Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 677 токтомуна)

 

 

 

Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп эсептелген ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартибин аныктайт.

2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

1) ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган – арыздарды кабыл алууну жана кароону уюштурууну жана ордун толтурууну берүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган);

2) арыз ээси – Кыргыз Республикасынын резиденти болуп эсептелген жана анын аймагында продукция өндүрүүнү жүзөгө ашырган, сертификаттоодон жана кайра сертификаттоодон өтүүгө, ошондой эле продукция багытталган мамлекет тарабынан таанылган аккредиттелген чет өлкөлүк лабораторияларда продукцияга сыноо жүргүзүүгө байланыштуу иш жүзүндө тарткан жана документтер менен ырасталган чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууга өз ыктыяры менен арыз берген юридикалык жак же жеке ишкер;

3) арыз – ата мекендик өндүрүүчүлөргө сертификаттоодон жана кайра сертификаттоодон өтүүгө, ошондой эле продукция жөнөтүлүүчү мамлекет тарабынан таанылган аккредитацияланган чет өлкөлүк лабораторияларда продукцияга сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу үчүн арыз ээси тарабынан ыйгарым укуктуу органга өз ыктыяры менен берилген, ушул Жобонун тиркемесине ылайык формада таризделген документ;

4) чет өлкөлүк сыноо лабораториясы – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан жана эл аралык талаптарга ылайык аккредиттелген, сыноо жыйынтыктары импорттоочу мамлекет тарабынан таанылган же продукцияны тиешелүү тышкы рынокко киргизүү үчүн зарыл болгон сыноо лабораториясы.

 

2-глава. Максаты жана милдеттери

 

3. Ушул Жобонун максаты ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана анын тышкы рынокторго кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

4. Ушул Жобонун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү;

2) продукцияны тышкы рынокторго чыгаруу үчүн зарыл болгон эл аралык стандарттарды, шайкештикти баалоо системаларын жана схемаларын ишке киргизүүгө дем берүү;

3) продукциянын импорттоочу мамлекеттердин жана чет өлкөлүк сатып алуучулардын талаптарына шайкештигин ырастоо максатында сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өткөрүүгө жана продукцияга сыноо жүргүзүүгө көмөктөшүү;

4) ата мекендик өндүрүштөгү продукциянын экспортунун көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

5) Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу.

 

3-глава. Чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууда

артыкчылык берүү критерийлери

 

5. Ордун толтурууну алууга артыкчылык укугу төмөнкүдөй критерийлердин бирине же бир нечесине ылайык келген арыз ээлерине берилет:

1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында катталган жана иш жүргүзгөн;

2) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу отчеттук мезгил үчүн тиешелүү көрсөткүчтүн көбөйүшү катары аныкталуучу продукцияны өндүрүүнүн, сатуунун жана (же) экспорттоонун көлөмүнүн оң динамикасын көрсөткөн;

3) колдонуудагы тышкы соода келишимдери (контракттары), алдын ала түзүлгөн келишимдери, заказдары, чет өлкөлүк сатып алуучунун продукцияны сатып алуу ниетин ырастаган ниети жөнүндө каттары же башка документтери бар;

4) жогорку кошумча наркы бар ата мекендик продукцияны же Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетилген айыл чарба продукциясын экспорттоону жүзөгө ашырган.

6. Критерийлердин саны бирдей болгон учурда арызы мурда катталган арыз ээсине артыкчылык берилет.

 

4-глава. Орду толтурулуучу чыгымдардын түрлөрү,

өлчөмдөрү жана берүү шарттары

 

7. Чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу төмөнкү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө берилет:

1) сертификаттоо – иш жүзүндө келтирилген чыгымдардын 25 пайызы өлчөмүндө;

2) кайра сертификаттоо – иш жүзүндө келтирилген чыгымдардын 25 пайызы өлчөмүндө;

3) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары – КМШ) жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер болуп эсептелбеген мамлекеттерге продукцияны экспорттоо үчүн зарыл болгон чет өлкөлүк лабораторияларда продукцияны сыноо – иш жүзүндө келтирилген чыгымдардын 25 пайызы өлчөмүндө.

8. Сертификаттоого жана кайра сертификаттоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу төмөнкү шарттар сакталган учурда берилет:

1) продукция багытталган мамлекет тарабынан таанылган, аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдарда эл аралык стандарттар боюнча сертификаттоодон (кайра сертификаттоодон) өтүү;

2) сертификаттоо (кайра сертификаттоо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген, сертификаттоого жана кайра сертификаттоого кеткен чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтурууга жаткан Эл аралык стандарттардын, ыктыярдуу жеке стандарттардын жана сертификаттоо схемаларынын тизмегинде каралган эл аралык стандарттар боюнча жүргүзүлгөн;

3) түздөн-түз арыз ээсине берилген жарактуу шайкештик сертификатынын болушу;

4) берилген шайкештик сертификатын расмий ачык электрондук булактардан (реестрлерден, маалымат базаларынан) верификациялоо (аныктыгын жана колдонуудагы статусун ырастоо) мүмкүнчүлүгү;

5) иш жүзүндө келтирилген чыгымдардын документтер менен ырасталышы (келишим/макулдашуу, эсеп/инвойс, аткарылган иштердин актысы же кызмат көрсөтүлгөнүн ырастоочу башка документ, банктын белгиси коюлган төлөм документтери);

6) көрсөтүлгөн чыгымдардын республикалык бюджеттин башка каражаттарынын же эл аралык гранттык программалардын эсебинен каржыланбагандыгы же компенсацияланбагандыгы.

9. Ушул Жобонун 6-пунктунун 3-пунктчасында каралган чет өлкөлүк лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу төмөнкү шарттар сакталган учурда берилет:

1) КМШ жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп эсептелбеген мамлекетке экспортту жүзөгө ашыруу фактысын ырастаган тышкы соода келишиминин (контракттын), алдын ала түзүлгөн келишимдин, заказдын болушу;

2) арыз ээси тарабынан импорттоочу мамлекеттин же чет өлкөлүк сатып алуучунун талаптарын көрсөтүү менен продукцияны багытталган мамлекетке экспорттоо үчүн чет өлкөлүк лабораторияларда лабораториялык сыноолорду жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү негиздеменин берилиши;

3) продукция багытталган мамлекет тарабынан таанылган жана эл аралык талаптарга ылайык аккредиттелген чет өлкөлүк лабораторияда лабораториялык сыноонун жүргүзүлүшү;

4) лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын келишим, эсеп (инвойс), аткарылган иштердин актысы (бар болсо), төлөм документтери жана лабораториялык сыноолордун отчету (протоколу) менен документ түрүндө ырасталышы;

5) чет өлкөлүк лабораториялык сыноолорго кеткен чыгымдардын республикалык бюджеттин башка каражаттарынын же эл аралык программалардын эсебинен каржыланбагандыгы же орду толтурулбагандыгы.

 

5-глава. Арызды ыктыярдуу берүүнүн тартиби жана

документтердин тизмеси

 

10. Ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жылдын башында өзүнүн расмий сайтында жана (же) башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында ыктыярдуу негизде арыздарды кабыл алуунун башталышы жана мөөнөттөрү, ошондой эле продукция багытталган мамлекет тарабынан таанылган эл аралык талаптарга ылайык сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана чет өлкөлүк лабораторияларда продукцияны сыноого байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу түрүндөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө маалыматты жайгаштырат.

11. Арыз ээси өз ыктыяры менен сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүү жана продукция багытталган мамлекет тарабынан таанылган жана эл аралык талаптарга ылайык чет өлкөлүк аккредиттелген шайкештикти баалоо боюнча органдарда продукцияга сыноолорду жүргүзүү менен байланышкан чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу үчүн, ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылат.

12. Өз ыктыяры менен арыз берилген учурда арыз ээси төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:

1) продукциянын ата мекендик өндүрүүчүсү жана тиешелүү товардын менчик ээси болууга;

2) арыз ыктыярдуу берилген жылдан мурунку календардык жылдын ичинде жана (же) арыз ыктыярдуу берилген учурга карата учурдагы календардык жылда жүргүзүлгөн сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өткөндүгүнүн же лабораториялык сыноолордун жүргүзүлгөндүгүн документ түрүндө ырастаган фактынын болушу.

13. Чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтердин тизмесин берет:

1) ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча ордун толтурууну алууга арыз;

2) адамдын арызга кол коюуга ыйгарым укугун ырастаган документтин көчүрмөсү (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук же ишеним кат);

3) банктан арыз ээсинин эсептик реквизиттерин көрсөтүү менен маалымкат;

4) түздөн-түз арыз ээсине берилген жарактуу шайкештик сертификатынын (же шайкештик жөнүндө декларациянын) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

5) сертификаттоо боюнча органдын жана (же) сыноо лабораториясынын аккредитациялоо тармагы тиркелген аккредитациялоо жөнүндө аттестатын (күбөлүктүн) көчүрмөсү;

6) сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүү жана (же) лабораториялык сыноолорду жүргүзүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдердин (макулдашуулардын) көчүрмөсү;

7) келишим боюнча милдеттенмелердин иш жүзүндө аткарылгандыгын ырастаган аткарылган иштердин (көрсөтүлгөн кызматтардын) актыларынын көчүрмөсү;

8) келтирилген чыгымдардын иш жүзүндө жана толук төлөнгөндүгүн ырастоочу банктын белгиси коюлган төлөм документтеринин (төлөм тапшырмаларынын, банктык көчүрмөлөрдүн) көчүрмөлөрү;

9) продукцияны лабораториялык сыноолордун протоколунун (отчетунун) көчүрмөсү (сыноого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн кайрылган учурда);

10) КМШ жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп эсептелбеген мамлекеттерге продукцияны жеткирүү боюнча тышкы соода келишиминин (контракттын), алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (чет өлкөлүк лабораториялык сыноолорго кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн кайрылган учурда);

11) продукция багытталган өлкөнүн же чет өлкөлүк сатып алуучунун талаптарын көрсөтүү менен чет өлкөлүк лабораторияларда лабораториялык сыноолорду жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү негиздеме (лабораториялык сыноолорго кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн кайрылган учурда).

14. Чет тилинде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берилет.

15. Берилген документтердин жана маалыматтардын толуктугу, тууралыгы жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.

 

6-глава. Чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу тартиби

 

16. Арыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия жөнүндө жобого ылайык Ата мекендик өндүрүүчүлөргө шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарда сертификаттоодон, кайра сертификаттоодон өтүүгө жана продукцияга чет өлкөлүк лабораторияларда сыноо жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууну берүү тууралуу арыздарды кароо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан каралат.

17. Арыз ээлерине чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу арыздарды каттоонун кезектүүлүк тартибинде жана тиешелүү финансылык жылга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде иш жүзүндө келтирилген жана документ менен ырасталган чыгымдардын 25 пайызы өлчөмүндө берилет. Эгерде өтүнмө боюнча каражаттардын көлөмү каралган бюджеттик каражаттардын калдыгынан ашып кетсе, Комиссия арыз ээсинин макулдугу менен каражаттардын калдыгын пропорционалдуу бөлүштүрүү жөнүндө же болгон калдыктын өлчөмүндө ордун толтурууну берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

18. Комиссия арыздарды кароодо төмөнкү критерийлердин негизинде баалоону жана тандоону жүргүзөт:

1) арызды ыктыярдуу берүүнүн мөөнөттөрүнүн сакталышы;

2) арыз ээсинин, киргизилген стандарттардын жана жүргүзүлгөн сыноолордун ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү;

3) берилген документтердин жана маалыматтардын толуктугу, тууралыгы жана аныктыгы;

4) ушул Жобонун 4-бөлүмүндө каралган критерийлерге ылайык арыз ээсинин артыкчылыгы.

19. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) ордун толтурууну толук көлөмдө берүү жөнүндө;

2) ордун толтурууну жарым-жартылай берүү жөнүндө (бюджеттик каражаттардын колдо болгон калдыгынын чегинде);

3) ордун толтурууну берүүдөн баш тартуу жөнүндө.

20. Ордун толтурууну берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) документтердин толук эмес пакетинин берилиши (Комиссия тарабынан белгиленген мөөнөттө эскертүүлөр жоюлбаган учурда);

2) анык эмес маалыматтардын жана (же) жасалма документтердин берилиши;

3) арыз ээсинин, берилген документтердин же келтирилген чыгымдардын ушул Жобонун шарттарына жана талаптарына ылайык келбеши;

4) арызды ыктыярдуу берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн бузулушу;

5) тиешелүү финансылык жыл үчүн ушул Жобону ишке ашырууга каралган бюджеттик каражаттардын толук пайдаланылып бүтүшү;

6) мурда ордун толтуруу төлөнүп берилген ордун толтуруу объекти (сертификат/протокол) боюнча кайрадан ыктыярдуу арыз берүү.

21. Арыздарды каттоо ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан алар келип түшкөн күнү катар номерин ыйгаруу, кабыл алуу датасын жана так убактысын көрсөтүү менен атайын электрондук (же кагаз түрүндөгү) эсепке алуу журналында жүргүзүлөт. Арыздарды кароонун жана ордун толтурууну берүүнүн кезектүүлүгү аларды каттоонун датасы жана убактысы менен аныкталат.

22. Эгерде арыздар боюнча ордун толтуруунун жыйынды өлчөмү тиешелүү финансылык жылда ордун толтурууну берүүгө каралган бюджеттик каражаттардын көлөмүнөн ашып кетсе, Комиссия ар бир арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугун алган шартта, арыздары жактырылган бардык арыз ээлеринин ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүү жолу менен колдо болгон бюджеттик каражаттардын чегинде ордун толтурууну берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

23. Арыз ээси пропорционалдуу азайтылган өлчөмдө ордун толтурууну алууга жазуу жүзүндө макулдугун берген учурда төлөнгөн сумма тиешелүү арызда көрсөтүлгөн чыгымдар боюнча ордун толтуруунун акыркы өлчөмү болуп эсептелет жана бул чыгымдар боюнча кошумча төлөмдөр жүргүзүлбөйт.

24. Арыз ээси пропорционалдуу азайтылган өлчөмдө ордун толтурууну алуудан баш тарткан же Комиссиянын кабарламасын алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө макулдук берилбеген учурда арыз четке кагылды деп эсептелет, ал эми бюджеттик каражаттардын тиешелүү көлөмү пропорционалдуу азайтылган өлчөмдө ордун толтурууну алууга жазуу жүзүндө макулдук берген калган арыз ээлеринин ортосунда пропорционалдуу кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш.

25. Ордун толтурууну берүү (же жарым-жартылай берүү) жөнүндө Комиссиянын чечиминин негизинде ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган беш жумуш күндүн ичинде тиешелүү буйрук чыгарат. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган арыз ээсинин алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу чыккан күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде колдо болгон финансылык каражаттардын чегинде ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан накталай эмес формада жүргүзүлөт.

 

7-глава. Ордун толтуруу каражаттарын кайтаруу

 

26. Арыз ээси төмөнкү учурларда алынган каражаттарды кайтарып берүүгө милдеттүү:

1) анык эмес маалыматтарды жана (же) жасалма документтерди берүү фактысы аныкталганда;

2) ушул Жобонун шарттарын жана талаптарын бузуу менен ордун толтурууну алганда;

3) ордун толтуруунун бир эле объекти (сертификат/протокол) боюнча башка булактардан (республикалык бюджеттин каражаттарынан же эл аралык гранттык программалардан) кайталап алуу фактысы аныкталганда.

27. Ушул Жобонун 22-пунктунда каралган негиздер аныкталган учурда ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган беш жумуш күндүн ичинде арыз ээсине алынган каражаттарды кайтарып берүү зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө жүйөлүү кабарлама жөнөтөт.

28. Арыз ээси тиешелүү кабарламаны алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ордун толтуруу каражаттарын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине ыктыярдуу түрдө которуу аркылуу кайтарып берүүгө милдеттүү.

29. Белгиленген мөөнөттө каражаттар ыктыярдуу тартипте кайтарылбаган учурда ордун толтурууну берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аларды сот тартибинде мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

30. Кылмыштуу жазалануучу жосундардын же укук бузуулардын белгилери аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган тиешелүү материалдарды Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарына токтоосуз жөнөтөт.

 

8-глава. Каржылоо

 

31. Ордун толтурууну берүүгө чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесине каралган каражаттардын эсебинен жана алардын чегинде жүзөгө ашырылат.

32. Ушул Жободо каралбаган максаттарга бюджеттик каражаттарды пайдаланууга жол берилбейт.