Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 токтомуна) |
2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 443 "2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык орто мөөнөттүү максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу аркылуу жетишилет.
2026-2028-жылдардын алдыдагы мезгилинде мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатындагы мамлекеттик саясат 2023-2025-жылдары менчиктештирилбей калган активдерди менчиктештирүүнү аяктоого багытталат.
2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) мамлекеттин менчигинде калтыруу рентабелдүү эмес бир катар жаңы объекттерди да өзүнө камтыйт.
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү процесстери "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
Менчиктештирүү объектисинин жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүгүү келечегин жана рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен объекттин финансылык-экономикалык абалын талдоонун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан менчиктештирүүнүн методу жана конкреттүү мөөнөттөрү аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында финансы рыногунун чөйрөсүндөгү милдеттер аныкталган, алар төмөнкүлөргө багытталат:
- компаниялардын акцияларын алгачкы ачык сунуштоо (IРО) жана корпоративдик облигацияларды чыгаруу аркылуу реалдуу секторго капиталды тартуу;
- чарбакер субъекттердин фондулук рынокко чыгуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык мамлекетке таандык болгон акцияларды чет мамлекеттердин фондулук биржаларында жайгаштыруу жана сатуу биржа тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Мамлекетке таандык акцияларды чет өлкөлүк фондулук биржаларда листинг менен глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана чет өлкөлүк фондулук биржанын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Программага ылайык бир катар мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүү жүзөгө ашырылат, анын ичинде:
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон акциялардын/мамлекеттик үлүштөрдүн мамлекеттик пакеттери ушул Программанын 1-тиркемесинде берилген;
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон мүлктүк комплекстер жана башка мамлекеттик мүлк ушул Программанын 2-тиркемесинде берилген.
Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте баалоочу уюмдар тартылат, алар баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрү жүзөгө ашырып жаткан иштердин аныктыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
Программаны колдонуунун узак мөөнөттүү мүнөзүнө байланыштуу зарылдыгына жараша ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
|
| 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына 1-тиркеме |
Менчиктештирилүүгө тийиш акциялардын мамлекеттик пакеттеринин жана мамлекеттик үлүштөрдүн ТИЗМЕГИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капитал (миң сом) | Мамлекеттик үлүш (%) | Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш (%) |
|
| ||||
1. Бишкек шаары |
|
| ||||||||
1 | "Кепилдик фонд" ачык акционердик коому | 6632000 | 8,78 | 8,78 |
|
| ||||
2 | "Керемет Банк" ачык акционердик коому | 8698746,4 | 0,74 | 0,74 |
|
| ||||
3 | "Бакай Банк" ачык акционердик коому | 2771743 | 1,2612 | 1,2612 |
|
| ||||
4 | "Сарамжал-Транс" жоопкерчилиги чектелген коому | 1,0 | 100,0 | 100,0 |
|
| ||||
41 | «Аэро Кыргызстан» ЖЧК * *Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 44-т тескемесине ылайык «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
| 358 056, 129 | 100,0
| 100,0
|
| |||||
42 | «Таза Энержи» ЖЧК * «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
| 1,0
| 100,0
| 100,0
|
| |||||
2. Чүй облусу |
|
| ||||||||
5 | "Кыргызское" ачык акционердик коому | 346,304 | 0,3856 | 0,3856 |
|
| ||||
3. Ысык-Көл облусу | ||||||||||
6 | «Ляззат» ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 156 370, 991 | 100,0 | 100,0 |
| |||||
4. Ош облусу |
| |||||||||
7 | «Нурдан Транс» ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 31 274, 8 | 100,0 | 100,0 |
| |||||
8 | «Wholesale International» («Хоулсейл интернешнл») ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 1 | 100,0 | 100,0 |
| |||||
| ||||||||||
|
| 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына 2-тиркеме |
Менчиктештирилүүгө тийиш мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктүн ТИЗМЕГИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери | Ведомстволук таандыктыгы, жооптуу сактоочу, баланс кармоочу | Эскертүү |
|
1. Бишкек шаары |
| |||
1 | Мурдагы Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун (КыргызархдолбоорИИИ) жалпы аянты 1418 кв.м, анын ичинде пайдалуу аянты 1206,80 кв.м, Бишкек ш., Турусбеков көч., 31 дарегинде жайгашкан имаратынын бөлүгү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
|
|
2 | Мурдагы Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун (КыргызархдолбоорИИИ) 5-кабаттагы жалпы аянты 322,14 кв.м, анын ичинде пайдалуу аянты 270,58 кв.м, Бишкек ш., Турусбеков көч., 31 дарегинде жайгашкан имаратынын бөлүгү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
|
|
3 | Мурдагы "Манас" жабык акционердик коомунун жалпы аянты 2840,3 кв.м, Бишкек ш., Логвиненко көч., 14 дарегинде жайгашкан административдик имараты | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
|
|
31 | Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 101 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайы менен аянты 0,996 га жер тилкеси | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
| |
2. Чүй облусу |
| |||
4 | Кара-Балта ш., Тольятти көч., 2 дарегинде жайгашкан мурдагы килем комбинатынын административдик имараты жана ашканасынын имараты жанаша жайгашкан жер тилкеси менен | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы |
|
|
3. Жалал-Абад шаары |
| |||
5 | Жалал-Абад ш., Панфилов көч., 34 в дарегинде жайгашкан административдик имараттын бөлүгү (2-кабат) | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
|
|