ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-октябры № 349 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315»Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө«Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Жарлыгы

Редакция16.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 16-октябры № 349

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугун мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө системасын өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралардын аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 79 (3839) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров