РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 1145-т (Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо тууралуу) тескемеси

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 25-декабры № 1145-т

 

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2026-жылга 52000 адам санында аныкталсын.

2. 2026-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 818-т тескемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-августундагы № 710-т тескемеси;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 1080-т тескемеси.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев