Редакцияот 12.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 12-октябры № 690

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-cтатьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасында:

1) жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:

– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 42-пунктта:

«1,0» деген цифралар «10,0» деген цифраларга алмаштырылсын;

«Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» деген сөздөр «Чакан ГЭС» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Программанын 2-тиркемесинде:

– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41, 42, 43, 44, 45-пункттар менен толукталсын:

«

41

 

Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1б/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 301,75 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан «кызыл бурч» имараты менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын

13-августундагы

№ 621-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

42

Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1б/3 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 183,80 кв. м болгон боёо цехинин имараты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын

13-августундагы

№ 621-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

43

Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 682,25 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан КИПА имараты менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын

13-августундагы № 621-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

44

Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, 1б/7 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1221,85 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан № 78 имарат менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын

11-сентябрындагы № 692-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

45

Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, 1б/4 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты

131,60 кв. м болгон жер тилкеси анда жайгашкан НСО кампасы менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын

11-сентябрындагы № 692-т тескемесине ылайык «Кыргызалтын» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3838) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев