РаспоряжениеКүчүндө

Распоряжение Кабинета Министров КР 2026-жылдын 10-июлундагы № 516-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 10.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 10-июлу № 516-т

Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына төмөнкү максаттар үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Үчкол-Акшыйрак» (чачыранды алтын) кенинде геологиялык чалгындоо иштерин 1-тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жүргүзүү;

2) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Сарыбулак» (калай) кенинде геологиялык чалгындоо иштерин 2-тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы:

1) ушул тескеменин 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн кен чыккан жерлерди өздөштүрүү башталганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылсын;

2) ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан "Үчкол-Акшыйрак" (чачыранды алтын) кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин координаттары

№

X

Ү

№

X

Ү

1

14306168

4633658

7

14333010

4638750

2

14308540

4633265

8

14316090

4634587

3

14315231

4635563

9

14308281

4631970

4

14330144

4639638

10

14306653

4632284

5

14335186

4642527

11

14306548

4631494

6

14343160

4639258

 

 

 

Аянты 5923,0 га

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан "Сарыбулак" (калай) кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин координаттары

№

X

Ү

№

X

Ү

1

14290880

4616020

5

14301400

4615570

2

14292000

4616300

6

14296180

4613880

3

14296190

4616240

7

14291000

4614100

4

14301400

4617780

 

 

 

Аянты 2375 га