Редакцияот 28.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомуна)

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул Жобо акциялардын чыгарылышын, акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо тартибин жөнгө салат.

3. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодо чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат жана акциялар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.

5. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугу үчүн гана жоопкерчилик тартат, бирок алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн эмитент жоопкерчилик тартат.

7. Акциялардын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыктарын болду же болгон жок деп тааныганга чейин акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес.

8. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө чечими берилет.

9. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын жайгаштырууда же андан ары сатууда (сатып алынган акциялар үчүн) алар акча каражаттары менен гана төлөнүшү мүмкүн (пайданы капиталдаштыруу учурунан тышкары) жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө катары берилиши мүмкүн эмес.

2-глава. Акциялардын ачык эмиссиясы

§ 1. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо

10. Акциялардын ачык эмиссиясында акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо бир эле учурда жүзөгө ашырылат.

11. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:

1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;

2) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген акцияларды ачык сунуштоонун шарттары (акциялардын эмиссиясында);

3) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген проспект;

4) эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда бул документтерди бербесе);

5) эмитенттин уставынын көчүрмөсү, анын ичинде уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда бул документтерди бербесе);

6) эмитент тарабынан акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алынганын ырастаган документтин көчүрмөсү;

7) акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастаган документ;

8) эмитенттин акыркы аяктаган үч финансылык жыл үчүн же эгерде эмитент өз ишин үч жылдан кем эмес жүргүзсө, иштеген ар бир жылы үчүн жылдык финансылык отчетунун көчүрмөсү;

9) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюмдун берилүүчү жылдык финансылык отчетуна карата корутундусу;

10) эмитенттин проспект түзүлгөн учурга карата акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн кварталдык финансылык отчетунун көчүрмөсү;

11) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарына ылайык иштелип чыккан корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү;

12) документтердин тизмеси.

12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө же акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде кабыл алат.

13. Эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди 3 (үч) нускада берилүүчү акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти кошпогондо, бир нускада берет.

14. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

15. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган проспектте жана берилген башка документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле мындай текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.

16. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитенттен акцияларды ачык сунуштоонун шарттарына жана/же проспектке, ошондой эле акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген башка документтерге аталган документтерди Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү талап кылууга укуктуу.

17. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоого чейин акцияларды сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга олуттуу түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлар пайда болгон учурда эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана/же проспектти аларга ушул жагдайларды чагылдырган өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү менен берүүгө милдеттүү.

18. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде эмитентке төмөнкүлөрдү берүүгө (жөнөтүүгө) милдеттүү:

1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимин;

2) катталгандыгы жөнүндө белги менен акцияларды ачык сунуштоонун шарттарынын эки нускасын;

3) катталгандыгы жөнүндө белги менен проспекттин эки нускасын.

§ 2. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу

19. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:

1) эмитенттин акцияларды ачык сунуштоону жүзөгө ашыруусу "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келсе;

2) акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келбесе;

3) документтерде анык эмес маалыматтар табылса.

Акциялардын ачык сунуштоонун шарттарын жана проспекти мамлекеттик каттоодон алар максатка ылайыктуу эмес деген жүйөө боюнча баш тартылышы мүмкүн эмес.

20. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо үчүн берилген документтер кайтарылбайт.

21. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

22. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен арыз ээсине бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

23. Эгерде акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоодон баш тартылса, анда акцияларды ачык сунуштоого болбойт.

§ 3. Акцияларды ачык сунуштоонун шарттары

24. Акцияларды ачык сунуштоонун шарттары өзүнүн мазмуну боюнча ушул Жоболордун 2-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.

Акцияларды ачык сунуштоонун шарттарынын барактары номерленүүгө, көктөлүүгө, эмитенттин жетекчисинин колу коюлууга жана эмитенттин мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.

25. Акцияларды ачык сунуштоонун шарттары үч нускада түзүлөт. Бир нускасы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчиси - эмитентте сакталат, ал эми үчүнчүсү көз карандысыз реестр кармоочуга же депозитарийге сактоого берилет. Акцияларды ачык сунуштоонун шарттарынын нускаларынын ортосундагы текстте айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти анык деп эсептелет.

Акциялардын ээлеринин эмитентте же көз карандысыз реестр кармоочуда сакталган акцияларды ачык сунуштоонун катталган шарттарынын түп нускаларына жетүүсүн чектөөгө тыюу салынат.

§ 4. Проспект

26. Проспекттин беттери номерленүүгө, көктөлүүгө, аткаруу органынын жетекчисинин, эмитенттин башкы бухгалтеринин жана ачык сунуштоону уюштурууга жана акцияларды жайгаштырууга катышкан андеррайтердин (андеррайтерлер) колу коюлууга, ошондой эле эмитенттин мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.

27. Проспектке кол койгон адамдар көрсөтүлгөн проспектте камтылган анык эмес, толук эмес жана/же инвесторду адаштыруучу маалыматтын кесепетинен акциялардын ээсине келтирилген зыян үчүн эмитент менен субсидиардык жоопкерчилик тартат.

28. Проспект үч нускада түзүлөт. Бир нускасы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчиси - эмитентте сакталат, ал эми үчүнчүсү көз карандысыз реестр кармоочуга же депозитарийге сактоого берилет.

Проспекттин нускаларынын текстинде айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти чыныгы деп эсептелинет.

29. Эмитент проспектте камтылган маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле мындай маалыматты ачыкка чыгаруу тартиби жөнүндө кабарлоону өзүнүн расмий сайтына жана/же фондулук биржанын расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.

30. Ачык сунушталуучу акцияларды жайгаштыруу акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылган күндөн тартып беш жумуш күндөн эрте эмес башталышы мүмкүн.

Акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө билдирүүнү акцияларды ачык сунуштоонун шарттары жана проспект менен каалаган адам тааныша ала турган жерлерди көрсөтүү менен жарыялоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

Акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө билдирүүдө төмөнкүдөй маалымдар жана маалымат камтылууга тийиш:

- эмитенттин толук аталышы, эмитенттин жайгашкан жери, почта жана юридикалык дареги;

- акцияларды ачык сунуштоону жана проспектти мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган каттоочу органдын аталышы, жайгашкан жери, мамлекеттик каттоо датасы жана чыгарылышка ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери;

- акцияларды жайгаштыруу башталган дата;

- акцияларды ачык сунуштоонун шарттары жана проспект менен каалаган адам тааныша ала турган жер.

Проспект менен, анын ичинде ага карата бардык катталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен таанышуу мүмкүнчүлүгү

жайгаштырылып жаткан акцияларды сатып алуучулардын ар бирине бүтүм түзүлгөнгө чейин берилүүгө тийиш.

Проспект Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (КИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмитенттин акыркы бенефициардык ээлери жана эмитентке контроль жүргүзүүчү адамдар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

§ 5. Акцияларды эмиссиялоодо проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

31. Эмитент төмөнкүдөй учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспектке киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду аны каттоо үчүн толук жаңы маалымат менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор пайда болгон же аныкталган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү, эгерде:

1) проспектте камтылган маалыматтарда өзгөртүү пайда болсо;

2) проспектте ачыкка чыгарылууга тийиш болгон жаңы маанилүү маалымат пайда болсо, эгерде ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспект берилген учурга чейин болгон болсо;

3) проспект жалган же адаштыруучу маалыматтарды камтыса же проспектте маалыматты ачыкка чыгарууда олуттуу кемчиликтер бар болсо.

Проспектке өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш.

32. Акцияларды жайгаштыруу мөөнөтүн кыскартуу максатында, ошондой эле бул шартта белгиленген жана проспектте көрсөтүлгөн бир акция боюнча укуктардын көлөмү бөлүгүндө проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.

33. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:

1) проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого арыз;

2) проспектке өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор.

34. Проспектке өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор эмитент тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үч нускада берилет.

Проспектке өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун тексттери кошумча түрдө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук формада берилет.

35. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

36. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо өзгөртүүлөр жана толуктоолор берилген учурдан тартып он жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо мезгилинде ушул ачык сунуштун акциялары менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

37. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле мындай текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.

38. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жободо каралган бардык документтер толук берилбеген, ошондой эле жоюла турган башка бузуулар аныкталган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартпастан эмитентке кетирилген тартип бузууларды он жумуш күндүн ичинде оңдоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө укуктуу. Бул учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке кетирилген тартип бузууларды жана аларды жоюу үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен бузууларды жоюу зарылдыгы жөнүндө кабарлоо жиберет.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмитент тарабынан оңдолгон жана/же толукталган документтерди берүүдө өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген документтер гана берилет. Көрсөтүлгөн документтер ушул Жободо белгиленген сандагы нускада коштомо кат жана берилүүчү документтердин тизими менен берилет.

39. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде эмитентке төмөнкүлөрдү берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү:

1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо жөнүндө чечимин;

2) мамлекеттик каттоо жөнүндө белгиси бар проспектке өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун эки нускасын.

Проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде эмитентке баш тартуунун негизин камтыган баш тартуу жөнүндө кабарлоону берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү.

40. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартуу үчүн негиздер акциялардын ачык сунушун мамлекеттик каттоодон баш тартуу үчүн ушул Жободо каралган негиздер болуп саналат.

41. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартылган учурда проспектке өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтер кайтарылбайт.

§ 6. Акцияларды ачык сунуштоону токтотуу жана акцияларды жана проспектти ачык сунуштоо шарттарын мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу

42. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда акцияларды ачык сунуштоону бир айдан ашык эмес мөөнөткө токтото тура алат:

1) проспект жалган же адаштыруучу каалаган олуттуу маалыматты камтыса;

2) акцияларды ачык сунуштоо процессинде акцияларды сунуштоо шарттары бузулса;

3) акцияларды ачык сунуштоо процессинде "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар бузулса.

Токтото туруу мөөнөтү аяктагандан кийин жогоруда аталган бузуулар жоюлбаган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акцияларды ачык сунуштоо болгон жок деп тааныйт жана акцияларды ачык сунуштоо шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарат.

43. Акцияларды ачык сунуштоону токтото турууда мындай токтото туруунун бүткүл мөөнөтү ичинде аларды ачык сунуштоого жол берилбейт.

§ 7. Аларды эмиссиялоодо акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо

44. Акцияларды ачык сунуштоо төмөнкү шарттардын бири аткарылган учурда болгон деп таанылат:

1) проспектте белгиленген мөөнөттүн ичинде бардык ачык сунушталган акциялар жайгаштырылса;

2) ачык сунуштоону болду деп таануу үчүн зарыл болгон акциялардын минималдуу саны проспектте белгиленген шартта, көрсөтүлгөн мөөнөттө акциялардын мындай минималдуу санынан кем эмеси жайгаштырылса;

3) андеррайтинг жөнүндө макулдашууга ылайык ушул ачык сунуштун бардык акциялары же проспектте белгиленген акциялардын минималдуу саны андеррайтерге (андеррайтерлерге) сатылса.

45. Эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту акцияларды ачык сунуштоонун катталган шарттарында белгиленген аларды жайгаштыруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.

46. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун формасы жана мазмуну ушул Жобонун 3-тиркемесине шайкеш келүүгө тийиш.

Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет ар бир бети номерленүүгө, көктөлүүгө, аткаруу органынын жетекчиси жана эмитенттин башкы бухгалтери тарабынан кол коюлууга, ошондой эле эмитенттин мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.

47. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:

1) ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык эмитенттин арызы;

2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык акцияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет;

3) акциялардын толук төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер;

4) эмитенттин көз карандысыз реестр кармоочусу (акциялар депо эсебинде эсепке алынган учурда депозитарий) тарабынан күбөлөндүрүлгөн, акциялардын ачык сунуштоо жолу менен жайгаштырылышын ырастаган акционерлердин реестринен (депо эсебинен) көчүрмө;

5) киргизүү учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эквивалентин көрсөтүү менен жайгаштырылган акцияларды төлөө катарында киргизилген чет өлкө валютасынын көлөмү жөнүндө маалымат;

6) акцияларды сатып алуучунун аталышын же фамилиясын, атын, атасынын атын, сатып алуучунун өлкөсүн, ал сатып алган акциялардын санын жана жалпы наркын, акцияларды сатып алуунун иш жүзүндөгү суммасын, акцияларды сатып алуу датасын көрсөтүү менен резидент эместердин арасында чыгарылыштагы акцияларды жайгаштыруу жөнүндө маалымат.

48. Эмитенттин акционерлерине аларды сатып алууга артыкчылыктуу укук берилген акцияларды ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай артыкчылыктуу укукту жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эмитенттин акционерлерине кабарлангандыгын ырастаган документ берилет.

49. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетко кол койгон адамдар алардын күнөөсү болсо, мындай отчетто камтылган алар тарабынан ырасталган анык эмес, толук эмес жана/же адаштыруучу маалыматтын натыйжасында акциялардын ээсине келтирилген зыян үчүн тилектештик субсидиардык жоопкерчилик тартат.

50. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үч нускада берилет. Бир нускасы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчиси - эмитентте сакталат, үчүнчү нускасы көз карандысыз реестр кармоочуга же депозитарийге сактоого берилет.

Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун нускаларынын текстинде айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталып турган документтин тексти чыныгы деп эсептелинет.

51. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун тексти баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн органдын талаптарына ылайык электрондук сактагычта электрондук формада да берилет.

52. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

53. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга же ушул акцияларды ачык сунуштоону болгон жок деп таанууга жана акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып он жумуш күн өткөндөн кийин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул акцияларды ачык сунуштоону болгон жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.

Акцияларды ачык сунуштоо шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу бул акциялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номеринин жокко чыгарылышына алып келет.

Акциялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизүү жолу менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Акциялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

54. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жободо каралган бардык документтер толук берилбеген, ошондой эле жоюла турган башка бузуулар аныкталган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон баш тартпастан эмитентке кетирилген тартип бузууларды он жумуш күндүн ичинде оңдоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө укуктуу. Бул учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке кетирилген тартип бузууларды жана аларды жоюу үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен бузууларды жоюу зарылдыгы жөнүндө кабарлоо жиберет.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмитент тарабынан оңдолгон жана/же толукталган документтерди берүүдө өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген документтер гана берилет. Көрсөтүлгөн документтер ушул Жободо белгиленген сандагы нускада коштомо кат жана берилүүчү документтердин тизими менен берилет.

55. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде эмитентке төмөнкүлөрдү берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү:

1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимин;

2) мамлекеттик каттоо жөнүндө белгиси бар акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун эки нускасын.

56. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып үч күндүн ичинде эмитентке баш тартуунун негизин камтыган акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү.

57. Эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет катталган датадан тартып беш жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр аркылуу акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттүү:

1) акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктарын жарыялоо;

2) фондулук биржага кабарлоо.

58. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү негиздер боюнча акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:

1) эмитент тарабынан акцияларды эмиссиялоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу;

2) акцияларды ачык жайгаштыруунун катталган шарттарында каралган жайгаштыруу шарттарын бузуу;

3) акцияларды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачууга карата белгиленген талаптарды аткарбоо;

4) берилген документтерде анык эмес маалыматтардын болушу.

59. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тарткан учурда берилген документтер кайтарылбайт.

60. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

61. Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоодон баш тарткан учурда мындай чыгарылыш болгон жок деп таанылат жана ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.

3-глава. Акционердик коомду уюштурууда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо

62. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:

1) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык каттоого арыз;

2) юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

3) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;

4) уставдык капитал төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер;

5) каттоо жыйымы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.

63. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

64. Акционердик коомду уюштурууда анын уюштуруучуларынын арасында бөлүштүрүлгөн (жалгыз уюштуруучу тарабынан алынган) акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоого документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акционердик коом мамлекеттик каттоодон өткөн датадан тартып бир айдын ичинде берилиши керек.

65. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоодо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди алган датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен акциялардын чыгарылышын каттоого же баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү.

66. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Жобонун 74-пунктунда каралган негиздер боюнча баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

67. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоодо бул чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.

68. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо акцияларды уюштуруучулук чыгаруунун жыйынтыктарын болду деп таанууну билдирет.

4-глава. Акциялардын жеке эмиссиясы

§ 1. Жеке эмиссияда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо

69. Жеке эмиссияда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:

1) ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык каттоого арыз;

2) эмитенттин ыйгарым укуктуу органынын акцияларды чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуусун ырастоочу документтин көчүрмөсү;

3) каттоо жыйымы төлөгөндүгүн ырастоочу документ.

70. Жеке эмиссияда акцияларды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

71. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 69-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен акциялардын чыгарылышын каттоого же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү.

72. Акционерлердин жалпы чогулушунун жеке эмиссияда жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечими менен бул чыгарылыштын акцияларынын түрү, саны, акцияларды жайгаштыруу мөөнөтү (жайгаштыруу башталган дата жана жайгаштыруу аяктаган дата), алардын жайгаштыруу шарттары жана тартиби, баасы (баалары) же акцияларды жайгаштыруу баасын аныктоо тартиби, акцияларды төлөө тартиби аныкталууга тийиш.

73. Акционерлердин жалпы чогулушунун жеке эмиссияда акцияларды жайгаштыруу жөнүндө чечиминде мындай адамдардын тизмесин түзүү, алардын бенефициардык ээлерин милдеттүү түрдө көрсөтүү жана аталган адамдардын тиешелүү санкциялык тизмекте жок экендигин текшерүү жолу менен, аталган акцияларды жайгаштыруу болжолдонгон адамдардын чөйрөсүн көрсөтүү камтылууга тийиш.

74. Жеке эмиссияда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:

1) акциялардын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келет;

2) акциялардын чыгарылышын каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеши;

3) документтерде анык эмес маалыматтар аныкталганда;

4) берилген документтердин жана аларда камтылган маалыматтардын курамынын толук эместиги.

75. Жеке эмиссияда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул тууралуу арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген ар бир документтин бирден нускасын же алардын көчүрмөсүн өзүнө калтырат, калган документтер эмитентке кайтарылат.

76. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

§ 2. Жеке эмиссияда акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары

77. Эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин кеминде бир акция жайгаштырылган болсо, жеке эмиссияда акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары болду деп таанылат.

78. Акцияларды жайгаштыруу аяктагандан кийин отуз күндөн кечиктирбестен эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды камтыган отчетту берүүгө милдеттүү:

1) акцияларды жайгаштыруу башталган жана аяктаган датасы;

2) жайгаштырылган акциялардын саны;

3) бир акцияны жайгаштыруунун баасы;

4) эмитенттин көз карандысыз реестр кармоочусу же депозитарий берген акционерлердин реестринен көчүрмө;

5) акциялар төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер;

6) жайгаштырылган акциялар үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмү, анын ичинде:

- улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү;

- киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында көрсөтүлгөн чет өлкө валютасынын көлөмү;

- жайгаштырылган акциялар үчүн акы катары киргизилген Кыргыз Республикасынын валютасында көрсөтүлгөн материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмү.

79. Жеке эмиссияда акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Жеке эмиссияда акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

80. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке эмиссияда акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде жеке эмиссияда акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга же бул акциялардын чыгарылышын болгон жок деп таанууга жана акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

5-глава. Номиналдык наркы өзгөргөндө, консолидациялоодо жана бөлүштүрүүдө конвертациялоо жолу менен жайгаштырылуучу акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо

81. Номиналдык наркы башка болгон ошол эле түрдөгү акцияларга конвертациялоо жолу менен жайгаштырылуучу акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 69-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча эмитенттин ыйгарым укуктуу органынын аларды бөлүштүрүүгө же консолидациялоого байланыштуу акциялардын санын өзгөртүү жөнүндө чечими кабыл алынганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн берет.

82. Акциялардын номиналдык наркы өзгөргөндө, консолидациялоодо жана бөлүштүрүүдө конвертациялануучу акциялар мындай конвертациянын натыйжасында жоюлат (жокко чыгарылат).

6-глава. Юридикалык жактарды кайра уюштурууда баалуу кагаздарды эмиссиялоо. Юридикалык жактарды кайра уюштурууда жайгаштырылуучу акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоонун өзгөчөлүктөрү

83. Кайра уюштуруу учурунда жайгаштырылуучу акционердик коомдордун акцияларынын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр кошумча берилет:

1) кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алган кайра уюштурулуучу юридикалык жактын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү;

2) өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү (бириктирүү, кошулуу жана өзгөртүп түзүү учурунда) же бөлүштүрүү балансынын көчүрмөсү (бөлүштүрүү жана бөлүп чыгаруу учурунда). Өткөрүп берүү актысы же бөлүштүрүү балансы уюштуруу келишимин алмаштыруучу документтер болуп саналат;

3) акцияларды конвертациялоо тартиби;

4) акционерлердин жалпы чогулушунун башка юридикалык жактар кошулган (кошулган учурда) акционердик коомдун уставдык капиталын көбөйтүү жана кошумча акциялардын чыгарылышы жөнүндө протоколунун көчүрмөсү.

84. Кайра уюштуруу учурунда жайгаштырылуучу акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш:

1) бириктирүүнүн, бөлүүнүн, бөлүп чыгаруунун же өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн датадан тартып бир айдын ичинде;

2) кошулган акционердик коомдун акцияларын кошумча чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып үч айдан кечиктирбестен.

7-глава. Акцияларды жокко чыгаруу тартиби

85. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган акциялар төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн:

1) акционердик коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечими боюнча;

2) акциялардын номиналдык наркынын өзгөрүшү;

3) акционердик коомдун ишин токтотуу (жоюу);

4) баалуу кагаздардын чыгарылышын болгон жок же жараксыз деп таануу.

Белгиленген мөөнөттө жайгаштырылбаган акциялар жокко чыгарылат жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилет.

86. Акцияларды жокко чыгаруу төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:

1) акцияларды жокко чыгаруу же алардын номиналдык наркын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу (акционердик коомдун демилгеси боюнча акцияларды жокко чыгарууда);

2) акционерлердин жалпы чогулушунун акционердик коомду жоюу жөнүндө протоколу жана акционердик коомдун иши токтотулгандыгын ырастоочу документ (жоюуда);

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акциялардын чыгарылышын болгон жок деп таануу жөнүндө чечими (акциялардын чыгарылышын болгон жок деп таанууда);

4) соттун акциялардын чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө чечими (акциялардын чыгарылышын жараксыз деп таанууда).

87. Акцияларды жокко чыгаруу бул баалуу кагаздардын чыгарылышы мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгарууга алып келет.

Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.

88. Акциялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу акцияларды жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып кийинки күндөн кечиктирбеген мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.

8-глава. Акциялардын чыгарылышын болгон жок же жараксыз деп таануу тартиби

89. Баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары болду деп таанылганга чейин акциялардын чыгарылышы болгон жок деп таанылышы мүмкүн.

90. Акциялардын чыгарылышын болгон жок деп таануу жөнүндө материалдар акционердик коомдун жетекчисинин катышуусу менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жыйынында каралат. Бул адам жок болгон учурда материалдар ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө кабарлоо анын Кыргыз Республикасындагы ишти жүзөгө ашыруунун акыркы катталган дарегине же юридикалык жактын акыркы катталган дарегине жеткирилгендиги жөнүндө маалыматтар болгон учурларда, ошондой эле андан жүйөлүү себептерден улам ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч келип түшпөгөн учурда гана каралышы мүмкүн.

91. Акциялардын чыгарылышын болгон жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке текшерүү жүргүзүү же акциялардын ээлеринин укуктарын коргоо максатында акциялардын чыгарылышын токтотуп турууга укуктуу.

92. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баалуу кагаздардын чыгарылышын болду деп таануу жөнүндө чечими "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

93. Акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары болду деп таанылгандан кийин, акциялардын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамында каралган тартипте жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

94. Акциялардын чыгарылышын болгон жок же жараксыз деп таануу бул акциялардын жокко чыгарылышына жана эмитент тарабынан акцияларды төлөө эсебине алынган акча каражаттарынын (башка мүлктүн) акциялардын ээлерине кайтарылышына алып келет.

95. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын жокко чыгарылышы жөнүндө төмөнкү жактарга билдирет:

1) акциялардын чыгарылышын болгон жок же жараксыз деп таанылган эмитентке;

2) баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруучуга (акцияларды ачык сунуштоодо);

3) чыгарылышын болгон жок же жараксыз деп таанылган акциялардын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү адистештирилген каттоочуга.

96. Акцияларды жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоо мындай чечим кабыл алынган датадан кийинки күнү электрондук байланыш каражаттарын колдонуу менен (алдын ала кабарлоо) мындай чечим кабыл алган датадан тартып (кийинки кабарлоо) үч күндөн кечиктирбеген мөөнөттө кат жүзүндөгү ырастоону милдеттүү жөнөтүү менен жүзөгө ашырылат.

97. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялар жокко чыгарылган учурдан тартып беш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.

98. Акциялардын чыгарылышын болгон жок же жараксыз деп таануу акцияларды жүгүртүүдөн алып коюуга жана эмитент тарабынан акцияларды төлөө эсебине алынган акча каражаттарынын (башка мүлктүн) бул баалуу кагаздардын ээлерине кайтарылышына алып келет.

 

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме

 

Каттоочу органдын аталышы

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоого АРЫЗ

___________________________________________________________________

(эмитенттин толук фирмалык аталышы)

акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана

проспектти мамлекеттик каттоону өтүнөт

___________________________________________________________________

___________________________________________________________________

(акциялардын саны, наркы, эмиссиянын көлөмү көрсөтүлөт)

___________________________________________________________________

__________________________________ байланыштуу жайгаштырылат.

___________________________________________________________________

(акцияларды чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим, аны бекиткен

эмитенттин ыйгарым укуктуу органы, датасы жана номери көрсөтүлөт)

Эмитенттин жайгашкан жери, байланыш маалыматтары

___________________________________________________________________

___________________________________________________________________

Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы

______________________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

 

Датасы 20____-жылдын "____" ______________

 

М.О.

 

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме

 

(Титулдук барактын формасы)

Акцияларды ачык сунуштоонун ШАРТТАРЫ

Эмитенттин толук аталышы:

Эмитенттин жайгашкан жери:

Байланыш маалыматтары:

Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы

______________________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

(мөөр)

 

Дата 20____-жылдын "____" ______________

1. Акцияларды ачык сунуштоонун шарттарына киргизилүүчү маалымат:

1) баалуу кагаздардын түрү;

2) чыгарылыштагы ар бир баалуу кагаздын наркы;

3) бул чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны;

4) мурда жайгаштырылган баалуу кагаздардын жалпы саны;

5) чыгарылыштагы ар бир баалуу кагаздын ээсинин укуктары (акционердик коомдун уставынын тиешелүү чыгарылыштагы акциялардын ээлерине берилүүчү укуктарды аныктоочу так жоболору көрсөтүлүүгө тийиш), анын ичинде төмөнкүлөргө укуктары:

- жарыяланган дивиденддерди алууга;

- акционерлердин жалпы чогулушуна өз компетенциясынын бардык маселелери боюнча добуш берүү укугу менен катышууга;

- акционердик коом жоюлган учурда анын мүлкүнүн бир бөлүгүн алууга.

2. Чыгарылыштагы баалуу кагаздарды жайгаштыруунун шарттары жана тартиби:

1) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган дата;

2) баалуу кагаздарды жайгаштыруу аяктаган дата;

3) баалуу кагаздарды жайгаштыруу шарттары;

4) баалуу кагаздарды жайгаштыруу тартиби;

5) коомдун уставына ылайык аларды артыкчылыктуу сатып алуу укугуна ээ болгон акционерлер үчүн коомдун кошумча акцияларын жайгаштыруу баасын аныктоо тартиби.

3. Жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алууну жүзөгө ашыруу тартиби, анын ичинде "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган баалуу кагаздардын артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү.

4. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу баасы (баалары) же баасын аныктоо тартиби.

5. Баалуу кагаздарды төлөө тартиби.

6. Жайгаштырылбаган учурда баалуу кагаздардын чыгарылышы болгон жок деп эсептелген үлүш, ошондой эле чыгарылыштагы баалуу кагаздарды төлөөгө берилген каражаттарды ал болгон жок деп таанылган учурда кайтаруу тартиби.

7. Акцияларды ачык сунуштоонун башка шарттары.

 

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме

 

(Титулдук барактын формасы)

Акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө ОТЧЕТ

_______________________________________________________________________

(эмитенттин толук фирмалык аталышы)

Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери

_______________________________________________________________________

Чыгарылышты мамлекеттик каттоо датасы 20____-жылдын "____" ______________

Эмитенттин жайгашкан жери, байланыш маалыматтары

_______________________________________________________________________

_______________________________________________________________________

Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы

________________________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

Эмитенттин башкы бухгалтери _____________________________ (колу) (аты-жөнү)

Каттоочу _______________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

 

Датасы 20____-жылдын "____" ______________

1. Баалуу кагаздардын түрү.

2. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу ыкмасы.

3. Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун иш жүзүндөгү мөөнөтү.

Акцияларды бөлүштүрүү датасы (юридикалык жак катары коомду мамлекеттик каттоо датасы).

4. Чыгарылыштагы ар бир баалуу кагаздын наркы.

5. Жайгаштырылган чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны.

6. Жайгаштырылган бөлчөктүк акциялардын саны.

7. Чыгарылыштагы баалуу кагаздарды жайгаштыруунун баасы (баалары).

8. Жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн келип түшүүлөрдүн жалпы көлөмү.

9. Жайгаштырылбаган учурда чыгаруу болгон жок деп таанылган баалуу кагаздардын үлүшү.

10. Жайгаштырылган жана жайгаштырылбаган чыгарылыштагы баалуу кагаздардын үлүшү (чыгарылыштагы баалуу кагаздардын жалпы санынын пайызы менен).

11. Эмитенттин ири бүтүмдөрү, ошондой эле баалуу кагаздарды жайгаштыруу процессинде жасалган, жасоодо эмитенттин кызыкчылыгы бар бүтүмдөр.

12. Эмитенттин акционерлеринин реестринде катталган адамдар жана эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдар жөнүндө маалыматтар.

 

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме

 

Каттоочу органдын аталышы

АРЫЗ акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоого

______________________________________________________________________

(эмитенттин толук фирмалык аталышы)

акцияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоону суранат:

______________________________________________________________________

______________________________________________________________________

(акциялардын саны, наркы, эмиссиянын көлөмү жана акцияларды

жайгаштыруу ыкмасы көрсөтүлөт)

Катталган

______________________________________________________________________

(акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо датасы жана

мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт)

Жайгаштырылды

______________________________________________________________________

(эмиссиянын иш жүзүндө төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт)

Эмитенттин жайгашкан жери, байланыш маалыматтары

______________________________________________________________________

Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы

____________________________________________________________________

______________________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

 

Датасы 20____-жылдын "____" ______________

 

М.О.

 

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме

 

Каттоочу органдын аталышы

Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоого АРЫЗ

____________________________________________________________________

(коомдун толук фирмалык аталышы)

____________________________________________________________________

(акциянын түрү)

акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону өтүнөт

саны __________________________________________________________ акция

номиналдык наркы ________________________________________________ сом

уставдык капиталдын ____________________________________ сом суммасына

Эмитенттин жайгашкан жери, байланыш маалыматтары

____________________________________________________________________

____________________________________________________________________

Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы

____________________________________________________________________

______________________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

 

Датасы 20____-жылдын "____" ______________

 

М.О.

 

 

 

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме

 

Каттоочу органдын аталышы

Жеке эмиссияда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого АРЫЗ

_________________________________________________________________

(эмитенттин толук фирмалык аталышы)

акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону өтүнөт

_________________________________________________________________

_________________________________________________________________,

(акциялардын саны, наркы, эмиссиянын көлөмү көрсөтүлөт)

_________________________________________________________________

_______________________________________ байланыштуу жайгаштырылат.

(акцияларды чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим, аны бекиткен

эмитенттин ыйгарым укуктуу органы, датасы жана номери көрсөтүлөт)

Эмитенттин жайгашкан жери, байланыш маалыматтары

_________________________________________________________________

_________________________________________________________________

Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы

_______________________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

 

Датасы 20____-жылдын "____" ______________

 

М.О.