ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-октябры № 347 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция12.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 12-октябры № 347

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2024-жылдын 18-октябрындагы № 299

«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө»

Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун 1-пунктчасында «пенсиянын өлчөмү кийин өзгөргөнгө чейин» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров