Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т (Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 5-апрели № 126-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- бир айлык мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык жер участокторун "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - МИК) мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин;
- бир айлык мөөнөттө турак жай куруу үчүн арналган, алардын карамагындагы жер участокторун МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) андан ары өткөрүп берүү менен инвентаризациялоону жүргүзсүн;
- бир айлык мөөнөттө Программанын алкагында турак жай куруу үчүн кошумча жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык жер участокторун каттоону жана аларды МИКке өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Программанын алкагында турак жай куруу үчүн төмөнкү жер участокторун даярдоону жана МИКке өткөрүп берүүнү камсыз кылсын:
- идентификациялык № 1-02-07-0077-0523, Бишкек шаары, Волков көчөсү, 9а, аянты 11,0286 га;
- идентификациялык № 7-08-15-1001-5031, Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Восточная көчөсү, 42, аянты 1,7642 га.
5. МИКке төмөнкүлөр сунушталсын (макулдашуу боюнча):
- Программаны ишке ашыруунун алкагында курулушту үлүштүк каржылоо механизми аркылуу турак жай куруу үчүн ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 70 дареги боюнча турак жай курулушу аяктагандан кийин турак эмес жайларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үнүн бөлүнгөн жер участокторунун ТИЗМЕГИ
1. Мамлекеттик органдардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын карамагындагы мамлекеттик жер участоктору
№ | КМБ коду | Дареги | Бенефициар | Аянты (кв.метр) |
1 | 1020200240136 | Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 70 | ССМ | 2915,15 |
2 | 1020200240060 | Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 66 | Бишкек шаарынын мэриясы | 2991,00 |
3 | 1020200240019 | Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 64 | ИИМ | 12700,00 |
4 | 1041800180357 | Бишкек шаары, Молдокулов көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 4/1 | Оперативдүү башкаруу - Чүй облусунун прокуратурасы | 2500,00 |
5 | 1041800180362 | Бишкек шаары, Куйручук көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 2 | Ишеним башкаруу - КРП Чүй облусундагы ЫУӨ | 20100,00 |
6 | 1041800200312 | Бишкек шаары, Молдокулов көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 22/2 | КРПИБ | 1344,00 |
7 | 1041700150072 | Бишкек шаары, Малдыбаев көчөсү, 1д | Айдоочулар союзу | 2840,00 |
8 | 1042100361853 | Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42 | ММСЖСМ | 6806,50 |
9 | 1042100362033 | Бишкек шаары, С.Бегматова көчөсү, (Кара-Жыгач калктуу конушу), номери жок | КРПИБ | 1470,00 |
10 | 1020800750353 | Бишкек шаары, Профсоюзная көчөсү, 39 | УТРК | 2847,00 |
11 | 1041700150472 | Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 88 | Маммүлк | 2443,00 |
12 | 1020800750211 | Бишкек шаары, Кронштадт көчөсү, 1/1 | Бишкек шаарынын мэриясы | 3750,00 |
13 | 1020300250286 | Бишкек шаары, Коёнкөзов көчөсү, 2 | БИМ | 2382,00 |
14 | 1030300260134 | Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 333 | БИМ | 6750,00 |
15 | 1041300330526 | Бишкек шаары, Калый Молдобасанов көчөсү, 2 | КРПИБ | 5790,00 |
16 | 1041700150341 | Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 112 | жок | 2126,00 |
17 | 1011300130910 | Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 149 | ИИМ | 812,00 |
18 | 1020100020174 | Бишкек шаары, Абай көчөсү, 4/1 (бош талаа) | КУАУ | 5230,00 |
19 | 1020100590051 | Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 126 | БКЧТТЭЗ | 11219,00 |
20 | 1010300120094 | Бишкек шаары, Тимирязев көчөсү, 95 | жок | 1743,00 |
21 | 1021000340106 | Бишкек шаары, Манас көчөсү, 1 | КУУ | 1980,00 |
22 | 1020100520118 | Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94а, б | ЖАК | 7200,00 |
23 | 1020300060910 | Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 106 | ССМ | 207,70 |
24 | 5110601340064 | Ош шаары, Ленин көчөсү, 654 | ИИМ | 9494,00 |
25 | 5111110070061 | Ош шаары, Набережный көчөсү, 2А | Ош шаарынын мэриясы | 4220,00 |
26 | 5110200090113 | Ош шаары, Сүйүмбаев көчөсү, 57/2 | Маммүлк | 12000,00 |
27 | 5111302241003 | Ош шаары, Южный участогу, 60, 61, 62, 63, 64-контурлар | СӨМ | 2500,00 |
2. Республиканын региондору боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жер участоктору
№ | КМБ коду | Регион | Дареги | Менчик формасы | Аянты (га) |
1 | 6050600180537 | Талас облусу | Талас шаары, Алымкулов көчөсү, 111/1 | мамлекеттик | 2 |
2 | 6010510013678 | Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы | муниципалдык | 3,2 | |
3 | 2010401040028 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, Тоголок Молдо көчөсү | муниципалдык | 30 |
4 | 2030500253244 | Чолпон-Ата шаары, 3-кичирайон, 125/б-Үй | муниципалдык | 0,1 | |
5 | 4050100012310 | Нарын облусу | Нарын шаары, А.Молдоев көчөсү, 170/3 | муниципалдык | 0,6 |
6 | 4050100020862 | Нарын шаары, Кирпич заводу участогу, 1 | муниципалдык | 8 | |
7 | 4051710010693 | Нарын району, Куйбышев айылы, У.Жаныбаев көчөсү, 34 | муниципалдык | 1,5 | |
8 | 4051710010518 | Нарын району, Куйбышев айылы, Актан Тыныбек көчөсү, 39 | муниципалдык | 1,8 | |
9 | 4051610010646 | Нарын району, Эмгекчил айылы, А.Токтакунов көчөсү, 1 | муниципалдык | 0,9 | |
10 | 4051810040107 | Нарын району, Чет-Нура айыл аймагы, Ийри-Суу айылы, Каден уулу Дуйшөкө көчөсү, 57/2 | муниципалдык | 1Д | |
11 | 4050410010256 | Нарын району, Сары-Ой айыл аймагы, Жылан-Арык айылы | муниципалдык | 3,5 | |
12 | 4040310013239 | Нарын району, Кочкор айылы, Баялы Исакеев көчөсү, 84/2 | муниципалдык | 2 | |
13 | 3100100171669 | Жалал-Абад облусу | Жалал-Абад шаары, Кичи Ашуров көчөсү, 1/1Б | муниципалдык | 0,2 0,3 |
14 | 3040910020623 | Ноокен району, Шайдан айыл аймагы, Бирдик айылы, Сулайман Жантаев көчөсү, 96 | муниципалдык | 2,3 | |
15 | 3130300540160 | Майлуу-Суу шаары, Токтогул көчөсү, 53 | мамлекеттик | 0,2 | |
16 | 3140200020366 | Таш-Көмүр шаары, Строитель кичирайону, 34 | муниципалдык | 0,1 | |
17 | 3140300020492 | Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма айылы, Проектируемая-1 көчөсү, 38/2-участогу | муниципалдык | 0,2 | |
18 | 8010100380031 | Баткен облусу | Баткен шаары, А.Абдилабеков көчөсү, 1а | муниципалдык | 2 |
19 | 8010100011592 | Баткен шаары, Кызыл-Дөң кварталы, Султанмурат-Миңбашы көчөсү | муниципалдык | 0,4 | |
20 | 8040400021832 | Кызыл-Кыя шаары, Восток 2 кичи району, номери жок | муниципалдык | 3 | |
21 | 5061800014620 | Ош облусу | Өзгөн шаары | муниципалдык | 6,7 |
22 | 7040400210166 | Чүй облусу | Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы, 924-контуру | мамлекеттик | 3,5 |
23 | 7040400210165 | Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы, 924-контуру | мамлекеттик | 24,3 | |
24 | 7040400210161 7040400210133 7040400210127 | Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы | мамлекеттик | 25 |
Кыскартуулардын тизмеси:
БКЧТТЭЗ | - | Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу |
Маммүлк | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети |
КУУ | - | Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
УТРК | - | "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы" мекемеси |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
Айдоочулар союзу | - | "Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын союзунун Бишкек автомектеби" мекемеси |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |