Редакцияот 28.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 28-сентябры № 648

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартибин белгилөө, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 14, 36-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 «Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнудагы № 293 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 «Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө» токтомунун 4-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 «Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтомунун 5-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев