|
| |
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 677 токтомуна) |
Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүдө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүдө чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) статусун, түзүү тартибин, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну аныктайт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого ылайык арыздарды кароо жана ордун толтурууну берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиялуу кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Комиссия өз ишин мыйзамдуулук, объективдүүлүк, көз карандысыздык, коллегиялуулук, арыз ээлеринин тең укуктуулугу, чечим кабыл алуунун ачыктыгы жана айкындуулугу, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
4. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Комиссиянын курамы
5. Комиссия иши экспортту өнүктүрүү, өнөр жай, айыл чарба, стандартташтыруу, сертификаттоо жана ишкердикти колдоо маселелери менен байланышкан мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана ишкерлердин бирикмелеринин өкүлдөрүнөн түзүлөт.
6. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Комиссиянын төрагасы;
2) Комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) Комиссиянын катчысы;
4) Комиссиянын мүчөлөрү.
7. Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары саналат.
8. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары саналат.
9. Комиссиянын катчысы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесинин өкүлү саналат.
10. Комиссиянын курамына ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет.
11. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
12. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишин уюштурат;
2) Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
3) Комиссиянын жыйындарынын күн тартибин бекитет;
4) Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коёт.
13. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын Комиссиянын төрагасынын орун басары жүзөгө ашырат.
14. Комиссиянын жыйындарына зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле арыз ээлери добуш берүүгө катышуу укугусуз чакырылышы мүмкүн.
3-глава. Комиссиянын ыйгарым укуктары
15. Комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан берилген арыздарды жана документтерди карайт;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына арыздын ылайык же ылайык эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун карайт;
3) ордун толтурууну берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
4) жогоруда аталган Жободо каралган учурларда арыз ээлеринин ортосунда финансы каражаттарын пропорционалдуу бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
5) Комиссиянын компетенциясына кирген ордун толтурууну берүүгө байланыштуу башка маселелерди карайт.
16. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишин уюштурат;
2) жыйындар өткөрүлүүчү датаны, убакытты жана жерди аныктайт;
3) жыйындардын күн тартибин бекитет;
4) Комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат;
5) Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коёт;
6) Комиссиянын ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Комиссиянын катчысы:
1) Комиссиянын жыйындарынын уюштуруу-техникалык даярдыгын камсыз кылат;
2) Комиссиянын жыйындарына материалдарды түзөт;
3) Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйындарды өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө билдирет;
4) Комиссиянын жыйындарынын протоколун жүргүзөт;
5) Комиссиянын чечимдерин тариздейт;
6) арыз ээлерине Комиссия кабыл алган чечимдер жөнүндө билдирет;
7) Комиссиянын документтеринин жана жыйындарынын протоколдорунун сакталышын камсыз кылат.
18. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:
1) Комиссиянын кароосуна берилген материалдар менен таанышууга;
2) баяндамачыларга жана чакырылган адамдарга суроолорду берүүгө;
3) каралып жаткан маселелер боюнча пикирин билдирүүгө;
4) Комиссиянын чечимдеринин долбоорлору боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга.
19. Комиссиянын мүчөсү арызды кароодо анын объективдүүлүгүнө жана калыстыгына таасир этүүсү мүмкүн болгон жагдайлар, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда өзүн-өзү чететтүү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
20. Комиссиянын мүчөсүн четтетүү жөнүндө чечим Комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучу тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү протоколдо чагылдырылат.
4-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
21. Комиссия өз ишин жыйындар формасында жүзөгө ашырат.
22. Комиссиянын жыйындары Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча арыздар келип түшкөндө өткөрүлөт, бирок катталган арыздар болгон учурда жылына төрт жолудан кем эмес жана кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлүүгө тийиш.
23. Отчеттук кварталдын ичинде келип түшкөн арыздар жок болгон учурда бул кварталда Комиссиянын жыйыны өткөрүлбөйт, бул жөнүндө Комиссиянын катчысы кызматтык маалымкат түзөт.
24. Бир кабыл алуу мезгилинин ичинде же кварталда 100дөн ашык арыз келип түшкөн учурда Комиссиянын жыйыны кезексиз чакырылат же Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде этап менен (бир нече жыйындын жүрүшүндө) каралышы мүмкүн.
25. Комиссиянын жыйыны кароо үчүн материалдардын даярдыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасынын негизинде Комиссиянын төрагасы тарабынан чакырылат.
26. Комиссиянын катчысы жыйындын датасына чейин беш жумуш күндөн кечиктирбестен:
1) Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана жери жөнүндө билдирет;
2) Комиссиянын мүчөлөрүнө кароого тийиш болгон материалдарды жөнөтөт;
3) зарыл болгон учурда арыз ээлерин жана башка адамдарды добуш берүү укугусуз жыйынга катышууга чакырат.
27. Комиссиянын жыйыны Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын мүчөлөрү жыйындарга алмаштыруу укусуз жеке өздөрү катышат.
28. Комиссиянын жыйынын Комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда – Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
29. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
30. Комиссиянын чечими жыйында төрагалык кылуучу жана Комиссиянын катчысы кол койгон протокол менен таризделет.
31. Комиссиянын катчысы протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Комиссиянын чечиминен көчүрмөнү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жободо каралган андан аркы чараларды көрүү үчүн жөнөтөт.
32. Комиссиянын жыйындарынын протоколдору жана жыйындарда каралган материалдар Кыргыз Республикасынын архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде сакталат.
5-глава. Корутунду жоболор
33. Комиссия компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогоруда аталган Жобого ылайык ордун толтурууну берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
34. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
35. Комиссиянын мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу жана жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, ошондой эле эгерде мындай маалыматтар мыйзам менен корголуучу сырды же купуя маалыматты түзсө, арыздарды кароодо аларга белгилүү болгон маалыматтардын ачыкка чыгуусуна жол бербөөгө милдеттүү.
36. Ордун толтурууну берүүгө байланыштуу ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жана (же) соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.