Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 8-октябры № 677

 

 

Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө

 

 

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу аркылуу колдоо, алардын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Сертификаттоо жана кайра сертификаттоо чыгымдары жарым-жартылай орду толтурулууга тийиш болгон эл аралык стандарттардын, ыктыярдуу жеке стандарттардын жана сертификаттоо схемаларынын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;

3) Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси) ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси 2027-жылдын 1-январынан тартып арыздарды кабыл алууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүүнү жүзөгө ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемесине ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү үчүн 50000000 (элүү миллион) сом бөлсүн;

2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме

 

Сертификаттоо жана кайра сертификаттоо чыгымдары жарым-жартылай орду толтурулууга тийиш болгон эл аралык стандарттардын, ыктыярдуу жеке стандарттардын жана сертификаттоо схемаларынын ТИЗМЕГИ

 

1. ISO 9001 "Сапаттын менеджменти системалары".

2. ISO 14001 "Экологиялык менеджмент системалары".

3. ISO 22000 "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджменти системалары".

4. ISO 45001 "Саламаттык сактоо жана эмгек коопсуздугу менеджменти системалары".

5. НАССР.

6. FSSC 22000.

7. BRCGS Food Safety.

8. IFSFood.

9. SQF (Safe Quality Food).

10. Halal.

11. GMP.

12. OEKO-TEXR STeP.

13. OEKO-TEXR Standard 100, текстиль продукциясын зыяндуу заттардын жоктугуна сертификаттоо үчүн жеке стандарт.

14. GLOBAL G.A.P.

15. Organic (IFOAM, USDA Organic, EU Organic, JAS Organic).

16. Ата мекендик өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар тарабынан сертификаттоодон өтүүдө колдонулуучу башка мамлекеттердин эл аралык жана жеке стандарттары.

Эскертүү:

1) ушул Тизмек эл аралык практиканы, импорттоочу мамлекеттердин талаптарын жана тышкы рыноктордо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен түзүлгөн;

2) ушул Тизмекке киргизилбеген башка эл аралык стандарттар эл аралык таанылган болсо же импорттоочу мамлекетте таанылган болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулса жана аларды колдонуу зарылдыгы арыз ээси тарабынан берилген документтер менен ырасталса, бул Тизмек алар боюнча сертификаттоо, кайра сертификаттоо чыгымдарынын бөлүгүнүн ордун толтурууну алуу укугун чектебейт, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.