иши же кызмат орду, ээлеген кызмат орду (негизги иши же кызмат орду болбогон учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык жана үй телефонунун номери, шайлоо комиссияларынын ишине катышкандыгы жөнүндө маалымат), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз (№ 1 форма), саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация (№ 2 форма), жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук (№ 3 форма) тиркелүүгө тийиш.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы №132, 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партиялардан протоколдор чогулуштун (конференциянын) төрагасынын жана катчысынын колтамгалары жана саясый партиянын (же анын региондук бөлүмчөсүнүн) мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
21. Эгерде саясый партиядан аймактык шайлоо комиссиясына каралган мүчөлөрдүн санынан ашык талапкер берилсе, анда тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак жүргүзөт.
22. Чүчүкулак жүргүзүү тартиби.
Тиешелүү комиссия саясый партиялардан шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин ортосунда чүчүкулак жүргүзүүнүн датасын жана ордун аныктап, бул жөнүндө талапкерлерди көрсөткөн саясый партиялар милдеттүү түрдө кабарландырылат.
Шайлоо комиссиясынын жыйналышы чүчүкулак жүргүзүү үчүн өз курамынан комиссияны (үч адамдан турган) аныктайт.
Чүчүкулак жүргүзүү үчүн тиешелүү шайлоо комиссиясы ыңгайлуу таризде номурланган талондорду (гильза, шар, жетон ж.б.) даярдайт, алар ыңгайлуу тариздеги тунук эмес үкөккө (барабанга) салынат. Ар бир саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү бир талонду (гильза, шар, жетон ж.б.) сууруп чыгат. Партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктары ал кызыкчылыгын көздөгөн саясый партия тарабынан анын фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ошондой эле ал чүчүкулак жүргүзүүгө катышуу үчүн жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын аталышы көрсөтүлүү менен жазуу түрүндө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бул документ паспортту же аны алмаштырган документти көрсөткөн учурда жарактуу болот. Чүчүкулактын жыйынтыктары боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамынын ½ бөлүгүн түзгөн алгачкы номурларды сууруп чыккан саясый партиялар шайлоо комиссиясына киргизилет. Калган талапкерлер чүчүкулактын протоколунда көрсөтүлгөндөй тартипте резервди түзүшөт.
Чүчүкулактын натыйжалары боюнча протокол түзүлөт жана чүчүкулак жүргүзгөн комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат, саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чүчүкулактын натыйжалары менен таанышкандыктары жөнүндө протоколго кол коюшат.
Чүчүкулактын жыйынтыктары боюнча түзүлүп жаткан шайлоо комиссиясынын курамына шайланбаган жана (же) киргизилбегендер саясый партиялардан шайлоо комиссиясына кирген айрым мүчөлөр чыккан учурда шайлоо комиссиясынын курамына аларды киргизүү үчүн резервди түзүшөт.
Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүдө чүчүкулактын жыйынтыктары боюнча саясый партиялардын кезектүүлүгү сакталып калат.
23. Эгерде саясый партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин саны шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин шайлоо мыйзамдары тарабынан белгиленген санынан аз болуп калса, тиешелүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөндөрдүн ичинен талапкерлерди шайлоо комиссиясынын курамына киргизүүгө укуктуу.
24. Жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын курамын чүчүкулактын натыйжалары боюнча саясый партиялардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле тиешелүү шайлоо комиссиясынын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн бекитет.
25. Шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссияларын кошпогондо, төрагаларын жана катчыларын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо жана бошотуу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132, 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Төраганын жана катчынын бош калган кызмат ордун ээлөө шайлоо тартибинде жүргүзүлөт. Төрага жок болгон учурда анын милдеттерин катчы аткарат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып, үч күндөн кечиктирбестен, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
28. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналыш күнүнөн тартып башталып, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын укук ченемдүү биринчи жыйналыш күнүнөн тартып аяктайт.
29. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин милдеттеринен төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
1) өз ыйгарым укуктарын калтыргандыгы жөнүндө арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашай турган жерине чыгып кеткенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же болбосо жарандын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоого укугун тастыктаган жашаган жеринин түрүн алганда;
4) ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргинде;
5) аны жарамсыз, жарамдуулугу чектелген, каза болгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргинде жана ал дайынсыз жок болду деп жарыяланганда;
6) каза болгондо – тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча;
7) ушул Жобонун 12-пунктунда каралган негиздер болгондо;
8) шайлоо комиссиясынын мүчөсүн бекиткен жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын негизинде шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин жана тапшырмаларды дайыма аткарбаган деп таанылганда;
9) аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жоюлганда;
10) милдеттерди жана тапшырмаларды дайыма аткарбаганда – тиешелүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча.
30. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын курамынан чыкканда, тиешелүү шайлоо комиссиясын түзүүдө өткөрүлгөн чүчүкулактын кезектүүлүгүнө ылайык ушул Жобонун 5 жана 6 –пунктунун талаптарын эске алуу менен резервден жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн резервинен шайлоо комиссиясынан чыккан мүчөсүнүн арызы катталган күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен анын ордун ээлөө жүргүзүлөт.
31. Саясий партиядан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү чыгып кеткен учурда жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясын түзүүдө чүчүкулактын жыйынтыктары боюнча ирээттик номери жана андан кийинки номерлер боюнча орунду ээлеген саясий партиянын резервинен талапкерди шайлоо комиссиясынын курамына киргизет.
32. Саясий партия тарабынан тиешелүү шайлоо комиссиясына талапкерлердин санын киргизүү зарыл болгон учурда шайлоо комиссиясын толук комплектилөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү өкүлдөрү тарабынан тиешелүү шайлоо комиссиясынын резервинен жүргүзүлөт.
33. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү чыгып кеткен учурда жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди резервден киргизет.
34. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнчө жобо менен аныкталат.
35. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте туруктуу окутудан жана сертификациялоодон жыл сайын өтүшөт.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын резервин жана башка шайлоо процессине катышкандарды үзгүлтүксүз окутуудан өткөрүп турушат.
2-1. Аймактык шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана ишин
уюштуруунун тартиби
(Бөлүм КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-1. Округдук шайлоо комиссияларынын курамы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана алардын резервдеринин ичинен түзүлөт жана бекитилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-2. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөндөгүдөй тартипте ар бир шайлоо округу боюнча 11 мүчөдөн кем эмес курамда округдук шайлоо комиссиясын түзөт:
- эгерде бир шаардын же райондун аймагында (АШК) бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;
- эгерде бир шаардын же райондун аймагында (АШК) эки же андан көп шайлоо округдары түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиялары аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;
- эгерде эки же андан көп шаарлардын же райондордун аймагында (АШК) бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы ошол аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.
(КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
Зарылчылыкка жараша округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча иш процессинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынын өзгөртүлүшү мүмкүн.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-3. Округдук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында:
1) шайлоо мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү округда алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;
2) тийиштүү округда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууда Борбордук шайлоо комиссиясына көмөктөшөт;
3) шайлоо участокторунун жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана даярдоо үчүн сунуш киргизет;
4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;
6) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;
7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;
8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;
9) шайлоочулардын тизмесин түзөт, жүргүзөт, жаңылайт жана тактайт;
10) шайлоочулардын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат;
11) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;
12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүсүн уюштуруу боюнча чараларды көрөт, үгүт материалдарын илүү үчүн орун-жайларды караштырат ;
13) участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;
14) тийиштүү шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт;
15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу;
16) Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду өткөрүп берет;
17) округдук шайлоо комиссиясына түздөн түз келип түшкөн, ошондой эле округдук шайлоо комиссясынын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобуна келип түшкөн участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, аларды милдеттүү түрдө реестрге киргизүү менен алар боюнча чечимдерди кабыл алат;
18) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
19) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;
20) зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга штаттан тышкары кызматкерлерди эмгек келишимдери боюнча тартат;
21) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервин окутууну жүргүзөт;
22) шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Округдук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-4. Төмөнкүлөр округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:
1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештердин депутаты;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;
3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкери, аскер кызматчысы;
4) талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
6) мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алынбаган же жоюлбаган адам;
7) ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо, башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
8) терс жагдайдын негизи боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетин аткаруудан мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Бир округдук шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-5. Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын дайындоо комиссиянын курамын бекитүүдө шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча иш тажрыйбасын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен дайындалат.
Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуу, бошогон кызмат ордун ээлөө округдук шайлоо комиссиясынын курамынын сунуштамасы боюнча Борбордук шайлоо комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-6. Округдук шайлоо комиссиясынын курамы жана дареги Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып үч календардык күндөн кеч эмес жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-7. Округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйыны өткөн күндөн тартып башталат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотулат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-8. Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин төмөнкү учурларда милдетин аткаруудан бошотулат:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын тышкары туруктуу жашаган жерге чыгып кеткенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же болбосо чет мамлекеттин аймагында жарандын туруктуу жашоого укугун тастыктаган жашап туруу укугун алганда;
4) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелген, өлгөн жана аны белгисиз жок болгон деп таануужөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) өлгөндө – округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча;
7) округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өзүнүн милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбагандыгы таанылганда;
8) округдук шайлоо комиссиясы таркатылганда;
9) милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда – округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-9. Округдук шайлоо комиссиясынын курамынан анын мүчөсү чыкканда, чыгып кеткен шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн арызы катталган күндөн тартып беш күндөн кеч эмес тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен ордун ээлөө жүргүзүлөт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-10. Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) жыйын жөнүндө өз учурунда маалымдалат;
2) округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
3) округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйынында каралып жаткан бардык маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу;
4) округдук жана төмөн турган комиссиялардын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмесин, шайлоо боюллетендерди кошпогондо) жана ошол көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүүгө укуктуу;
5) шайлоо комиссияларынын аракеттерине (аракетсиздигине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга укуктуу;
6) жыйында добуш берүүдөн баш тартууга укуксуз.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-11. Округдук шайлоо комиссиясы, эгерде анын белгиленген мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамы түзүлсө ишке киришүүгө укуктуу.
Округдук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйыны курамы бекитилгенден кийин 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт, эгерде ага округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса укукка сыйымдуу болуп саналат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-12. Округдук шайлоо комиссиясынын жыйынын (мындан ары –жыйыны) төрага тарабынан, ошондой эле округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмесинин талабы боюнча чакырылат.
Жыйын жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүгү катышса жыйын мыйзам ченемдүү болот.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-13. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык камсыз кылуу маселелери боюнча, добуш берүүнүн жыйынытыктары, шайлоону анык эмес таануу тууралуу, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө округдук шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйында округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси тарабынан кабыл алынат.
Округдук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери жыйында округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-14. Округдук шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коет.
Чечимге макул эмес округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жыйындын протоколунда чагылдырылууга, ага тиркелүүгө тийиш жана эки күндүк мөөнөттөн кеч эмес, ал эми добуш берилген күнү, добуш берилген күндүн эртеси күнү – токтоосуз түрдө төрага тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына билдирилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35-15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоону анык эмес таануу тууралуу, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле даттанууларды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган округдук шайлоо комиссияларынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө жатат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларын
жоюнун тартиби
36. Округдук, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан гана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же болбосо шайлоолордун, референдумдардын натыйжаларын жараксыз деп таанууга алып келген жарандардын шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо укуктары бузулганда;
2) шайлоо комиссиясы тарабынан соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдери мыйзамдын талаптарына ылайык аткарылбаганда;
3) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин жана ушул Жобонун талаптары бузулганда.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жоюлгандыгы жөнүндө арыз менен тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ошондой эле талапкер, саясий партия кайрылууга укукту. Округдук, участкалык шайлоо комиссиясынын жоюлгандыгы жөнүндө арыз добуш берүү күнүнө чейин он календардык күндөн кечиктирбестен же болбосо кайталап добуш берүү жүргүзүлгөндө – аталган шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары берилгенден кийинки мезгилде, бирок кайталап добуш берүү күнүнө чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Округдук, участкалык шайлоо комиссиясын жоюу жөнүндө арыз токтоосуз кароого кабыл алынат жана ал боюнча арыз берилген күндөн тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен чечим чыгарылат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жоюлгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жогору турган шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна жана ушул Жобого ылайык округдук, участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзөт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Жаңы курамдагы округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы анын жоюлгандыгы жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин үч календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын жоюу талапкердин же саясий партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келбейт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби
42. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резерви шайлоо комиссияларынын курамын үзгүлтүксүз толуктоо максатында (зарыл болгон учурда) түзүлөт.
43. Аймактык, участкалык шайлоо комиссмияларынын резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн санынан тиешелүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес курамында беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүү.
Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт. Протоколго өткөрүлгөн жерди көрсөтүү менен чогулуштардын катышуучуларынын тизмеси, чогулуштун төрагасынын жана катчысынын паспортунун көчүрмөсү тиркелет, чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү протоколу тиешелүү жергиликтүү кеңешке жөнөтүлөт.
Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколго талапкерлердин толук маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, билими, негизги иштеген жери же ээлеген кызмат орду (негизги иштеген жери жок болгон учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык жана үй телефондору, шайлоо комиссияларынын ишине катышкандыгы жөнүндө маалымат), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз (№ 1 форма), саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация (№ 2 форма), жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук (№ 3 форма) дагы тиркелүүгө тийиш. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протокол бардык тиркемелери менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин кароосуна жиберилет.
(КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү чечим жергиликтүү кеңештин ачык сессиясы өткөрүлгөн күндөн кийинки күнү 18-00 сааттан кечиктирилбестен тиешелүү жергиликтүү кеңешке берилүүгө тийиш.
Жергиликтүү кеңештер шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө бардык жазуу жүзүндөгү чечимдерди күнүн, саатын, мөөнөтүн жана талапкерди же талапкерлердин тизмесинин номерин көрсөтүү менен келип түшкөн тартипте атайын журналда каттоого милдеттүү.
Жергиликтүү кеңештин ачык сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт жана сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге тиешелүү шайлоо комиссияларынын резервин түзүү үчүн тиешелүү шайлоо комиссиясын түзгөн жогору турган шайлоо комиссиясына берилет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Тиешелүү шайлоо комиссиялары шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө бардык жазуу жүзүндөгү чечимдерди келип түшкөн тартипте каттоого милдетүү.
46. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтер бардык талапкерлердин документтери менен бирге тиешелүү шайлоо комиссиясын түзгөн жогору турган шайлоо комиссиясына берилет.
47. Төмөн турган шайлоо комиссиясын түзгөн шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйналышында шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн субъектилерден алынган материалдарды карайт. Мында шайлоо комиссиясы, эгерде аталган талапкер “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиялары жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана ушул Жобонун 13-пунктунун талаптарына ылайык келбесе субъектилер көрсөткөн тигил же бул талапкерди четке кагууга укуктуу.
48. Жогору турган шайлоо комиссиясы берилген талапкерлердин санынан шайлоо комиссиясынын резервин бекитет.
49. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиянын өкүлдөрү резервди түзүүдө чүчүкулактын жыйынтыктары боюнча кезектүүлүккө ылайык саясий партиядан шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда бош орунду ээлөө үчүн саясий партиянын резервин түзүшөт.
50. Шайлоо комиссияларынын резерви зарылчыгына жараша толук комплектелет. Жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын резервин толук комплектөө зарыл болгондо жалпыга маалымдоо каражаттары же башка ыкмалар менен ал талапкерлерди көрсөткөн субъектилерге кайрылат.
Түзүлгөн резервди толук комплектөө шайлоо комиссиясынын резервин түзүү мөөнөтүнө карата жүргүзүлөт.
Толук комплектөө учурунда шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн талапкерлерди кароо жана бекитүү ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат жана жүргүзүлөт.
51. Көрсөтүү процессинде шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн субъектилерге талапкерлердин кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу сунушталат.
Шайлоо комиссияларынын резервине киргизиле турган адамдардын кесиптик жана жеке сапаттарынын сунушталган көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу тизмеги 1-Тиркемеде аныкталган.
4-1. Аралыктагы участкада шайлоо комиссиясын
түзүүнүн тартиби
(Бөлүм КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
55-1. Аралыктагы участкада аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн аралыктагы участка жайгашкан жердеги аймактык шайлоо комиссиясы аралыктагы участканын шайлоо комиссиясынын курамын, анын ичинде участкалык шайлоо комиссияларынын курамынан жана резервинен түзүүгө укуктуу.
Аралыктагы участканын шайлоо комиссиясынын курамын түзүү добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 мүчөдөн кем эмес санда түзүлөт.
Аралыктагы участкадагы шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди кароодо шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн иш тажрыйбасы, ишке жоопкерчиликтүү мамилеси, жашаган жери сыяктуу критерийлер эске алынууга тийиш.
Аралыктагы участканын шайлоо комиссиясы коллегиалдуу орган болуп саналат. Чечимдер айкын жана ачык, комиссиянын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Аралыктагы участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө мөөнөтү шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин аяктайт. Аралыктан добуш берүүнүн натыйжаларына даттанылган учурда аралыктан добуш берүү комиссиясынын ыйгарым укуктары жогору турган комиссиянын чечими же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими аткарылган күндөн тартып токтотулат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсү:
Ушул Жобонун мамлекеттик тилдеги пункттарынын саны жана мазмуну түп нусканын электрондук версиясына ылайык
52. Талапкерлер каралгандан кийин төмөн турган шайлоо комиссиясын түзгөн шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын резервинин маалыматтар базасын 2-тиркемеге ылайык түзөт.
53. Шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген адам тиешелүү шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылат.
54. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамынан терс негиздер боюнча чыгарылган адамдар жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылды деп эсептелет.
55. Жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын резервинин талдоосун жана шайлоо комиссияларынын резерви менен иштөө абалын ай сайын жүргүзөт.
5. Округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын
мүчөлөрүнүн кепилдиктери жана компенсациялары
56. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдум даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерди аткаруудан бошотулат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдум өткөрүүгө бөлүнгөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген каражаттардын эсебинен сыйлык төлөнөт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына, катчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, катчысына жана идентификациялоо операторуна шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү мезгилинде шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт”.
Участкалык шайлоо комиссиясынын калган мүчөлөрүнө сый акы шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн акыркы айы үчүн гана төлөнөт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өзүнүн пикири, сунушу үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга жолтолук кылуу максатында округдук, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө таасир көрсөтүү , же болбосо кимдир бирөөлөрдүн пайдасына чечим кабыл алуу, зордук-зомбулук көрсөтүү, мазактоо, ушактоо, алардын ыйгарым укуктарынын жана кызматтык милдеттеринин аткарылышы жөнүндө жалган маалымат жайылтуу мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдум өткөрүү мезгилинде жана шайлоо, референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу жок башка ишке которулушу мүмкүн эмес.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги ишинен бошотулган округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн негизги иштеген жери боюнча (менчигинин формасына карабастан) орточо эмгек акысы сакталат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Корутунду жобо
62. Ушул Жобого өзгөртүү жана толуктоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен киргизилет.