ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 344 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишинин маселелери боюнча айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция08.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 8-октябры № 344

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишинин маселелери боюнча айрым жарлыктарына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жободо:

- 20-пунктта «инспекторлору» деген сөз «мамлекеттик инспекторлору» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:

- 9-пункттун бешинчи абзацында «Инспектор» деген сөз «Мамлекетттик инспектор» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров